Бишкек 2019 кыргыз тили


өнөрүнүн күлүгүн узакка чабабыз деп ойлочумун, …оорунун дартынан



Pdf көрінісі
бет70/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   66   67   68   69   70   71   72   73   ...   233
өнөрүнүн күлүгүн узакка чабабыз деп ойлочумун, …оорунун дартынан 
ал кинодон алыстай түштү, …Чынгызхандын ролун аткармак, …Манасты 
да Сүймөнкулга ойнотсом деп болжогом» деген.
«Караш-Караш окуясы» (1968) фильминде Бактыгулдун, «Жамийла» 
фильминде (1969-жылы) Даниярдын, «Атайын комиссарда» (1970-жылы)
Хожаевдин, «Касиеттүү Ысык-Көлдө» (1971-жыл) Карабалтанын, «Дерсу 
Узала» (1975) фильминде Чжан Баонун, «Кызыл алмада» (1975) Темирдин, 
«Улан» фильминде (1977-жыл) Азаттын, «Каныбекте» (1978) Жолойдун, ж. б. 
образдарын жараткан.
2
С. ЧОКМОРОВ – АКТЁР,
СҮРӨТЧҮ


5-ТЕМА
79
3-ТАПШЫРМА. 
Көп чекиттин ордуна -га мүчөсүн улап жазгыла
1992-жылдын сентябрь айына чейин жалпы наркоз менен бөйрөгү…, 
кан тамырлары… 56 жолу оор жана кымбат операция жасалган. С. Чок-
моров ооруп кыйналганы… карабай, сүрөт жаратты, кино… тартылды. 
Ал – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк арена… 
алып чыккан инсандардын бири. Сүймөнкул экөөбүз кино өнөрүнүн 
күлүгүн узак… чабабыз деп ойлочумун. Чыңгызхан, Темирландын рол-
дорун аткарсам деген ойлору иш… ашкан жок. 
4-ТАПШЫРМА. 
«Сүймөнкул Чокморовдун ден соолугу чың 
болгондо…» деген темада ой жүгүртүү
эссесин жазгыла. Эссеге нускама:
Киришүү бөлүгүндө С. Чокморовдун ооруларына карабай, кино жана 
сүрөт искусствосуна кошкон салымы тууралуу;
Негизги бөлүгүндө С. Чокморовдун ден соолугу чың болгондо сүрөт 
жана кино искусствосуна кандай салымдарын кошо тургандыгын, андан 
эл кандай таасирленерин жана ага берер баасы жөнүндө;
Жыйынтык. Таланттуу актёр, чебер сүрөтчү боюнча жалпы жыйынтык 
чыгаргыла.
Ой жүгүртүү эссени баалоо критерийлери


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   66   67   68   69   70   71   72   73   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет