Изилдєєнїн негизги мазмуну


ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА КОРУТУНДУ



бет20/25
Дата06.01.2022
өлшемі0,95 Mb.
#13272
түріДиссертация
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА КОРУТУНДУ
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпылоо аркылуу коюлган милдеттер жүзөгө ашырылды жана гипотезанын тууралыгы тастыкталды, – деген тыянакка келдик. Теориялык жана тажрыйбалык-эксперименталдык изилдөөлөрдүн натыйжасынан төмөндөгүдөй бүтүмдөр чыгарылды:

  • кыргыз элдик оозеки чыгармаларын үйрөнүү элдин адептик тарбиялоо тажрыйбаларында балдар ишмердигинин бардык тараптары камтылгандыгын, оюн-зоок, чыгармачылык-тапкычтык, эмпирикалык багыттагы жана салттуу-уланма формадагы ишмердиктер аркылуу аларды турмушка даярдоо максатында жагымдуу адептик тарбиялык чөйрөнү түзүп келишкендигин көрсөттү. Элибиздин оозеки чыгармачылыгындагы даанышман ойлор тарбиянын максаты жаш муундардагы ыйманынын аруулугун, адеп-ахлагын, эмгекке болгон сүйүүсүн калыптандырып, чың ден соолугуна кам көрүүгө да багытталгандыгына ынандык. Элдик тарбиялоо тажрыйбаларын эске албастан, улуттук мүнөздөгү тарбияны, өзгөчө адептик-этикалык нормаларды V-VII класстын окуучуларында калыптандырууга болбойт, демек, мунсуз улуттук мектептердин концепциясы жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Элдик оозеки чыгармачылык окуучуларды элдин адептик-этикалык көз караштары, идеалдары менен тааныштырууда мугалимдерди опол тоодой материалдар менен камсыздоо аркылуу элдик оозеки чыгармачылыктын мурастарына сергек жана сарамжалдуу мамиле жасоону талап кылат. V-VII класстын окуучуларын адептик тарбиялоодо элдик адептин этикалык традицияларына таянуу, элдик адептүүлүктүн мыкты идеалдарын чагылдырган кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуунун маңыз-мазмунун, методдорун жана формаларын иштеп чыгуу – педагогикалык теориянын өнүгүшү үчүн да, мектептердеги педагогикалык практиканы өркүндөтүү үчүн да учурдун актуалдуу маселеси;

  • мотивациялык-баалуулук, мазмундук жана уюштуруучулук-процессуалдык компоненттерди бардык багыттар боюнча камтыган кесиптик даярдыктын моделин колдонуу кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө студенттерди даярдоонун эффективдүүлүгүн камсыздайт;

  • изилдөөлөр проблеманы чечүүдө мугалимдерди даярдоодогу жалпы гуманитардык, психологиялык-педагогикалык дисциплиналардын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу колдонууга мүмкүндүк берүүчү окуу-методикалык комплексти түзүү зарылдыгын көрсөттү. Анын башкы звеносун “Кыргыз элдик оозеки чыгармалары жана окуучуларга адептик тарбия берүү” деген атайын курс түздү;

  • кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө студенттердин кесиптик даярдоонун формаларын жана методдорун практикалык жүзөгө ашырууда этнопедагогикалык практика (фольклордук багыттагы), элдик көркөм чыгармачылыктын ийримдери, элдик тарбиячылар менен жолугушууларды уюштуруу, диспуттарды, кечелерди өткөрүү – өтө маанилүү. Тажрыйбалык-эксперименталдык жумушта колдонулган бардык методдорду жана ыкмаларды жалпылаштыруу менен аткарган функциясына жараша төмөнкүдөй түрлөргө ажыратууга мүмкүн: традициялык методдор; проблемалык-чыгармачыл мүнөздөгү методдор; фольклордук-эстетикалык кырдаалды түзүү методдору; чыгармачыл ишмердикти уюштуруу методу; фольклордук булактарды активдүү өздөштүрүүгө студентттердин кызыгуусун стимулдоочу методдор;

  • V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуу боюнча теориялык билимдер менен практикалык билгичтиктерди органикалык айкалыштыруу университетте окуу мезгилиндеги бардык педагогикалык практиканын шартында атайын, татаалдаштырылган тапшырмаларды аткаруу менен ишке ашырылат. Мындай практика болочок мугалимдердин ишмердигин үзгүлтүксүз анализдөөгө, баалоого, түзөтүүгө жана элдик оозеки чыгармалардын таасиринде окуучулардын адептик жетилүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү боолголоп барууга да мүмкүнчүлүк түзөт.

Жүргүзүлгөн тажрыйбалык-эксперименталдык жумуштардын жүрүшүндө бир катар конкреттүү педагогикалык шарттар аныкталды: элдик оозеки чыгармаларга жана анын нравалык этикалык баалуулуктарына астейдил мамиле жасоо; студенттерди кыргыз элдик оозеки чыгармалары боюнча билимдердин жана көндүмдөрдүн системасы менен куралдандыруу; атайын билимдерди кеңейтүү жана тереңдетүү; педагогикалык практикада билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өркүндөтүү; студенттердин кесиптик ишмердигин жана илимий изилдөө жумуштарын уюштуруу; “Кыргыз элдик оозеки чыгармалары жана окуучуларга адептик тарбия берүү” деген атайын курсту активдүү өздөштүрүү.

Бул изилдөө – кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди даярдоого багытталган алгачкы аракеттердин бири. Бирок бул иш аталган маселенин толук деңгээлде чечилгендигин билдирбейт. Элдик оозеки чыгармачылыктын жанрдык жактан өтө бай экендиги жана аларды ар кайсы курактык өзгөчөлүктөргө карата колдонуу мүмкүнчүлүктөрү көркөм мурастардын жаш муундарды адептик жетилтүүдөгү маанисин мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүн экендигинен кабар берет.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет