60 65 70 75 80 85 90 95 100 105 турган белгилүү тартип жок болгону
менен, алардын негизги принциптери
алигүнчө бекем сакталат. Аларда
түстөрдүн тең салмактуулугу, айкалышы
жана табият сыяктуу гармонияда болушу
талап кылынат.
Элдик оюулардын эң негизги өз-
гөчөлүгү – карама-каршы келген
түстөрдүн бири-бирин толуктап турушу.
Бул өз ичине «жалган дүйнөдөгү» кайчы
келген эки күчтүн тең салмактуулугунун
чексиздиги тууралуу идеяны камтыйт.
Адегенде кыргыз оюулары кандайдыр
бир заттарды, буюмдарды чагылдырса,
убакыт өткөн сайын өнүгүп, татаал,
түшүнүүгө оор формаларга өтө баштаган.
Учурдагы оюулар абстракттуу
философиялык идеяларды туюндуруп
турушат. Белгилүү «инь-ян» белгисинин
өзөгүн кытай философиясы жараткан
деген көз
караш бар. Ал эми Кытайдын көркөм
искусствосунда эки түстүн гармониясы
деген принцип жок. Айрым иликтөөлөр
боюнча «инь-ян» белгиси биринчи жолу
Кытайда эмес, Алтайда табылган. «Инь-
ян» белгисин кыргыз оюуларынын ар
бир композициясынан тапса болот. Бул
белги – карама-каршы түшүнүктөрдүн
ажырагыс биримдигинин символу. Эки
күч дайыма бири-бирине
тартылып, натыйжада бирдиктүү феноменди
жаратат. Бирок ошол эле учурда алардын
ар биринин өз жолу жана мааниси бар.
Оюулардын дээрлик бардыгы
майрамдык маанайдагы ачык түстөр
менен берилиши салтка айланган. Элде
оюулардын сыйкырдуу күчү үй-бүлөнүн
кутун, тынчтыгын жана жаман көздөрдөн
сактайт деген түшүнүк бар. Түркүн
оюулар менен кооздолгон үйдө көзгө
көрүнбөгөн күч жашайт, ал күч адамга
дайыма жаркын үмүттөрдү, таттуу
кыялдарды тартуулайт, ал эми жашоонун
терең гармониясы өкүм сүргөн үйдө эч
качан чыр-чатак болбойт деген ишеним
жашап келет.