КЫРГЫЗ ТИЛИ
30
калышат. Кызыбыздын багы ачылар бекен деп кудуңдаган ата-эне жуу-
чуларды калың төшөк, сыйлуу оокат менен күтүп алышат. Кезек кыздын
макулдугун алууга келгенде, баягы көк мелтейдин көктүгү тутуп, айтка-
нынан кайтпай туруп алат. Кемпир-чалдын сылык мамилесине ызат-сый-
ына ыраазы болгон бир келет, эки келет, үч келет. Бирок өжөр кыз өз
билгенин бербей, айтканынан кайтпай, ата-энени чоң уятка калтырат.
«Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» демекчи,
ата-эненин өзөгү өрттөнүп, жаны кашайганынан:
– Ылайым бизди какшатпай, ушундайыңда көгөрүп талып кал, – деп
каргашат.
«Ата-эненин каргышы – ок» демекчи, кайтпас каргышка калган кыз
заматта талга айланып калат имиш.
Кыз ата-эненин, эл-журтунун каргышына калбаганда мындай окуяга туш
болбойт белем дегендей, кеч болсо да өз күнөөсүн мойнуна алгандай,
уялгандай жерди карап өсүп келет. Анын ийилип өскөнүн көрүп, кеч
болсо да таазим кылып, кечирим сураганын байкаган эл талды кароосуз
калтырышпай, азыркы күнгө чейин кереге-уук жасашып, пайдаланып
келишет.
Достарыңызбен бөлісу: