Бишкек 2019 кыргыз тили


өзгөчөлүктөргө таянасыңар? Өз алдынча оюңарды



Pdf көрінісі
бет50/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   46   47   48   49   50   51   52   53   ...   233
өзгөчөлүктөргө таянасыңар? Өз алдынча оюңарды 
жазгыла. Жуптарда ой бөлүшкүлө. Идеяларды 
тизмектегиле
6-ТАПШЫРМА.
Текстти инсерт ыкмасын колдонуп окугула
Кесип тандоо
Адамдар кесиптерин түрдүү кырдаалга жана жеке түшүнүктөрүнө 
жараша тандашат. Себеби кесип жөнүндө толук маалыматка ээ болбо-
гондуктан, алардын ойлору өзгөрүүгө учурап турат. Андыктан кесип тан-
доодогу негизги өзгөчөлүктөр жөнүндөгү маалыматтарды берүүнү туура 
деп эсептедик. Кесип тандоодо төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр эске алынат.
1. Жеке өзгөчөлүктөр: 
y
акылы, 
y
жөндөмдүүлүгү, 
y
кызыгуусу, 
y
кулк-мүнөзү, 
y
жынысы; 
 
y
физиологиялык өзгөчөлүктөрү: жаш, бой, салмак, ден соолугу ж. б. 
2. Үй-бүлөгө таандык өзгөчөлүктөр: 
y
үй-бүлөнүн жашоо (экономикалык) деңгээли, 
y
маданий деңгээли, 
y
үй-бүлөнүн баладан күткөндөрү, 
y
ата-эненин, бир туугандардын кесиптери. 
y
авторитар ата-эне; 
y
кайдыгер ата-эне; 
3. Чөйрөгө жараша өзгөчөлүктөр: 
y
аймактык өзгөчөлүктөр, 
y
технологиялык өнүгүүлөр, 
y
өлкөнүн экономикалык абалы
y
кээ бир аймакта маанилүү, барктуу болгон кесиптер. 
ƒ
„
Эми аталган өзгөчөлүктөрдүн таасирлерин тактап көрөлү
1. Жеке өзгөчөлүктөр инсандын акыл-эсин, үйрөнүү жөндөмүн, түшүнүү, 
кабыл алуу деңгээлин көрсөткөн сапат болуп эсептелет. Кишилер өз 
ара акыл-эс деңгээлине, адамгерчилигине, мүнөзүнө жараша бири-би-
ринен айырмаланат. Бул кызыгуусуна, кабыл алуусуна, билимине да 
таасир тийгизет. Оңой үйрөнүлө турган, ойлоо күчүн анча талап кыл-
баган кесипте иштегендер менен үйрөнүүсү оор жана акыл эмгегин, 
ойлоо күчүн көп талап кылган кесиптерде иштегендердин арасында 
айырма бар. Мисалы, заводдун цехинде ар дайым станоктон бир 
тетикти жасаган жумушчу менен ошол станоктун долбоорун чийген 
инженердин иштери түрдүү ойлоо күчүн талап этет.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   46   47   48   49   50   51   52   53   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет