155 160 165 170 175 180 185 190 195 болгон, ошондой эле ал көп убакытты
жана зор күч-аракетти сарптоону талап
кылган. Бирок чеберлердин өздөрүнүн
турмушундагы ишине жасаган ынтаасы
жана берилгендиги кооздукту жарата
билүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошондуктан
кыргыздардын көптөгөн салттуу мыкты
буюмдары улуттук колоритти сактоо
менен учурдун
эстетикалык талаптарына шайкеш
келет. Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн
чыгармачылыгы өз алдынчалыгы менен
айырмаланат, aнткени алар элдик
салттарды, ыкмаларды, өнөрдүн түрлөрүн
так сакташат. Алар кичине эле каражат
менен чоң көркөм маанилүүлүккө
жетише алышат. Элдик чеберлерде,
айрым учурларды эске албаганда,
трафареттин жоктугу таңгалыштуу факт
болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн эң
сонун, кайталангыс чыгармаларын
күчтүү өнүккөн образдуу ойломунун,
чен-өлчөмдү жана шайкештикти сезе
билүүсүнүн натыйжасында жаратышат.
Күчтүү эске тутуу жөндөмү, бир көрүү
менен эле чагылдырган көркөм көчөт
жана түстүк жасалгалар чеберлердин
чыгармачыл изденүүлөрүнүн ажырагыс
бөлүгү болуп саналат. Ар бир жасалган
буюм көркөм көчөт менен кооздолот,
ал бүтүндөй бир дүйнөнү – кооздук
дүйнөсүн элестетет. Саймаларда
оюу-чиймелер кыйла динамикалуу,
зергерчилик өнөрдө же токуучулукта
көркөм көчөттүн формасы кыйла
туруктуу, так жана даана. Көп учурда
көркөм көчөттүн үлгүлөрү жаныбарлар
жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн
тиричиликтин буюмдарын чагылдырат.
Кыргызстандын жаратылышы карама-
каршылыктуу жана кереметтүү: суук,
катаал климат, мелүүн алкак, аппак
шалбаа, токойлор менен алмашат;
тоолордо укмуштуудай кооз,
көздүн жоосун алган көгүлтүр көлдөр
ТИРКЕМЕ 223
мөлтүрөйт, алардын ичинде өлкөнүн
бермети болгон Ысык-Көл, ак мөңгүлүү
Ала-Тоосу да бар. Мына ушулардын
бардыгы «Өнөрүң болсо өргө чап» деп,