4-ТЕМА
65
1-ТАПШЫРМА.
Сүрөттү карагыла. Бул сүрөттөрдү бириктирген
эмне деп ойлойсуңар? Өз оюңар менен жуптарда
бөлүшкүлө
2-ТАПШЫРМА.
Текстти тыным менен окугула
Үнөмчүл болгон пайдалуу
I
Ата-энем мага күнүмдүк майда чыгымдарга акча берип турушат.
Ал акчаларды үнөмдөп, досторум менен киного барам. Ашыкча чыгым
кылып, ата-энемди кыйнагым келбейт.
Апама 8-март майрамына кооз гүлдесте белек кылсам,
апам аябай
таң калды. Үнөмдөгөн акчама сатып келдим десем, апам сүйүндү.
Менин досторум ата-энем көп акча бербейт, кымбат кийим сатып
бербейт деп арызданышат. Өздөрү колундагы акчасын керексиз буюмдар-
ды сатып алып коротушат. Мен досторумду акчаны үнөмдөп колдонууга
чакырам. Себеби биз өзүбүз иштеп, акча таба элекпиз.
Акчаны жөн эле
коротсок, анда ата-энебиздин эмгегин сыйлабаган болобуз. Ал эми үнөм-
чүл болгонду үйрөнсөк, бул келечегибизге пайдалуу.
1-тыным. – Силер ал акчаларды кантип колдоносуңар? Эмне үчүн?
– Эгерде акчаны үнөмдөбөсө, анда эмне болот?
– Үнөмчүл болгон жакшыбы? Эмне үчүн?
– Бул баланын жоруктары силерге жактыбы? Эмне үчүн?
– Ушул бала сыяктуу силер апаңарга белек кылдыңар беле?
II
Үнөмчүлдүк – бул жакын туугандарыңа да, тааныш эмес адамдарга да
кам көрүү. Ал бала кезде майда нерселерден башталат да,
мамлекеттик
масштабдагы мааниге ээ болот.
КЫРГЫЗ ТИЛИ
66
Мисалы, окуучу тапшырма аткарып жатып, туура эмес жасап алды
дейли. Ал каталарды сызып өчүрдү, дептердин бетин булгады! Анан
жаңы дептер баштады, булганган дептердин
барактарынын жарымы таза
бойдон ыргытты. (Кээ бир гана окуучулар дептердин таза барактарын
черновикке колдонушат.) Класста 30 окуучу бар, алардын он беши деп-
терин таза барактары көп бойдон ыргытып салышат.
Беш сабактан эле
ушинтип 15 дептерден ыргыта беришсе, мектеп боюнча 20 класс бар
болсо, анда 1 500 дептер ыргытылат. Ал эми биздин өлкөдө канча мектеп
бар, билесиңерби? Бул эмне,
болбогон эле нерсеби, азбы?
Достарыңызбен бөлісу: