КЫРГЫЗ ТИЛИ 222
Ы. Кадыровдун «Элдик өнөр» макаласы боюнча
2-үзүндү 110 115 120 125 130 135 140 145 150 Кыргыз элдик өнөрү – өткөн мезгилдин
байыркы көркөм мурастарынын бири.
Ал турмуштук тажрыйбадан келип чыгып,
элдин тиричилиги, анын үрп-адаттары
жана салт-санаалары менен түздөн-түз
байланышкан.
Кыргыздын энциклопедиялык
чыгармасы болуп эсептелген «Манас»
эпосунда да түрлөнтүп сайма сайган,
турмуш-тиричилик буюмдарын көркөмдөп
жасаган, аялзатынын жасалгалары менен
кийим-кечелерин миң түргө келтирип
кооздоп, эр буюмдарын келиштире
жасаган элдик уз-усталар,
чеберлер жөнүндө кеңири айтылат.
Байыркы мезгилде үй-бүлөлүк
деңгээлдеги кесиптин жана кол
өнөрчүлүктүн мааниси абдан чоң болгон,
алар өз алдынча тармак боло албаса да,
айыл чарбасын жүргүзүүдө зор мааниге
ээ болгон. Эл ичинен чыккан чеберлер
мал асырап, аны мезгилге жараша
жайыттарда багышкан, жер айдап,
өстүрүшкөн, тиричилик буюмдарын
жасалгалоо жөнүндө кам көрүшкөн.
Колунан көөрү төгүлгөн элдик
чеберлердин жасагандары негизинен
үй-бүлөнүн муктаждыктарын
канааттандырган. Ошол учурда эле
адамдар айрым буюмдарды алмашышкан,
кийинчерээк базарларда сатышкан,
айрымдар атайын өздөрүнө керектүү
буюмдарды жасатып алышкан. Үй
тиричилик буюмдарын жана
жасалгаларды даярдоодо мал чарба
продукциясы: жүн, тери, мүйүз кеңири
пайдаланылган. Айлана-чөйрөдө өскөн
өсүмдүктөр: бак-дарак, бадал, тамыр,
жалбырак, чий дагы элдик чеберлер
жараткан буюмдар үчүн материал болуп
кызмат кылган; ар кандай өсүмдүктөрдүн
ширеси боёк катары колдонулган.
Өтө жөнөкөй аспаптарды колдонуп,
кол эмгеги менен гана жасалган үй
тиричилик өндүрүшүнүн кайтарымы аз