Бишкек 2019 кыргыз тили


Биз Арстанбап… көрүүнү _________. Себеби _________ __________ .  4



Pdf көрінісі
бет78/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   74   75   76   77   78   79   80   81   ...   233
3. Биз Арстанбап… көрүүнү _________. Себеби _________ __________ . 
4. Силер Малайзия… көрүүнү __________. Себеби ________ ________ . 
5. Алар Индия… көрүүнү ________ . Себеби _________ ____________ .
1
САЯКАТТОО
ƒ
„
Жүрүү каражаты жөнүндө кантип айтат
эмне менен?
автобус менен
поезд менен
автоунаа менен
машине менен
барат
жүрөт
келет
кетет 
жетет
саякаттайт
учак менен
учат
кайык менен / кеме менен
сүзөт
эмнеде?
поездде
автобуста
автоунаада
жеңил машинеде
барат
жүрөт
келет
кетет 
жетет
саякаттайт
учакта
учат
кайыкта / кемеде
сүзөт


6-ТЕМА
89
3-ТАПШЫРМА.
Сүрөттөгү жаныбарлардын аталыштарын туура 
келтиргиле. Алар жөнүндө жуптарда сүйлөшкүлө. 
Арстан, крокодил, акыра, зебра, фламинго, пил.
4-ТАПШЫРМА.
Төмөндөгү сөздөрдү пайдаланып, текст түзгүлө. 
Окуп бергиле
Африка, саякат, айбанаттар, көл, кызгылт, ыраазы болуу.
5-ТАПШЫРМА.
Текстти өзүңөр түзгөн текст менен салыштырып 
окугула
Африкага сафари
Биз сафариге, Африкага жөнөдүк. Сафари – жапайы жаратылышка сая-
каттоо, айбанаттарды сүрөткө тартуу. Сафари Кения өлкөсүнөн башталды. 
Кениянын абасы өтө деле ысык эмес жана флорасы бай экен.
Үстү ачык автоунаа менен баратып, саваннадан түрдүү жаныбарларды 
көрдүк. Алгач биз акыраны кезиктирдик. Ал бизди көрүп, жактырбаган 
өңдүү бир карап, бейкапар ары басып кетти. Жапыз дарактардын ара-
сында чаар-ала болуп, зебралар оттоп жүрүшөт.
Саваннанын баш-аягы жоктой, машинада кетип баратабыз. Ар жерден 
арстандардын, пилдердин үйүрү менен жүргөнүн көрдүк. Керилген тала-
анын өзөндөрүндө аз гана суу калган жана анда килейген крокодилдер 
шыбырт билдирбей олжосун аңдып жаткандай. 
Бир топ жүргөн соң Накуру көлүнө жеттик. Бул көл – планетадагы 
кызгылт фламинго уя салууга оңтойлуу жер. Бүт горизонт кызгылт болуп 
албырып, алардын кыймылынан көл кайнагансып турду.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   74   75   76   77   78   79   80   81   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет