Бишкек 2019 кыргыз тили


Динара Чочунбаева, Кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча Борбордук Азиялык Ассо-



Pdf көрінісі
бет33/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   233
Динара Чочунбаева, Кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча Борбордук Азиялык Ассо-
циациясынын директору:
– Менин ишим каада-салттагы улуттук буюмдарды сактап калуу, чебер-
лер менен иш жүргүзүү болгондуктан, бош убактымда дагы кийиздердин 
оймолорун чийип, жаңы маани берип, чеберлер менен талкуулагандан 
ырахат алам. https://ky.wikipedia.org/ 
3. Айылдагы балдар жайкы бош убактысын кандай өткөрүп жатышат? 
Ильгиз Чалбараковдун сурамжылоосу http://ky.kloop.asia/
Баткендеги Үч-Коргондун мектеп окуучулары жайкы каникулда эс алып жатышат. 
Үч-Коргондогу Жаштар борборунун өкүлү Атабек Ариповдун айтымында, 


3-ТЕМА
41
негизинен жергиликтүү балдар жайкы каникулда ата-энелерине жардам 
берип, же лагерлерде эс алышат. 
«Бизде 5-6-класстар үчүн жайкы лагерлер өткөрүлгөн мектептер бар. 
Ал жактарга көбүнчө жалаң бешке окуган балдар менен аз камсыз болгон 
үй-бүлөлөрдүн балдары бара алышат», – деди А. Арипов.
Амантур Андарак айылында жашайт жана Бектемирден бир класс 
жогорку класста окуйт. Ал жайкы эс алуу убактысын айылдык кабарчы 
болуп иштеп өткөрөт. 
«Азыр Андарак айылындагы кызыктуу жаңылыктарды жазып, көйгөйлөр 
тууралуу айтып келем. Жакында Ысык-Көлгө барганы жатам», – деди ал. 
Жалал-Абад облусу Гүлбайра Терек-Суу айылында 10-классты аяктады. Ал эки жылдан бери 
жайкысын жергиликтүү кафеде официант болуп иштейт. 
«Өткөн жылы да официант болуп иштегем, бул жылы да иштейм, 
ата-энеме ушинтип жардам берем. Кээ бирде үйдөгү жумуштарды жасап
сабактарды кайталайм», –деди ал. 
Ушул эле айылдагы мектептин мугалими Урмат Аширбаев анын 
окуучулары жайында Ысык-Көлгө же жайлоого эс алганды жакшы көрө 
тургандыктарын айтты. 
«Ал эми айылда калгандар Токтогул суу сактагычына барышат. Не-
гизинен балдардын бир азы гана айылда калып, ата-энелерине жардам 
беришет. Техника өнүккөн жана таза аба аз болуп бараткан азыркы 
заманда окуучулардын жайлоодо эс алып, сүт ичкени пайдалуу болот», –
деди ал. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет