Бишкек 2019 кыргыз тили


-тыным. – Үнөмчүлдүк деген эмне?  – Силер бул айтылгандарга кошуласыңарбы? Эмне үчүн? – Терс сапаттардан кантип арылыш керек? III



Pdf көрінісі
бет58/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   233
2-тыным. – Үнөмчүлдүк деген эмне? 
– Силер бул айтылгандарга кошуласыңарбы? Эмне үчүн?
– Терс сапаттардан кантип арылыш керек?
III
Ал эми эски кийимдерчи? Модадан чыкса эле жаңы пальто, көй-
нөк, юбка, шым сатып алышат. Ойлоп тапкычтык менен ал кийимдерди 
жаңыласа болот. 
Өз үйүңөрдү карап көргүлөчү: ашканада суунун чоргосун жапканда 
көңүл койбой чала жаап, суу тамчылай берет. Биздин өлкөдө таза суу-
ну колдонуу үчүн болбогон акча төлөйбүз, ал эми Европада таза суу 
жетишпегенден аны сатып алышат. Үйлөрдө электр жарыгын өчүргөндү 
унутуп коюшат, бүт өлкө үчүн бул ири өлчөмдөгү чыгаша. 
Суу түтүгү, электр жарыгы, нан, подъезддин дубалдары, лифт, китептер, 
дептерлер, отургучтар, кийимдер – мунун баары көптөгөн адамдардын 
эмгеги жана убактысы. Эгерде биз аларды, өзүбүздү сыйласак – булар-
дын баарын сактайлы. 
3-тыным. – Модадан чыккан пальто, көйнөк, юбка, шым силерге жагабы? Кий-
имдериңер жаңы кезинде эле кийилбей калган учурлар болобу? 
Ал кийимдерди кантип жаңылап кийсе болот? 
– Силер суунун чоргосун жакшылап жабасыңарбы? Үйдөн чыкканда 
электр жарыгын өчүрөсүңөрбү? Бул нерселер маанилүүбү? 
– Оюңардын туура экенин далилдеген сүйлөмдөрдү тексттен тапкыла. 
IV
Илимий-техникалык революциянын мааниси адамдардын күчүн жана 
эмгегин үнөмдөө болуп эсептелет. Илимпоздор, инженерлер жүк ташуунун 
ылдамдыгын чоңойтуп, унааларды жакшыртып жатышат. Мурун жумалап, 
айлап жүргөн алыс жактарга учактар азыр бир нече саатта жеткирет. 
Почтанын ордуна мобилдик телефондор, радио, телевидение алмашты. 
Бирок машиналар баарын жасай алышпайт. Аларга адамдардын үнөм-
чүлдүгү, кылдат мамилеси керек.
3-ТАПШЫРМА. 
Тексттин ар бир абзацына тема тандагыла. 
Тандооўорду негиздегиле 


4-ТЕМА
67


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет