Бишкек 2019 кыргыз тили


КЫРГЫЗ ТИЛИ 76 12-ТАПШЫРМА



Pdf көрінісі
бет67/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   63   64   65   66   67   68   69   70   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
76
12-ТАПШЫРМА. 
Текстти окугула. Тексттин негизинде музыканы 
угууга жогорку үлгүдөгүдөй кеўеш бергиле
Иоганн Себастьян Бах, Вольфганг Амадей Моцарт, Людвиг ван Бетховен, 
Пётр Ильич Чайковский, Эдвард Григ, Роберт Шуман, Сергей Рахманинов
Сергей Прокофьевдин музыкалары – булар олуттуу музыкалар. Аны 
түшүнүүгө музыканы үйрөнүү керек, бул ар бир адамдын колунан келет. 
Олуттуу музыка менен таанышууга акырындап даярдан, композитор жана 
анын заманы тууралуу билүүгө аракеттен, эгерде музыка адабий чыгармага 
негизделип жазылса, аны окуп чык. Бала кезиңен эле анча татаал эмес 
классикалык музыканы уга жүр. Мисалы, П. Чайковскийдин «Неаполитан 
ыры», «Кичинекей ак куулардын бийи», Бетховендин «Суур», Прокофьев-
дин «Петя менен карышкыр» аттуу жомок симфониясын жакшы көрүп 
угууга аракеттенгениңер дурус. Бул болсо кийин опера, балеттерди, хор 
чыгармаларын, симфониялык жана айрым бир аспаптар үчүн жазылган 
соло чыгармаларды түшүнүүгө жакшы негиз болот. 
13-ТАПШЫРМА. 
П. И. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинен 
«Кичинекей ак куулардын бийи» музыкасын 
уккула. Бул музыканын кайсы түрүнө кирерин 
3–4 далил менен жазгыла
https://www.youtube.com/watch?v=g4_tFzuGpzk П. И. Чайковскийдин 
«Ак куу көлү» балетинен «Кичинекей ак куулардын бийи» музыкасы. 
14-ТАПШЫРМА. 
Ушул эле музыканы балет искусствосунда 
кандай колдонулгандыгын дагы бир жолу угуп-
көрүп, досторуңарга бул музыканы угуп-көрүү 
үчүн 3–4 аргумент менен эскертүү жазгыла
П. И. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинен «Кичинекей ак куулар-
дын бийи» музыкасы, балети менен. 
Үлгү: Унутпа! … жакшы болмок … . … болот эле. 
Кел, чогуу ойлонуп көрөлү. Балким, … … чыгар / болор.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   63   64   65   66   67   68   69   70   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет