Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет59/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   233
4-ТАПШЫРМА
Кайсы кесиптин ээлери үнөмчүлдүк жөнүндө 
өзгөчө көп ойлонушат деп ойлойсуңар? Эмне 
үчүн? Жуптарда кеңешкиле, жалпы топто 
ойлоруңар менен бөлүшкүлө
5-ТАПШЫРМА. 
Төмөнкү эссени окугула, суроолорго жооп 
бергиле
Мен чоңойгондо кайсы кесипке ээ болууну чече элекмин. Кесип тан-
доо – жөнөкөй иш эмес. Себеби дүйнөдө абдан кызыктуу кесиптер көп 
да. Балким мен врач болуп, эң жаман ооруларды айыктырам. Же космос 
мейкиндигин аралап, ааламга саякаттайм. А балким, биздин планетанын 
сырдуу жерлерин изилдейм, же болбосо буудай өстүрүп, нан бышырам. 
Илимпоз болуп, энергиянын жаңы түрүн табам, же апамдын ордуна аш-
канада тамак жасай турган роботту ойлоп табам. 
Мен азыр болгону … класстын окуучусумун, келечекте кандай кесипке 
ээ болоорумду айтуу мен үчүн кыйын. Бирок мен адамдарга пайдалуу 
эмгектенем, ошондо мектептен алган билимим мага жардам берерин билем. 
– Кесипти тандоо чын эле оорбу? Эмне үчүн?
– Врач эмне кылат? Илимпоз эмне кылат? Космонавтчы?
– Эгерде окуучу мектепте жакшы окуса, анда келечекте мыкты эмгектене 
турганына кошуласыңбы? Эмне үчүн? 
– Бул окуучу канчанчы класста окуйт деп ойлойсуң? Эмне үчүн?
6-ТАПШЫРМА. 
Тексттин каарманына мүнөздөмө бергиле, 
таблицаны толтургула
Каарманга ат кой
Сырткы келбетин 
элестетип, жаз
Ал азыр кандай 
окуучу?
Ал келечекте кандай адам болот 
деп ойлойсуң? Эмне үчүн?
7-ТАПШЫРМА. 
Мен кайсы кесипти тандайм? Суроолорго жооп 
бергиле, чакан текст түзгүлө
y
Сен кайсы сабактарды өзгөчө жакшы окуйсуң?
y
Келечектеги кесибиң ошол предметтер менен байланыштуубу?
y
Кайсы кесипти тандадың? Эмне үчүн? 
y
Өзүңө кыскача мүнөздөмө бер. Сенде кайсы сапаттар бар?
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет