ТИРКЕМЕ
221
15
20
25
30
35
40
45
50
55
түшкөн муң-зар анын качандыр бир
кезде жасаган ыплас ишинин кесепети
деп билишкен. Табияттын сулуулугун бузуу
элдин түшүнүгүндө туура эмес нерсе
болгон. Анткени, көчмөн эл табиятты
өзү менен бир деңгээлге койгон.
Too жаныбарлары төлдөгөн учурда
мергенчиликке
чыгуу табият алдында
эртедир-кечтир сөзсүз жооп бере турган
чоң кылмыш катары эсептелген.
Табият менен мындай жуурулушуу
кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүндө, оюу-
чиймелеринде өзгөчө орунду ээлеген.
Элдик кол өнөрчүлөр күнүмдүк жашоодо
колдонулуучу буюмдун баарын оюу-
чиймелер менен кооздоп, ар
бири
ага өзүнүн жаңылыгын кошуп, оюу-
чиймелердин, өң-түстөрдүн жаңы
айкалыштарын жаратып, алардын
ар бирине маани-мазмун беришкен.
Оюулардын ар биринен адам менен
табияттын гармониясы чагылганын
көрүүгө болот. Кызыгы – байыркы
заманда элдик
уздар атайын эскиздерди
колдонбой туруп, түркүн оюуларды
чийип, ага өздөрүнүн дүйнө таанымын,
түшүнүгүн сыйдыра билишкен. Ошонун
негизинде элдик уздар сейрек кездешүүчү
буюмдарды жаратышкан. Оюунун ар
тараптуулугу, өңдөрдүн айкалышып
тургандыгы автордун жан дүйнөсүнүн
тереңдигин айгинелеген. Мыкты уз эл
ичинде
бийик кадыр-баркка ээ болуп,
жасаган буюм-тайымы элдик казынага
айланган.
Учурдагы кыргыз оюуларынын негизи
коло доорунда түптөлгөн. Ал кездеги
оюуларда жаа тарткан мергенчи, жарым
тегерек асман, жер, жылуулук берген
күн, жаныбарлар, өсүмдүктөр даана
чагылдырылган.
Убакыт өткөн сайын бул
оюулар жаңы идеялар, түстөр менен
толукталып келген. Азыркы оюулар
байыркы оюуларга окшошпогону менен,
ошол оюулардагы негизги идея ушул
күнгө чейин жетги.
Кыргыз
оюуларында уздар кармана
Достарыңызбен бөлісу: