Бишкек 2019 кыргыз тили


Тил билүү деңгээлдеринин системасы



Pdf көрінісі
бет6/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   233
Тил билүү деңгээлдеринин системасы .................................................................................................................... 261
Колдонулган адабияттар  ................................................................................................................................................... 262
Колдонулган иллюстративдик материалдарга шилтемелер  ....................................................................... 263
Тестке даярданабыз
ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕР
Чакырык
Эсиңерге туткула!
Суроолорго жооп бергиле
Уккула!
Текст менен иштегиле
Лексика-грамматика 


5
АВТОРЛОРДОН
Кымбаттуу жогорку класстын окуучулары!
Силердин колуңардагы колдонмо жогорку класстарда кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнү 
улантуучулар үчүн атайын жазылган. Бул курс мектептин негизги материалдарын кай-
талоого, монологдук, диалогдук кеп ишмердүүлүгү боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүгө 
жардам берет. Байланыштуу кеп түзүү – жакшы сүйлөй алуу (айтып берүү, маектешүү, 
дискуссия жүргүзүү), угуу жана укканын түшүнүү, жазуу (жазуу түрүндөгү текст түзүү), 
окуу жана окуганын түшүнүү. Мунун баарына туруктуулук, өжөрлүк, чыдамкайлык 
менен окуп-үйрөнүү керек.
Бардык сабактар кыргыз тилинде гана жүргүзүлөт, ошондо силер кептин кыргыз-
ча туура айтылышына көнүп, тилдик тоскоолдуктан тез арыла аласыңар. Сабактарда 
силерге сүйлөөгө көп мүмкүнчүлүктөр берилет, сүйлөшүү учурунда грамматикалык 
конструкцияларды кебиңерге кошуп, өз оюңарды ачык айтып үйрөнөсүңөр. Силерди 
мугалим ар кандай темада сүйлөөгө гана үйрөтпөстөн, кебиңердин тууралыгын да 
көзөмөлдөйт.
Сабактын мазмуну таанып-билүүчү материалдарга багытталган; машыктыруучу тапшы-
рмалардын комплекси кыргыз тилинде активдүү баарлашууну жөнгө салат; тексттер 
дискуссия жана аңгемелешүү жүргүзүү үчүн пикир алышуу материалынын кызматын 
аткарат. 
Курста сунуш кылынган ар бир тема төмөнкүлөрдү камтыйт:
– лексика-грамматикалык көндүмдөрдү калыптандыруучу тапшырмалардын ком-
плексин;
– угуп түшүнүү, сүйлөө, окуп түшүнүү жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруучу 
тапшырмалардын комплексин;
– аудио-видео материалдар: үн жаздыруу, көркөм фильм, видеороликтерди;
– өз алдынча иштөө боюнча тапшырмаларды;
– тестирлөөгө даярдоо үчүн машыктыруучу тапшырмаларды.
Сабакта силерге берилгендердин баары практика жүзүндө максималдуу колдонууга 
багытталган нерселер.
Жыйынтыгында силер кыргыз тилиндеги керектүү деңгээлге (чет тилдерин билүүнүн 
европалык шкаласы боюнча В1 деңгээлине) ээ боло аласыңар.
Курсту өздөштүрүү процессинде төмөнкүлөрдү үйрөнөсүңөр:
– өзүңөр жана өз үй-бүлөңөр жөнүндө кыргызча айтып берүү;
– турмуш тиричилик кырдаалдарында маек кура алуу;
– окууда же иште эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүү;
– негизги жашоо чөйрөлөрү менен байланышкан маалыматты угуп түшүнүү;
– жөнөкөй суроолорду колдонуу менен маектешүүчүдөн керектүү маалыматты 
сурап билүү;
– кызыктырган бир тема боюнча өз пикири менен бөлүшүү;
– сүйүктүү китебиңер же кино тасмаңар тууралуу аңгеме куруу;
– алдын ала даярдыксыз түрдүү темаларды талкуулоо;
– байланыштуу текст түзүү;
– түрдүү типтеги жана мүнөздөгү тексттерди окуп түшүнүүгө жана түзүү (мисалы, 
аңгеме, интервью, диалогдор, баяндамалар);
– тиги же бул маселелер боюнча өз көз караштарын аргументтеп берүү;
– сиздерди кызыктырган ар кандай темада кенен маалыматтарды түзүү жана 
түшүндүрмө берүү;


– грамматика боюнча практикалык тапшырмаларды аткаруу көндүмдөрүн машы-
ктыруу;
– окшоштуктар боюнча тапшырмаларды аткаруу;
– сүйлөмдөрдү мааниси жана грамматикалык жактан толуктоо;
– текстти окуп түшүнүү боюнча тапшырмалардагы суроолорду талдоо;
– тексттен керектүү маалыматты иргеп алууга;
– текстти окуп түшүнүү боюнча тапшырмаларды, суроолорду талдоого ж. б.
Бул колдонмо боюнча иштеп жатып, маалыматты пассивдүү кабыл албастан, активдүү 
баарлашууга аракет кылгыла. Ошол учурда мектептеги кыргыз тили сабактарында 
сунушталган коммуникативдик тапшырмаларды да, ошондой эле чыныгы турмушта 
баарлашуу процессинде кездешкен маселелерди да ийгиликтүү чече аласыңар.
Кымбаттуу жогорку класстын окуучулары, силерге кызыктуу чыгармачылык ийги-
ликтерди каалайбыз! Ишиңер илгери болсун! 




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет