Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет35/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   233
4-ТАПШЫРМА
Түрдүү курактагы жана социалдык топтогу 
жарандардын жоопторун чогултуп, окумуштуулар 
адамдардын бош убактысын өткөрүүнүн 
баарынан жагымдуу түрлөрүн аныкташты: 
1. Саякаттоо, экскурсияга баруу, мейманга баруу.
2. Театрга, концертке, дискотекага баруу.
3. Бир нерселерди чогултуу, коллекциялоо.
4. Телекөрсөтүүлөрдү, видеофильмдерди көрүү.
5. Спорт менен машыгуу.
6. Достор менен жолугушуу, кечелерди өткөрүү.
7. Китеп окуу. 
8. Дүкөн жана базар кыдыруу, бир нерселерди сатып алуу.
9. Иштөө (бош убактысында жактырган иши менен алектенүү). 
Силер бош убактыны өткөрүүнүн жагымдуу түрлөрүн кандай иретте 
жайгаштырат элеңер? Эмне үчүн? Жообуңарды негиздеп бергиле.
5-ТАПШЫРМА. 
Гезит кабарчыларынын ролун тандап алып, 
досторуңардан алар бош убактысын кантип 
өткөрө турганын сурамжылагыла
6-ТАПШЫРМА. 
Досуңарга / курбуңарга кеңеш бергиле. Диалогду 
минтип баштагыла:
«… болбойт» же «… туура эмес». 
1. Эртеден-кечке телевизор көргөн … .
2. Калп сүйлөгөн… .
3. Тамеки чеккен … .
4. Сабактарды калтырган … .
5. Жуулбаган жемиштерди жеген … . 
6. Экзаменде толкунданган … .


3-ТЕМА
43
1. Бирөөнүн көзүн караган жаман, балам. Колдон келсе, бирөөнүн көзүн 
караба да, бирөөнүн күнүн өзүңө түшүрбө!
Алды сызылган сєз тизмегинин маанисин аныктагыла.
а) Бирөөнү багуу
б) Бирөөнү тиктөө
в) Бирөөгө карыз болуу
г) Бирөөгө көз каранды болуу
2. Иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнүн талаптары бар.
Кайсы вариантта көрсөтүлгөн талап туура коюлган?


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет