Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет69/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   65   66   67   68   69   70   71   72   ...   233
17-ТАПШЫРМА
Сөздөрдү мүчөлөрүнүн окшоштугуна карай 
бөлүштүргүлө
Бүбүсаранын, бийчиликти, талантынын, 1943-жылдын, сахнаны, В. Фе-
ренин, балетине, Зайнуранын, ролуна, ролдорун, аткарууну, жөндөмдүн, 
көрсөткөндү, ойногонун, чыгармасы, дүйнөнү, элдерин, көрсөтүлгөнүн, 
кайсыны, «Чолпон» балет-фильми, «Анар» партиясы, бийчилер. 
18-ТАПШЫРМА. 
М. Раухвергердин «Чолпон» балетиненен 
үзүндү көргүлө: https://www.youtube.com/
watch?v=b0mz5izVidE. Анын негизинде досуңарга 
театрга барууга же барбоого кеңеш бергиле
ƒ
„
Төмөнкү таянычтарды пайдалангыла: 
Мен (кимге) + (эмне кылууну) сунуштайм. Мен сага … сунуштайм. 
Мен сени (эмне кылсаң), жакшы болот, деп ойлойм. Мен сени … ­саң, 
жакшы болот, деп ойлойм. 
(ким), + эмне кыл. 
Алманбет, театрга барып эс алсаңчы. Досум, театрга жөнө. 
(Ким) (кимге) + эмне кылууну + сунушта­. 
Мен курбума / досума Бүбүсара Бейшеналиева бийлеген белгилүү «Чол-
пон» балети тууралуу фильмди көрүп чыгууну сунуштайм. Себеби, миң 
уккандан көрө, бир көргөн жакшы.


78
1-ТАПШЫРМА. 
Сүрөтчү, киноактёр, муун оорусу, дублёр-
каскадёрсуз, кан тамыр, спорт чебери,
56 жолу, операция, биринчи байге деген 
сөздөрдү колдонуп, текст түзүп, окуп бергиле
2-ТАПШЫРМА. 
Текстти окугула. Сүймөнкул Чокморовдун эрки 
күчтүү, керемет актёр жана сүрөтчү экендигин 
4–5 мисал менен айтып бергиле
С. Чокморов актёр жана сүрөтчү
Сүймөнкул Чокморов (09.11.1939–26.09.1992) – дүйнөгө белгилүү сүрөт-
кер, залкар киноактёр, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин 
Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Эл депутаты, 
көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, Республикалык сыйлыктардын, баш 
байгелердин ээси, жыйырмадан ашык кинотасмаларда башкы ролдорду 
ойногон. Ал көркөм сүрөт (пейзаждык жана портреттик жанр) жана 
графика түрүндөгү 800гө жакын чыгарманын автору. 27 полотносу дүй-
нөнүн атактуу музейлеринде илинип турат. 
Ленинграддагы көркөм сүрөтчүлөр академиясын 1964-жылы бүтүр-
гөн. Волейбол боюнча спорт чебери, Кыргызстандын жана Ленинград 
шаарынын курама командасында ойногон.
Сүймөнкул Чокморов 15 жашына чейин муун оорусу менен ооруган. 
Туулгандан баштап бир бөйрөгү болгон эмес (поликистоз). Ушуга кара-
бай өзүн аябастан иштеп, ролдорду дублёр-каскадёрсуз ойногондуктан, 
1982-жылы апрель-май айларында бөйрөктүн катуу оорусуна чалдыгып, 
өпкөсүнө суук тийген. 1992-жылдын сентябрына чейин жалпы наркоз 
менен бөйрөгүнө, кан тамырларына 56 жолу оор операция жасалган.
С. Чокморов ооруп кыйналганына карабай, сүрөт жаратты, киного 
тартылды. Ал – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүй-
нөлүк аренага алып чыккан инсандардын бири. Эркектин ролун мыкты 
аткаргандыгы үчүн Эл аралык жана СССРдин кинофестивалдарында беш 
жолу катары менен биринчи байгени жеңип алган. Оорунун азабынан 
С. Чокморовдун көп кырдуу таланты толугу менен ачылбай кетти, Манас, 
Чынгызхан, Темирландын ролдорун аткарсам деген ойлору ишке ашкан 
жок. Бул тууралуу кинорежиссер Т. Океев: «…Сүймөнкул экөөбүз кино 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   65   66   67   68   69   70   71   72   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет