Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет52/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
60
техника менен иштей турган, саясатка байланыштуу болгон, же күч 
эмгегин талап кылган кесиптерди тандашат. Азыр Германияда жана 
Европанын айрым өлкөлөрүндө, Японияда жалаң гана «айымдарга 
ылайык» болгон, үй экономиясы, токуучулук, тигүүчүлүк, дизайн, 
ашпоздук, балдар бакчасында тарбиячы, башталгыч класстын муга-
лими сыяктуу кесиптер берилет. Кесип тандоодо да маанилүү роль 
ойногон башка бир фактор – физиологиялык өзгөчөлүк болуп эсеп-
телет. Мисалы, кээ бир кесиптерде бою, салмагы, туюу органдарынын 
бешөөнүн тең чың болушу, шамдагайлык ж. б. талап кылынат. Алсак, 
космонавт же учкучтарда көзү курч, ден соолугу чың болушу керек. 
Музыканттарда манжаларынын узун болушу, балерондордо атайын 
окуу жайын бүтүргөнү, артисттерде, мугалимдерде, кабарчыларда, 
кээде саясатчыларда, айрыкча, дикторлордо дикциясынын так, үнү 
жагымдуу болушу талап кылынат.
2. Үй-бүлөгө таандык өзгөчөлүктөр. Үй-бүлөнүн коомдо өзгөчө маани-
си бар. Баланын кесип тандоосунда ар кандай таасири болот. Анын 
дүйнөгө көз карашы, кулк-мүнөзү, баалуулуктары, кызыгуусу, кесиптер 
жөнүндөгү түшүнүктөрү алгачкы ирет үй-бүлөдө калыптанат. Үй-бүлө 
мүчөлөрүнүн кесипке болгон көз карашы абдан маанилүү. Үй-бүлөнүн 
экономикалык жашоо шарты баланын кесип тандоосуна таасир берет. 
Анткени бала мындай учурда өзү каалабаган кесипти тандап, кийин 
өмүр бою кыйналышы мүмкүн. Андыктан, үй-бүлөнүн экономикалык 
абалы жакшырышы мүмкүн деген ишенимди пайда кылуусу зарыл.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим деңгээли. Ата-эне жана бир туугандар 
балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим 
деңгээли, алардын келечек жөнүндө ой жүгүртүүлөрү, кыялдануусу 
балдардын ойлоруна да таасир тийгизет. Ата-эненин балдарга кесип 
тандоодо жардамдашуусу, алар менен кеңешүүсү зарыл. Бул жардам 
бала үчүн өтө маанилүү. Кээ бир ата-эне жоопкерчиликтен качып, 
«өзүң бил» деп, баланы өтө зарыл убакта жалгыз таштап койсо, кээде 
баласынын эмнеге шыгы бар экенин жакшы билбегени үчүн туура 
эмес көз караштар пайда болобу деп коркушат. «Өзүң бил» деп балага 
ушундайча жардам берип жатабыз, тоскоол болбодук», – деп ойлошот.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет