Бишкек 2019 кыргыз тили


Текстти түзүүдө төмөнкү баалоо критерийлерин пайдалангыла



Pdf көрінісі
бет60/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   233
Текстти түзүүдө төмөнкү баалоо критерийлерин пайдалангыла:
1. Мазмуну так, толук ачылган.
2. Текстте каталар жок же каталар тексттин мазмунун түшүнүүгө тоско-
олдук кылбайт. 
3. Көлөмү 8–10 сүйлөмдөн ашпаган.


КЫРГЫЗ ТИЛИ
68
8-ТАПШЫРМА. 
Кыргызстанга кайсы кесиптин ээлери абдан 
керек? Эмне үчүн? Кайсы керектүү кесиптер 
сүрөттө жок?
ƒ
„
Тема боюнча окуп-үйрөнгөн материалды баалагыла
Нан жөнүндө уламыш
Илгери-илгери эгин баккан бир да дыйкан болбоптур. Ал кезде 
адамдар тегирменди да билишпептир. Нан өзүнөн-өзү бышып калчу экен. 
Бекерге көнгөн балдар нандан кээде топ жасап ойношчу болушат. Кай 
бирде нанды чалчык сууга ыргытып да салышчу экен. 
Тентек балдардын мындай жоругу дан аттуунун баарын аябай таа-
рынтыптыр. Күндөрдүн биринде буудай дандарды чогултуп:
– Мындан көрөкчө көз көрбөгөн жакка кетели! – дейт. Ызаланган 
дандардын баары буудайдын пикирин жакташат. Нан да тигилердин 
пикирине кошулат.
Убада боюнча бардык дандар, андан жасалган таттуу нандар көк 
деңизди көздөй жол тартышат. Деңизге эптеп жетип алышса, түбүнө 
түшүп, бекинип алышмак. Жолду баарынан улуусу арпа баштайт. 
Нанды тебелеп ойногон тентектер ошол кырсыктуу түндө бейкапар 
укташат. Адаттагыдай чак түштө ойгонушуп, беттерин жуубастан нан салган 
чыгданга чуркашат. Мына кызык! Тентектер нан таппай калат. Бадырак 
жейли десе, бир да дан жок. 
Ошондо нан издеген балдарга чоң эне мындай дейт:
– Дандардын, нандардын бизден качып кетишине өзүңөр күнөөлүүсүңөр, 
балдарым. Силер кесир кылып, аларды кордобосоңор баары тең мурдагыдай
Билгендерим мага
керек болот. 
Маалыматты
иштеп чыгам.
Баарын
ыргытам.


4-ТЕМА
69
ушул жерде болушмак. Эми эр болсоңор нан таап көргүлө. Тезинен ба-
рып, Акыл чоң атаңардан эмне кылуу керектигин сурагыла. 
Акыл атага баруучу жол өтө татаал эле. Арга канча, кыйынчылык ме-
нен араң таап барышат. Балдардын келген себебин Акыл ата айттырбай 
билет. Тентектерге өтө нааразы экендигин айтат. 
– Болор иш болду. Күнөө өзүңөрдө. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөйлү. 
Баарыбыздын тагдырыбыз өз колубузда. Азыр да кеч эмес, дандар көк 
деңизге чөгүп кете электе жетип барып, кечирим сурагыла. Ансыз алар 
кайра кайрылбайт. Анда эле силер элдин убалына каласыңар. Данды 
таарынтпагыла, – дейт. 
Эстүү балдар жаңылыштыгын моюндарына алып, дароо көк деңизди 
көздөй чуркашат. Жетип барышса, дандар көк деңизге чукулдап ка-
лышыптыр. 
Балдар ыйлакташып, кечирим сурашып, экинчи кайталабайбыз деп 
убада беришет. Анан дандар өз-ара сүйлөшүп, кайра артка тартышат.
– Эми, – дейт чоң ата балдарга, – ким эмгектенбесе, ага дан жок. 
Дан жок болгон соң, нан да болбойт. 
Ошол күндөн баштап, алиги балдар дыйканчылыкты кесип кылып, 
эгин эгип, ун тартып, нанды кадырлап, жерге таштабай калышыптыр.
«Нанды кордобогула, кесир болот», – деген накыл сөз ошондон кал-
ган экен. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет