Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет57/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   233
в) Чиркөөгө барып келген устанын аялы жарыяны угуп «Ошол капты 
биз таап алсак кандай сонун болор эле. Бизге жүз алтын беришет 
болчу» дейт.
г) Чиркөөгө барып келген устанын аялы жарыяны угуп: Ошол капты 
биз таап алсак кандай сонун болор эле. Бизге жүз алтын беришет 
болчу, – дейт.
КЕСИП ТАНДООДОГУ
МААНИЛҮҮ САПАТТАР
3
– Кесип тандоодо кайсы сапаттар маанилүү деп ойлойсуңар? Эмне 
үчүн? 
– Ал маанилүү сапаттар силерде барбы? 
– Үнөмчүлдүк деген эмне? 
– Үнөмчүлдүк маанилүү сапат болуп эсептелеби же жокпу? 
– Эмнелерди үнөмдөсө болот? Эмнелерди үнөмдөсө болбойт? 
– Үй-бүлөлүк бюджетке үнөмчүлдүк сапаты канчалык деңгээлде 
пайдалуу деп ойлойсуңар? 
– Эмне үчүн үнөмдөш керек?


4-ТЕМА
65
1-ТАПШЫРМА. 
Сүрөттү карагыла. Бул сүрөттөрдү бириктирген 
эмне деп ойлойсуңар? Өз оюңар менен жуптарда 
бөлүшкүлө
2-ТАПШЫРМА. 
Текстти тыным менен окугула
Үнөмчүл болгон пайдалуу
I
Ата-энем мага күнүмдүк майда чыгымдарга акча берип турушат. 
Ал акчаларды үнөмдөп, досторум менен киного барам. Ашыкча чыгым 
кылып, ата-энемди кыйнагым келбейт. 
Апама 8-март майрамына кооз гүлдесте белек кылсам, апам аябай 
таң калды. Үнөмдөгөн акчама сатып келдим десем, апам сүйүндү. 
Менин досторум ата-энем көп акча бербейт, кымбат кийим сатып 
бербейт деп арызданышат. Өздөрү колундагы акчасын керексиз буюмдар-
ды сатып алып коротушат. Мен досторумду акчаны үнөмдөп колдонууга 
чакырам. Себеби биз өзүбүз иштеп, акча таба элекпиз. Акчаны жөн эле 
коротсок, анда ата-энебиздин эмгегин сыйлабаган болобуз. Ал эми үнөм-
чүл болгонду үйрөнсөк, бул келечегибизге пайдалуу. 
1-тыным. – Силер ал акчаларды кантип колдоносуңар? Эмне үчүн? 
– Эгерде акчаны үнөмдөбөсө, анда эмне болот?
– Үнөмчүл болгон жакшыбы? Эмне үчүн? 
– Бул баланын жоруктары силерге жактыбы? Эмне үчүн?
– Ушул бала сыяктуу силер апаңарга белек кылдыңар беле?
II
Үнөмчүлдүк – бул жакын туугандарыңа да, тааныш эмес адамдарга да 
кам көрүү. Ал бала кезде майда нерселерден башталат да, мамлекеттик 
масштабдагы мааниге ээ болот. 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
66
Мисалы, окуучу тапшырма аткарып жатып, туура эмес жасап алды 
дейли. Ал каталарды сызып өчүрдү, дептердин бетин булгады! Анан 
жаңы дептер баштады, булганган дептердин барактарынын жарымы таза 
бойдон ыргытты. (Кээ бир гана окуучулар дептердин таза барактарын 
черновикке колдонушат.) Класста 30 окуучу бар, алардын он беши деп-
терин таза барактары көп бойдон ыргытып салышат. Беш сабактан эле 
ушинтип 15 дептерден ыргыта беришсе, мектеп боюнча 20 класс бар 
болсо, анда 1 500 дептер ыргытылат. Ал эми биздин өлкөдө канча мектеп 
бар, билесиңерби? Бул эмне, болбогон эле нерсеби, азбы? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет