Этикалык кодекс декларация коррупцияга


Этика МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК



Pdf көрінісі
бет3/9
Дата12.02.2017
өлшемі8,15 Mb.
#3935
1   2   3   4   5   6   7   8   9

Этика

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК

M

M



К

ызмaт


6

16-декабрь 2014-ж.

- Айнуру Тойчиевна, єткєн 

жумада Сиздер “Кызмат адам-

дарынын айрым категорияла-

рынын Кыргыз Республикасы-

нын аймагынан тыш жактарда 

активдерге ээ болуусуна тыюу 

салган  мыйзам  долбооруна 

каршы  чыгып,  кайра  иштеп 

чыгууга  жєнєттїўїздєр.  Биз-

дин оюбузча, ал колдоого ала 

турган мыйзам болчу?

-  Чынын  айтсам,  мен  деле 

бул мыйзамды кош колдоп кол-

дойм.  Абдан  керектїї  мыйзам. 

Эгер чиновниктер канча айлыкка 

жашап  жатканын,  чыгымдары 

канча  экенин  декларациясында 

ачык  кєрсєтїп,  ал  эми  мамле-

кет  болсо  аны  мыйзам  чегинде 

кєзємєлгє алып, анализдегенде 

мен  ойлойм,  Кыргызстанда  эки 

жолу тєўкєрїш болбойт эле. Ти-

лекке каршы, бизде толтурулган 

декларацияларга анализ жасал-

бай,  убагында  тапшырылышы 

гана  кєзємєлгє  алынып,  бул 

кампания формалдуулукка айла-

нып калган. Декларация-бул кор-

рупцияга каршы кїрєшїїнїн ая-

бай  таасирдїї  механизми.  Мен 

былтыр бир мыйзам долбоорун 

демилгелеп,  анда  єкмєткє  ар 

бир декларациянын тууралыгын 

текшерїї механизмдери сунуш-

талган болчу. Бирок, капиталды 

амнистиялоо  боюнча  мыйзам 

єтїп, ал иштей баштагандыгына 

байланыштуу декларацияларды 

текшерїї  процедурасы  убакты-

луу токтоп калган. Анын мєєнєтї 

бїткєн соў биздин мыйзам иштей 

баштайт. 

Мен дагы бир жолу кайталап 

койгум келет, єкмєт сунуштаган 

мыйзам  долбоору  чындыгында 

жакшы  мыйзам.  Анын  концеп-

циясын  биз  колдойбуз.  Бирок, 

анын аткарылышы їчїн кээ бир 

жагдайлар  так  жазылышы  ке-

рек.  Мисалы,  мен  мамлекеттик 

кызматкер  катары  декларация 

тапшырсам, жолдошум чиновник 

болбосо  дагы  декларация  тол-

туруп,  айлыгын,  кандай  мїлккє 

ээ  экендигин  кєрсєтїшї  керек. 

Ал эми єкмєт алып келген мый-

зам  долбоорунда  болсо  так 

кєрсєтїлбєй,  жалпы  жонунан 

“туугандары”  деп  жазылган. 

Кїйєєсї  менен  аялы  тууганга 

кирбейт,  алар  жубайлар  болуп 

эсептелет.  Эртеў  эле  мыйзам 

иштей баштаса кїйєєсї же аялы 

мен жакын тууганга кирбейм, де-

мек, декларация толтурбайм деп 

чыгышы  мїмкїн.  Ошондуктан, 

жакын туугандары: байкеси, ини-

си,  эжеси,  карындашы,  жубайы 

деп так кєрсєтїлїїгє тийиш. 

- Депутаттардын арасында 

жумушка  келбей  жїргєндєр 

бар. Аларга карата кандай чара 

кєрїлєт?

-  Ай  сайын  биздин  коми-

теттин  отурумунда  пленардык 

жыйынга себепсиз келбей калган 

депутаттардын тизмеси тїзїлєт. 

Бизге уюштуруу иштери боюнча 

бєлїмдєн  кайсыл  депутат  кай-

сыл  кїнї  пленардык  жыйынга 

катышпай  калгандыгы  тууралуу 

маалымат  келет.  Мен  анын  не-

гизинде  депутаттарга  тигил  же 

бул числодо жыйынга катышпай 

калдыўыз, эгер жїйєєлїї себеби 

болсо аны тастыктоочу документ 

бериўиз  деп  кат  жазам.  Эгер 

депутат эл аралык конференция-

ларга,  жыйындарга  кетсе,  же 

ооруп калса, бул жїйєєлїї себеп 

болуп  эсептелет.  Комитет  ар 

бир  себепти  карап  чыккан  соў 

тигил  же  бул  депутаттын  жы-

йынга келбей калганы себепсиз 

эсептелсин деп чечим чыгарып,  

тєрагага жиберебиз. Тєрага бол-

со айлык акысынын ондон бирин 

кармап калуу боюнча буйрук чы-

гарат. Биздин айлыгыбыз 25 миў 

сом. Анан класстык чинди, эмгек 

стажы їчїн кошулчу тєлємдєрдї 

кошкондо  кээ  бирєєлєрдїкї 30, 

айрымдарыныкы 40 миў  сомго 

чамалап  барат.  Бухгалтерия 

анын ондон бирин кармап калчу 

болсо, прогулчу депутат 3 -4 миў 

сомду кем алат. Биздин комитет-

тин  милдети - себеп  жїйєєлїї 

же жїйєєсїз экендигин аныктап 

берїї. Ал эми айлыгын кармаган 

болсо  тєраганын  гана  ыйгарым 

укугу. 


- Тєрт миў бир топ эле чоў 

сумма  да.  Мындай  жазадан 

кийин депутаттар дегеле про-

гул  жасабай  калышы  керек 

эле.  Бирок,  кєп  учурда  жый-

ындар  залы  жарым-жарылай 

бош турганын кєрєбїз... 

- Регламент жєнїндєгї мый-

замда  так  жазылган,  депутат 

мыйзам  долбооруна  добуш 

берїїгє сєзсїз катышууга тийиш. 

Мыйзамдарды  кабыл  алуу-бул 

биздин негизги милдетибиз. Бул 

їчїн биз айлык алабыз, катыш-

пай  калсак  айлыгыбыздан  кыр-

кылат. Бирок, мыйзам долбоору 

талкууланып  жатканда  баары 

эле катышууга милдеттїї эмес. 

Ошол учурда мага Баткенден же 

Нарындан  шайлоочулар  келип 

калса  мен  залдан  чыгып  кетип, 

аларды  єз  кабинетимде  кабыл 

алам.  Же  кайсыл  бир  жерде 

табигый кырсык болсо ошол ре-

гиондон  шайланган  депутаттар 

окуя болгон жерге жєнєп кетиши 

мїмкїн.  Жакында  биздин  “Ар-

Намыс “ фракциясы Соцфонд бо-

юнча саясий чечим кабыл алдык. 

Эми ал маселе палатада талкуу-

ланганда биздин катышуубуздун 

эч  кандай  деле  зарылчылыгы 

жок. Андан кєрєкчє, мен округка 

барып, кайсыл жерде газ же свет 

жок болсо, ошолордун кєйгєйїн 

чечкеним жакшы эмеспи. Окуучу-

дай 45 мїнєт жылбай отургандай 

парламент мектеп эмес да. 



Мамат САБЫРОВ

Айнуру АЛТЫБАЕВА, 

ЖКнын регламент жана этика боюнча комитетинин тєрайымы:

ДЕКЛАРАЦИЯ – КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ 

КЇРЄШЇЇНЇН ЭЎ ТААСИРДЇЇ МЕХАНИЗМИ

Жаўы жылдын 

1-январынан тартып, 

май айына чейин 

мамлекеттик жана 

муниципалдык 

кызматкерлердин 

декларация толтуруу 

єнєктїгї жїрєт. 

Мамлекеттик жана 

муниципалдык 

кызматкерлердин 

этикалык 

кодексине ылайык, 

декларацияларды єз 

убагында тапшыруу 

чиновниктердин 

негизги 


озуйпаларынын бири 

болуп саналат.

1973-жылы мен Кыргызстан-

дын жазуучулар союзун жетектеп 

турганымда ошол убакта парти-

янын  Биринчи  Май  райкомунун 

1-катчысы  болуп  иштеген  Сал-

моорбек  Акиев  келип,  жакында 

атасы, кыргыздын чыгаан тєкмє 

акыны Калык Акиевдин 90 жыл-

дыгы  боло  тургандыгын,  аны 

жалпыга маалымдоо каражатта-

рында  гана  эмес,  билгендерди, 

тамыр-сєєктєрдї  чакырып  чай 

берип,  той  катарында  белги-

лесек  жакшы  болмок,  балдары 

ушундай сунуш кылып жатышат 

деп  Турдакун  Усубалиевичке 

айтып кєрбєйсїўбї?- деп калды. 

Мен  ыгы  келгенде  Усубалиевге 

айтсам,  ал  сунушту  ал  жак-

тырган  жок. “Бизде  партиянын 

райкомдорунун,  обкомдорунун 

катчылары аз эмес. Алардын ки-

миси аталарынын юбилейлерин 

антип белгилеп жатышыптыр?”-

деди. Мен Калык Акиевдин улуу 

акындыгын, артисттигин айтсам, 

“ал жагын єз жолунда китептерин 

чыгарып,  макалаларды  арнап, 

кєргєзмєлєрїн,  чогулуштарын 

єткєрїп белгилейбиз, ага эч ким 

каршылык кылбайт. Бирок, Сал-

моорбек Акиев партиялык этика-

ны  сактоосу  керек”  деп  жыйын-

тыктады.  Ошондо  Салмоорбек 

Акиев 25-30дай  гана  адамды 

чакырып  чай  берип,  атасынын 

90 жылдыгын єткєргєн.

Советтик  мезгилде  партия 

мамлекеттик, советтик жана пар-

тиялык кызматкерлерди дайыма 

жашоо  образы,  жїрїм-туруму 

жагынан  элден  єзгєчєлєнбєєгє 

чакырчу. Коммунизмди куруучу-

нун моралдык Кодексин, парти-

ялык тартипти бузгандарды аячу 

эмес.  Убагында  атасынын  кара 

ашына 2 бээ  сойдурганы  їчїн 

А.Тажибаев  партиялык  жазага 

кириптер  кылынып,  облаткаруу 

комитетинин  тєрагалык  кызма-

тынан алынган. Иш ордунда мас 

абалында жїргєндїгї, моралдык 

жактан бузулгандыгы, оройлугу, 

шалаакылыгы,  жоопкерсиздиги, 

мамлекетке  зыян  келтиргенди-

ги  їчїн  кызматтарынан  алын-

гандарды,  партиялык  жактан 

жазалангандарды  айта  берсе 

абдан кєп.

Ооба, азыр заман башка, би-

рок  менин  оюмча,  заман  кандай 

болбосун, мамлекеттик жана му-

ниципалдык  жетекчи  кызматкер-

лер эл менен бирге болуп,элден 

єзгєчєлєнбєй  жашоолору  ке-

рек. Бийликтин вазийпасы ошол. 

Ошондо  гана  аларга  эл  ишенет, 

єзїбїздїн  єкїл,  єзїбїздїн  боо-

рубуздан  бїткєн  деп  эсептейт. 

Бирок,  тилекке  каршы,  айрым 

жетекчилердин,  чиновниктердин 

элге окшошкондун ордуна, элден 

бєлєктїгїн, элден байлыгын ачык 

демонстрациялап жатышкандыгы 

єкїндїрбєй  койбойт.  Єткєн  жы-

лыбы же мурдагы жылы беле так 

эсимде жок, бир мамлекеттик чи-

новник Єзгєндє 30 миўдей эл чо-

гултуп, бир нече кїн той єткєрдї. 

ЖМКлар ал тойго бир нече мил-

лион доллар кетти деп жазышты. 

Ал  эми  атасы  же  энеси  єлсє, 

кош-коштоп  жылкыларды,  бодо-

лорду  сойдуруп,  балдарынын, 

кыздарынын баш кошуу тойлорун, 

єздєрїнїн юбилейлерин ж.б.д.у.с. 

элдин  кєпчїлїгїн  кыжырланткан 

ашкере чыгымдар менен єткєрїп, 

ошолоруна  дєєгїрсїп  жїргєн 

министрлер,  акимдер,  мэрлер 

азбы?  Аларга  бирєє  бир  нерсе 

десе, “єзїмдїн тапканымды эмне 

кылсам, єзїм билемин” дешет.Бир 

жагынан ал туура. Бирок, экинчи 

этикалык, укуктук жактан алганда 

туура  эмес.  Анткени,  мамчинов-

никтин  анча  каражатты  кайдан 

тапканы  бир  суроону  жаратса, 

экинчиси бийликтин єкїлї болгон-

дон кийин ал бийлик жараналаган 

моралдык нормаларга, идеологи-

яларга каршы иш кылбоосу керек. 

Бийлик єзїн жаманатты кыла баш-

тагандардан тезирээк тазаланып 

турбаса, арты кесепеттїї болорун 

дїйнєлїк  тажрыйба  ырастап 

келет.  Андай  тазалануунун  бир 

элеги – азыр талкууланып жаткан 

мамлекеттик жана муниципалдык 

кызматкерлердин этикалык Кодек-

си болуп калуусу керек.

КРУИАнын корреспондент-мїчєсї, философия 

илиминин доктору Теўдик АСКАРОВ:

КОДЕКС ТАЗАЛАНУУНУН 

БИР ЭЛЕГИ БОЛУУСУ КЕРЕК

  «Коргоо  кеўешинин  кат-

чылыгынын  системалуу  жу-

мушу  жана  Кыргызстандын 

Президентинин  саясий  эрки 

мамлекеттик бир катар орган-

дардагы  коррупцияга  каршы 

иштерде  прогресске  жетїїгє 

тїрткї  болду.  Биз  укук  коргоо 

органдары  їчїн  координация-

лык  аянтчаны  тїзїїгє  аракет 

кылдык.  Жыл  башынан  бери 

17 мамлекеттик чиновникке КР 

Кылмыш  кодексинин 303-бе-

ренеси  «коррупция»  боюнча  

кылмыш  иши  козголду.  Бул 

депутаттар  эле  эмес,  корруп-

ция менен кїрєш бардык, анын 

ичинде  облустук  жана  район-

дук  деўгээлдерде  да  жїрїп 

жатат», - деди Т.Жумакадыров.

 9 мамлекеттик  органга 

талдоо  жїргїзїлгєндє,  эў 

коррупцияланган  операция 

мамлекеттик  сатып  алуулар 

системасы  болуп    чыккан. 

“Коррупциянын негизги себеби, 

ички  регламенттин  жоктугу, 

ведомствонун  жетекчиси  кан-

дай  чечим  болбосун  чыгара 

алат.  Ошондуктан,  Коргоо 

кеўешинин  биринчи  максаты 

болуп ички регламентти ылай-

ык  келтирїї,  процесстерди 

автоматташтыруу жана опера-

циялардын транспаренттїїлїгї 

болуп  эсептелет.  Албетте, 

мыйзам деўгээлинде, ыйгарым 

укуктарды  єткєрїп  берїїдє 

дагы  башка  кєптєгєн  маселе-

лер  бар», - деп  кошумчалады 

Т.Жумакадыров.

Коргоо кеўешинин катчысы-

нын орун басарынын айтымын-

да,  кызматтык  кылмыштардын 

бетин  ачуу  єсїшї 20-25%га 

жогорулады.  Мамлекетке  кел-

тирилген зыяндын ордун толту-

руу  боюнча  айрым  жылыштар 

бар.  Укук  коргоо  жана  атайын 

органдар тарабынан 3 жылда 4 

миў 337 кылмыш иш козголгон. 

Анын ичинде 2012-жылы — 1381 

иш, 2013-жылы — 1621, 2014-

жылы — 1335 иш  козголгон. 

Кайтарылып  алынган  зыяндын 

суммасы 2 млрд 430 млн сомду 

тїздї. Анын ичинде 2012-жылы 

— 221 млн, 2013-жылы - 1,3 

млрд, 2014-жылы — 917 млн сом 

кайтарылып алынган.

М.САБЫРОВ

17 ЧИНОВНИККЕ  

«КОРРУПЦИЯ» БОЮНЧА 

КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Коргоо кеўешинин катчысынын орун басары 

Темир Жумакадыровдун айтымында, 2014-жылы 

мамлекеттик органдардын 17 кызмат адамына 

«коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон.



Актуалдуу маек

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК

M

M



К

ызмaт


7

16-декабрь 2014-ж.

- Эрмек Аманбекович, эл да-

сторконуна коюлуучу бардык 

тамак-аш,  азык-тїлїк  алгач 

Сиз дердин  элегиўиздерден 

єтїїгє тийиш. Бул багытта кан-

дай иштер аткарылып жатат?

-  КРнын  Єкмєтїнє  караштуу 

ветеринардык  жана  фитосани-

тардык кєзємєлдєє мамлекеттик 

инспекциясынын  тїзїлгєнїнє 2 

гана жыл болуп, толук кандуу иш-

тей баштаганы кєзгє кєрїнєєрлїк 

бир топ иштер аткарылып, абдан 

жакшы  реформалар  жїрїїдє. 

Анткени,  ал  республикабызда-

гы  бирден  бир  маанилїї  жана 

жоопкерчиликтїї тармактардын 

бири болуп саналат. Алсак, вете-

ринардык жана фитосанитардык 

кєзємєл  бир  гана  мал  жандык-

тары менен єсїмдїктєрдїн аба-

лына анализ жїргїзїї милдетин 

аткаруу  менен  бирге  калктын 

ден  соолугуна  да  камкордук 

кєргєн  маанилїї  мамлекеттик 

орган.  Кыргызстанда  кандай 

жашылча-жемиштер  єстїрїлїп, 

кандай мал багылып жатса, баа-

ры биздин кєзємєлїбїздє болот. 

Андан сырткары, сырттан келген 

бардык, сїт, эт жана башка азык-

тїлїктєрдїн курамына дагы биз 

анализ  жїргїзєбїз.  Кыскасы, 

эл дин дасторконунда турган бар-

дык тамак аш алгач биздин эле-

гибизден єтєт. Ошондуктан бул 

тармакты  єнїктїрїї  багытында 

эл  аралык  донорлор  менен  иш 

алып баруудабыз. Алардын би-

рине токтоло кетсек, айыл чарба-

сы долбоорун єнїктїрїї болуму 

жардам  берип  жатат.  Алар  ме-

нен бруцеллёз жана эхинококкоз 

ооруларына каршы долбоорунун 

алкагында  кызматташып  жата-

быз. Ошондой эле Кыргызстанда 

єндїрїлгєн экологиялык жактан 

таза  продукцияларга  кызыккан 

мамлекеттер кєп болууда. Алсак, 

Россия,  Казакстан,  Катар  жана 

Кытай мамлекеттери биз менен 

кызматташууга кызыгып ар кан-

дай  сунуштар  менен  кайрылып 

жатышат.  Ал  эми  кадрларды 

окутуу  жана  алардын  квалифи-

кациясын  жогорулатуу  боюнча 

Кытай мамлекети кызыкдар бо-

лууда. Андан сырткары, Батыш 

єлкєлєрїнєн Литва, Латвия жана 

Германия мамлекеттери атайын 

семинарды  єткєргєндє  биздин 

адистерди чакырышат. Аны ме-

нен  катар  Бажы  биримдигинин 

алкагында  тажрыйба  алмашуу 

жана окутуу боюнча жаўы кели-

шимдерди тїзїп жатабыз.

- Кыргыз эли бири-бири ме-

нен  амандашканда  алгач  эле 

мал-жаныўыз аманбы деп су-

рашчу. Анын сыўарындай Сиз-

дер  тараптан  єлкєнїн  эпизо-

тикалык  абалын  кєзємєлдєє 

кандай болууда?

- Учурда эпизотикалык абал 

єтє  мактанаарлык  же  болбосо 

аябай  жакшы  абалда  деп  ай-

тыш кыйын. Бирок, жалпысынан 

абал туруктуу деп айтсам болот. 

Анткени,  бїгїнкї  кїндє  аябай 

коркунучтуу  жана  жугуштуу  жа-

ман  оорулар  каттала  элек.  Ан-

дан  сырткары,  мындай  жаман 

оорулардын  пайда  болуусунун 

алдын  алуу  боюнча  керектїї 

иштерди жїргїзєбїз. Алсак, бул 

боюнча  бир  жылга  атайын  иш- 

пландарыбызды  тїзїп,  ошого 

жараша  тийиштїї  иштерди  ат-

карып  жатабыз.  Тартип  боюнча 

республикабыздагы  бардык 

мал жандыктары ар бир жылда 

маал-маалы менен шарп, сибир 

жарасы,  кутурма,  чума  жана 

башка  жаман  ооруларга  каршы 

эмдєєдєн єтїшєт. Мисалы, мал 

жайлоого  чыгаар  алдында  жа-

зында жана мал жайлоодон кел-

ген учурда кїзїндє. Бирок, кыр-

сык  айттырбай  келет  демекчи, 

кокустан  ушундай  жаман  илдет 

пайда  боло  турган  болсо,  биз-

дин адистер тез аранын ичинде 

ошол жерди короолоп, карантин 

жарыялап, аны жок кылуу иште-

рин жасашат. Анан жергиликтїї 

бийлик  менен  бирге  карантин 

жарыялап,  ошол  жерге  эч  бир 

мал жандыктарын киргизишпейт. 

Ар бир облус, шаар, райондордо 

биздин  испекциялар  бар.  Кээ 

бир гана кыйынчылыктар болуп 

калбаса,  кокустан  коркунучтуу 

оорулар чыгып кетсе, аны менен 

кїрєшїїгє биздин инспекциянын 

кудурети жетет.

-  Бардыгы  кадрларга  бай-

ланыштуу демекчи, Сиздерде 

жалпысынан  канча  кызмат-

кер  эмгектенет  жана  алар 

жетиштїїбї?

-  Республика  боюнча  бизде 

906  адам  эмгектенип  жатат 

жана  анын  ичинен 71 адам 

фитосанитардык  кызматкер 

болсо,  калганы  ветеринардык 

кызматкер . Бирок, бул кєрсєткїч 

биздин  мамлекет  їчїн  аз.  Ант-

кени,  жылдан  жылга  малдын 

саны  єсїїдє.  Анан,  албетте, 

ошончо  ветеринардык  абалды 

кєзємєлдєгєнгє  мал  доктурлар 

да  жетиштїї  болушу  керек. 

Ошондой эле жер-жемиштердин 

тїрлєрї  да  кєбєйїп  жатат.  Ми-

салы,  мамлекетибиздин  тїштїк 

жергесинде банан, мандаринден 

бери  єстїргєндєр  бар.  Ал  эми 

жєнєкєй  эле  картошка  менен 

тєє бурчактын бир топ сорттору 

пайда боло баштады. Анан бул 

учурда  кадр  маселеси  абдан 

актуалдуу болот эмеспи. Ачыгын 

айтыш  керек,  азыр  бул  тармак-

ка  кызыккан  жаштар  аз  болуп 

жатат.  Азыр  мал  доктурлардын 

орточо жашы 50-55, жада калса 

70 жаштагы аксакалдардан бери 

иштеп жїрїшєт. Бирок, биз бул 

кєйгєйдї  чечїї  максатында 3 

жолу  конкурс  єткєрїп,  ушундай 

жол менен жаштарды тартканга 

аракет жасадык. Биздин мындай 

аракетибиз жакшы натыйжалар-

ды  берип,  учурда  бул  тармакка 

келген жаштар бир аз да болсо 

кєбєйє баштады. Бїгїнкї кїндє 

баарыбызга маалым болгондой 

жеке фермерлер, жеке ишкерлер 

кайра  иштетїїчї  ишканаларды 

же болбосо эт, сїт комбинатта-

рын  ачып  жатышпайбы.  Анан 

университетти  жакшы  бїткєн 

жаш  адистер  ошол  жакка  дагы 

тартылып  жатканына  байла-

ныштуу  мамлекеттик  кызматка 

умтулгандары аз болууда.

- Коррупция менен кїрєшїї 

боюнча  кандай  иш-аракеттер 

жїрїїдє?  Анткени,  бардык 

мамлекеттик  органдарда  бул 

маселе  актуалдуу  болуп  жат-

пайбы.

- Коррупция менен кїрєшїїгє 

єзгєчє кєўїл бурулуп жатат. Бул 

маселе да директорубуз Самир 

Осмоналиевдин  єтє  жооптуу 

тапшырмаларынын  бири  болуп 

саналат.  Коррупция  кєйгєйїн 

мен  єзїм  кєзємєлдєйм.  Ан-

дан  сырткары,  коррупция  ме-

нен  кїрєшїї  їчїн  комиссиябыз 

бар. Алар жер-жерлерге барып, 

коррупцияга  каршы  иштерди 

жїргїзїп турат. Бул багытта об-

лустук жана райондук башкарма-

лыктарда семинарларды єтїшєт. 

Бирок, адамда беш кол теў эмес 

дегендей, биз билбеген мындай 

фактылар  болушу  да  мїмкїн. 

Анткени,  биз  кєзємєлдєєчї  ор-

ган болгондон кийин, ар кандай 

азгырыктар  болушу  мїмкїн. 

Баарыбызга маалым болгондой 

акча маселеси аралашкан жерде 

кыйынчылыктар болбойт деп эч 

ким кепилдик бере албайт. Эгер-

де мындай фактылар байкалып 

калса, биз дисциплинардык гана 

чаралар менен чектелбестен жу-

муштан бошотобуз. Анткени, мен 

башында  эле  айтып  кеткендей, 

биздин ишибиз калктын ден соо-

лугу  жана  улуттун  коопсуздугу 

менен тїздєн-тїз байланышкан.

-   Б ї г ї н к ї   к ї н д є   к є з г є 

кєрїнєрлїк  дагы  кандай  жа-

гымдуу  жаўылыктарыўыз 

бар? 

-  Учурда 2015-2017-жылга 

чейинки кыска мєєнєттїї єнїгїї 

Стратегиябызды тїзїп жатабыз 

жана аны аяктап калдык десем 

да  болот.  Бул  маанилїї  доку-

ментте кєп милдеттер жана мак-

саттар  камтылган. 2017-жылга 

карата биздин инспекция элдин 

ишенимине  ээ  болуп,  мын-

дан  да  жакшы  кєрсєткїчтєргє 

жетишибиз  керек.  Алсак,  чек 

аралардагы  єткєрмє  пунктта-

рыбызды,  лабораториялары-

бызды  заманбап  жабдуулар 

менен  камсыздашыбыз  керек. 

Ушундай  кєп  долбоорду  ишке 

ашыруу їчїн эл аралык уюмдар 

менен  кызматташууну  максат 

кылып  жатабыз.  Мисалы,  биз 

бїгїнкї  кїндє  Бажы  биримди-

гине  кирїїнї  кєздєп  жатабыз. 

Биз  Бажы  биримдигине  кирген 

учурда, ошол єлкєлєрдїн инс-

пекторлору  биздин  эт,  сїт, 

к о л  б а с а   жа н а   б а шк а   а зы к -

тїлїктєрїн  єндїргєн  ишкана-

ларыбызды текшеришип, андан 

кийин гана уруксат кагаздарын 

беришет. Ошондой эле Кыргыз-

стандын дагы аларга койгон та-

лабы ушундай болот жана биз 

дагы Бажы биримдигине кирген 

єлкєлєрдєн  келген  нерселер-

дин баарын сєзсїз текшеребиз. 

Андан  сырткары,  жакында 

эле  КРнын  Єкмєтїнє  караштуу 

ветеринардык  жана  фитосани-

тардык  кєзємєлдєє  инспекция-

сынын инспекторлоруна атайын 

форма  кийгизїї  боюнча  токтом 

кабыл  алынды.  Мына  ушул 

токтомдун алкагында учурда ал-

гылыктуу иштерди аткарып жата-

быз.  Бул  багытта  биринчи  этап 

менен  чек  арадагы  текшерїїчї 

инспекторлорго  жайкы  форма-

ларды кийгизгенбиз. Эми экинчи 

этапта кїзгї жана кышкы форма-

ларын тиктиртип жатабыз. Миса-

лы, бажы, салык жана башка бир 

топ  кєзємєлдєєчї  органдардын 

єзїнїн  кийими  бар  эмеспи,  ал 

эми  биздин  кызматкерлер  буга 

чейин  єзїнїн  формасы  жок,  ар 

кандай  кийим  менен  жїрїштї. 

Анан  биздин  кызматкерлерге 

кєпчїлїк  учурда  тоотпой,  кыр 

кєрсєткєн  учурлар  кєп  болгон. 

Мына  ушундай  жагымсыз  жаг-

дайды жою максатында биринчи 

кезекте чек арада иштеген бар-

дык  кызматкерлерибиз  менен 

инспекторлорду  форма  менен 

камсыз кылуудабыз. 

 



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет