Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Берилген сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз. Тактооч сөздөрдүн түрүн аныктаңыз



Pdf көрінісі
бет9/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   19

2. Берилген сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз. Тактооч сөздөрдүн түрүн аныктаңыз.
1. Көп, жыйналыш, адам, бол- ?
2. Күзүндө, айт-, сана, балапандарды, деп.
3. Мен, жакын, кел-, китепканачы.
4. Музей, ачыл-, кечээ, көргөзмө.
5. Таланттар, биз, сыймыктан-, дайыма, менен.
6. Үй, сүйлөшүү, кел-, бетме-бет, керек, отуруп.
3. Берилген сөздөрдү мааниси боюнча ылайык келген жерге толуктап жазыңыз.
(Түштө, тездетүү, канчалык, бирге, кийинки,  эртең, артта)
................. .............................. чогулуш болот. Жылдын көрсөткүчтөрү боюнча 
биздин ишкана ............................. калыптыр. Бул ......................... оор болбосун, 
мойнубузга  алышыбыз  керек.  Мындай  көрүнүш  .......................  жылдары 

93
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
кайталанбаш үчүн продукция өндүрүүнүн темпин ................................ зарыл.
Бул маселени чогулушта ......................... карайлы, талкуулайлы. 
4. Диалогду толуктап жазыңыз.
– Каныбек, баяндама кат ...................................?
– Ооба, ............................... эле даярдап койгом.
–  Анда аны мага бер, Аскат Алымовичке .......................................... керек.
–    Азыр,  .................................  чыгарып  берейин.  Кол  ................................. 
унутпаңыз.
–  Иштин  эмнеге  аткарылбай  калганын  түшүнүктүү  ....................... 
жаздыңбы, сунуштарды да санап көрсөтүшүң .................................... эле.
–  Бир жолу карап көрсөңүз. Мына, ............................................ .
–  Жакшы, баары ............................. жазылыптыр. Рахмат.
–  Эч нерсе эмес. Бул ................................... жумуш.
5. Диалогду монолог түрүндө айтып бериңиз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Баяндама каттын мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Баяндама каттын текстин жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
1. Кайсы бир иш-чараны өткөрүүгө бөлүнгөн каражат жетпей калды. Иш-чараны өткөрүш үчүн 
дагы каражат бөлдүрүш керек. Жетекчиңизге абалды түшүндүрүңүз.
2. Сиздин жетекчиңиз ар бир ишти жасагандан кийин баяндама кат жазышыңызды талап кы-
лат. Сиз абдан тажадыңыз. Абалдан кантип чыгасыз?
 Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу баяндама кат жазыңыз.
2.  Эпостон  алынган  үзүндүнү  окуп,  кайсы  эпизод  экенин  болжолдоңуз.  Бул  саптардын 
маанисин чечмелеп жазыңыз.
Хан боломун калкка деп,
Кандай да болсо чыдаймын.
Калк башкарган наркка деп,
Айтар адам жок болуп,
Акылдашып токтолуп
Кара журт карап калганы.
(«Манас». С. Орозбаков. 1-к., 284-б.)

94
Калия Кулалиева
БИЛДИРМЕ
Милдеттендирилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүү, чет 
өлкөгө  жасалган  иш  сапарынын  бүткөндүгү,  иш-чаралардын  жыйынтыкталганы 
ж.б.  тууралуу  жетекчиликке,  уюм,  мекемелерге  жиберилген  расмий  иш  кагазы 
билдирме болот. Кээ бир мекеме, уюмдарда билдирме кызматтык кат деген аталышта  
колдонулуп жүрѳт.
Билдирме  арналышы  жана  түзүлүшү  боюнча  баяндама  катка  окшош  болот. 
Ал  колдо  же  компьютерде  эки  нускада  даярдалат.  Бир  нускасы  тиешелүү  уюмга 
жиберилсе, экинчиси жазылган уюмда калат.
  Окуйлу
1. Билдирменин маалым даректерин жазыңыз.
Токмок шаарындагы 
Медициналык колледждин
директору
Ж. Калыевага
биолабораториянын башчысы
Динара Рыскуловадан
Б И Л Д И Р М Е
Чет өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык симпозиумга биздин окуу жайдан үч окутуучу 
барды. Алар ѳздѳрүнүн докладдарын окушту, катышуучулардын суроолоруна жооп 
берип,  кызыктуу  сунуш-пикирлерди  алып  келишти.  2012-жылдын  26-январынан 
тартып конференцияга катышкандар өз кызматына киришкендигин билдиремин. 
25.01.2012 
 
 
Колу/.....................   
Д. Рыскулова
2. Боштуктарга туура келген мүчөлөрдү улап жазыңыз.
Панфилов район....................
Каптал-Арык айыл.....................
кеңештин төрага........................

95
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Т. Курманов..............
ветеринардык врач
Р. Жумабаев................
Б И Л Д И Р М Е
2009-жыл.............  5-декабрь...........  чейин  айылдагы  483  бодо  мал  шарп 
оорусу............... каршы толук эмдөө..................... өттү.
Коңшу  айыл..............  367  бодо  малды  эмдөө  2010-жыл...........  январь  айында 
жүргүз.................. .
10.12.2009 
 
Колу/................... 
 
Р. Жумабаев
3. Боштуктарды туура келчү сөздөр менен толуктаңыз.
Кыргыз Республикасынын  
Президентинин 
Аппаратынын .........................
.......................................
КРнын Президентинин
Жогорку Кеңештеги ......................
туруктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти
А. Солтобаевадан
Б И Л Д И Р М Е
Бириккен  Улуттар  .............................  2011-жылдын  5-ноябрында  өтө  турган 
жыйынына    ..................................  чакыруу  кат  келип  түшкөндүгүн  билдиремин. 
Буга  .........................................  2011-жылдын  20-июнунда  .........................................
....  ............................  менен  ............................................................................................
.. жалпы чогулушун өткөрүп, иш-чараларды .............................. боюнча тийиштүү 
бөлүмдөргө тапшырма ........................................... өтүнөм.
   
 
 
 
 
 
 
 
01.06.2011 
 
Колу/...........................  
 
А. Солтобаева
4.  Билдирменин  тексти  берилди,  калган  маалым  даректерин  талапка  ылайык  толуктап 
жазыңыз.
Даярдоо курсунун студенттери Замир Ширинов жана Медина Осмоналие-
ва кыргыз тили сабагынан 140 саат калтыргандыгын билдирем. 
Сабакты себепсиз калтыргандыгына байланыштуу чара колдонууңуздар-
ды суранам.

96
Калия Кулалиева
  Жазуу эрежелери
Кыскартылган сөздөрдүн жазылышы
1. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: 
УИА  (Улуттук  илимдер  академиясы),  К.  Карасаев  атындагы  БГУ  (Бишкек 
гуманитардык университети), МАИ (Мамлекеттик авто инспекциясы).
2.  Башкы  тамгаларынан  кыскартылган  татаал  сөздөргө  мүчө  уланганда, 
жалганган мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КТРдин, КРнын ж.б.
Биринчи  муунунан  кыскартылган  жалпы  татаал  сөздөр  кичине  тамга  менен 
башталып, бирге жазылат: турфирма, геофак, филфак ж.б.
Кош сөздөрдүн жазылышы
Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат: улуу-
кичүү, кыз-жигит, тарс-турс, бака-шака, каада-салт, жүрүм-турум, чай-чамек
аман-эсен, үй-бүлө  ж.б.
1. Кыскартылган сөздөрдүн толук аталыштарын жазыңыз.
ТИМ –
ИИМ –
БШК –
ӨКМ –
ММК –
АЧМ –
БДБ –
ААК –
БСУ –
ЖЧК – 
2. Кыскартылган сөздөргө мүчөлөрдү улап жазыңыз.
УАК………. төрагасы болуп дайындалды.
Ж. Баласагын атындагы КУУ................ декан болуп иштейт.
КР……… ТИМ…….. тарабынан билдирүү жасалды.
АРИС……… долбоору боюнча көпүрө салынды. 
Ал  2005-2007-жылдары  КР………  ЮНЕСКО  иштери  боюнча  улуттук 
комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.
3. Кош сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Жаш-кары, чарт-чурт, даңгыр-дүңгүр, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр.
4. Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?
А) ден-соолук, адат-салт, уул-кыз
Б) кол кап, тил кат, бат-бат
В) үй-бүлө, жар-жар, кыргыз-тил
Г) орус тил, тапыр-тупур, темир-жол

97
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
5. Кайсы катардагы энчилүү аттын баарына мүчө туура уланган?
А) КРнын, БУУна, ТИМде
Б) ИИМнин, БААУда, КМгин
В) УАКтын, ЖОЖда, МАИде
Г) ФАПта, УКтун, ОМБнын
  Грамматика
Кызматчы сөздөр 
Өз  алдынча  турганда  эч  кандай  лексикалык  маанини  билдире  албаган,  сүй-
лөмдөгү сөздөр менен бирге айтылып, тиешелүү болуп турган сөзгө кошумча маа-
ни берген, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып турган сөздөр 
кызматчы сөздөр деп аталат. 
Кызматчы  сөздөргө:  жандоочтор,  байламталар,  бөлүкчөлөр  жана  модаль 
сөздөр кирет.
Жандоочтор
Атоочторду жөндөмөлөр боюнча башкарып, сүйлөм мүчөлөрүн байланыштыруу 
үчүн колдонулган сөздөр жандоочтор деп аталат.
Жандоочтор жөндөмөлөр менен айкалышына карата төмөндөгүчө бөлүнөт:
1. Атооч жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: менен, тууралуу, жөнүндө, 
аркылуу,  боюнча,  сайын,  сыяктуу,  үчүн,  бою,  бойдон.  Айкөл  Манас  тууралуу 
баян жазыптыр.
2.  Табыш  жөндөмөсүн  талап  кылуучу  жандоочтор:  карай,  көздөй,  карата, 
катарШиретүүчү жаңы курулуп жаткан имаратты көздөй жөнөдү.
3. Барыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: караганда, жараша, чейин, 
дейре, карай, каратаАмерикага караганда Казакстан бул жерде эле го. 
4. Чыгыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: көрө, көрөкчө, ары, бери, 
мурун, кийин, соң. Менден кийин Жамалга сөз берилди.
1. Боштуктарга жандоочторду жазыңыз.
«Beko»  фирмасынын  тиричилик  техникасына  ……..………….  «Indesit» 
фирмасыныкы жакшы деп жатышат.
Жакында «Мектепке чейинки билим берүү ……………………..» мыйзам 
кабыл алынды.
Комитеттин жыйыны жума …………………….. өткөрүлмөй болду.
Бул иш 25-майга ………………….. бүткөрүлүшү керек.
Чет элдик делегацияны кабыл алууга ……………………………. даярдык 
көрүлүүдө.
Катты кызы ………………….. берип жибериптир.
Капчыгайдан чыккандан ………………………… көл көрүнөт.
Аа, балдарым андан ………………….. канча мезгил өттү, канча суу акты.

98
Калия Кулалиева
2.  Тексттеги  сүйлөмдөр  башаламан  тартипте  жайгаштырылды.  Кандай  тартипте  келсе  текст 
туура түзүлгөн болот?
Эми Түркия менен ээн-эркин катташа алабыз
Эскерте кетсек, кыргыз-түрк визасыз режими тууралуу келишимге 2011-жылдын 
26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган. (       )
Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги таратты.  (       )
Кыргызстан  менен  Түркиянын  ортосунда  түзүлгөн  визасыз  режим  тууралуу 
кызматташтык 10-февралдан тартып күчүнө кирет.  (      )
Мындай жеңилдик жүк ташуучу автоунааларга, жарандык самолётторго жана 
автобустарга да тиешелүү.   (    )
Демек,  ушул  күндөн  тартып  түрк  жарандары  Кыргызстанга,  ал  эми  кыр-
гыз  жарандары  Түркияга  виза  ачтырбай  эле  кирип  чыга  беришсе  болот.  (          ) 
3. Жогорудагы тексттеги жандооч сөздөрдү табыңыз, кайсы жөндөмө боюнча башкарып тур-
ганын белгилеңиз.
4. Жандооч сөздөрдү катыштырып иш кагазынын бир түрүн жазыңыз.
  Угалы
1-кѳнүгүү. Билдирмени угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Билдирмени жазыңыз, маалым даректерин туура жайгаштырыңыз.
  Сүйлөшөлү
1. Сиз чарчап иш сапарынан келдиңиз. Келсеңиз жумуш үйүлүп калыптыр. Билдирүү жазуу-
ну  да  унутуп,  иштей  бердиңиз.  Беш  күндөн  кийин  айлык  тийди.  Сиздин  айлык  акыңыздан 
жумушка чыкпаган күндөр үчүн кармап коюшуптур.
Жетекчиңизге абалды түшүндүрүңүз.
2.  «Отузунда  ойду  омкоро  албаган,  кыркында  кырдан  аша  албайт»  деген  макал  бар.  Чын  эле 
ошондойбу? Макалдын маанисин чечмелеңиз.
  Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу мазмунда билдирүү жазыңыз.
2. Төмөнкү темада дилбаян жазыңыз.  
Мен жөнүндө… 

99
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КӨРСӨТМӨ
Көрсөтмө  –  маалымат-усулдук  мүнөздөгү  маселелер  боюнча  жогору  турган 
уюмдун,  мекеменин  буйруктарын,  нускамаларын  жана  башка  ченемдик-укуктук 
актыларын  аткарууну  уюштурууга  байланыштуу  мамлекеттик  башкаруу  органы 
тарабынан  жазылган  укуктук  акт.  Мекеме,  уюм,  ишканалардын  жетекчилери 
да  оперативдүү  жана  административдик  (кызматкерлерди  иш  сапарга  жөнөтүү, 
чыгашаны төлөтүү ж.б.)  маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү чыгаруу укугуна ээ. 
Көрсөтмө буйрук менен тескемеге окшош формада жазылат. Жогорку орган-
дардын  кайсы  актысын  аткарууга  байланыштуу  чыгарылып  жатканы  сөз  болгон 
көрсөтмөнүн биринчи бөлүгүндө, ошол актынын толук аталышы берилиш керек 
(КРнын Президентинин Жарлыгы, КРнын Өкмөтүнүн Токтому ж.б.).
Көрсөтмөлөрдө конкреттүү аткаруучулары болот, анын тескөөчү бөлүгү «сунуш 
кыламын», «жүктөймүн», «милдеттендиремин» деген сөздөр менен башталат. 
Мисалы:
«Акыл» ачык акционердик коому
03.05.2010 
 
 
 
 
 
 
Бишкек шаары
К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине
китептерди жеткирип берүү жөнүндө
№ 19 КӨРСӨТМӨ
2010-жылдын 4-февралында түзүлгөн 8/124 келишимдин негизинде
СУНУШ КЫЛАМЫН:
1. Башкы кампанын тейлөөчүсү М. Кадыров университетке сатылуучу китептин 
тизмесин жана санын такташын;
2.  Келишимдин  3-беренесинде  каралган  төлөм  акылары  ошол  боюнча  сакта-
лып, төлөө мөөнөтү бир айга узартылышын;
3. Бул маселе боюнча координация ишинин башкы бухгалтерге жүктөлүшүн;
4.  Бул  көрсөтмөнүн  аткарылышы  боюнча  көзөмөлдүн  акционердик  коомдун 
директорунун орун басары С. Акматовго жүктөлүшүн.
Директор  
 
 
 
 
Д. Бүркүтбаев
Байланыш бөлүмүнүн
башчысы  
 
 
 
 
Т. Рыскелдиев

100
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Берилген маалым даректерге таянуу менен көрсөтмөнүн мазмунун аныктаңыз.
2. Сунуш кыламын бөлүгүн толук жазып чыгыңыз.
Талас райондук мамлекеттик администрациясы
№ 105 КѲРСѲТМѲ
Дыйкандардын жыйнаган түшүмүн
мамлекетке сатып алуу жөнүндө
КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнунда кабыл алган № 216 ТОКТОМУ-
НУН негизинде
СУНУШ КЫЛАМЫН:
1.
2.
3.
Талас райондук мамлекеттик
администрациясынын 
башчысы  
 
 
 
 
 
А. К. Кадыров
 Жазуу эрежелери
Йоттошкон е, ё тамгаларынын жазылышы 
1. Е  тамгасы төмөнкү учурларда жазылат:
1.  Үндүү  и  тыбышынан  кийин  йоттошкон  йэ  тыбышын  билдирүү  үчүн 
колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин 
йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, траектория, иероглиф, проект ж.б.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү 
тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а(-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө 

101
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
эмес, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий – киет, чий – чиет, кеңей – кеңеет
Булардын чийет, кеңейет ж.б. болуп жазылышына жол берилбейт.
2. Ё  тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин жазылып, 
татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, боёк, коён, оён ж.б.
2.  Кой,  сой,  той,  чой  сыяктуу  сөздөргө  о  тыбышы  менен  келген  мүчөлөр 
уланганда ё тамгасы менен жазылат: коёт, соёт, тоёт, чоёт ж.б.
3.  Орус  тили  аркылуу  кирген  сөздөрдө  ё  тамгасы  колдонулат:  ёлка,  актёр, 
суфлёр, Фёдор, дирижёр, стажёр, щётка, щёлочь, счётчик ж.б
4. Төмөнкү сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, 
майор, район, Нью-Йорк.
 Көнүгүүлөр
1. Эреже боюнча туура келген тамгаларды жазыңыз.
Чоңо.....т деген ушул, балам. Бул кийимдеримдин баары мага кичир..........п 
калыптыр го. Фирмабыздын аянты 80 кв/мге кең.......т. Депутаттардын бир кан-
часы расмий иш сапары менен .....гипетке барып келишти. Эки республика-
нын Президенттери макулдашууга кол ко......т. Тамакты мүнөздөп жейсиңби, 
бул ко.....ндун эти, коркпой жей бер. Ра.......ндон кат келиптир, бул кишинин 
арызын карап чыгышыбыз керек. «Түндүкэлектронун» кызматкерлери жаңы 
сч.....тчиктерди  коюп  жетише  албай  жаткандыктарын  билдирүүдө.  Атактуу 
дириж....рлордон кимдерди билесиз? Акт....рлордончу?
2. Тамганы жазып, берилген сөздү катыштырып, сүйлөмдөрдү түзүңүз.
бо....к
о.....н:
то....т: 
чи....т:
ре.....стр:
 Грамматика
Байламталар
Бир ыңгай сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн составындагы бөлүк-
төрдү өз ара тутумдаштырган кызматчы сөздөр байламталар деп аталат.
Байламталар түзүлүшүнө карай жөнөкөй (бир сөздөн: жана, да, себеби, менен 
ж.б.) жана татаал (эки же андан көп сөздөрдүн тизмегинен: анткени менен, ошол 
себептен, ошону менен бирге ж.б.) болуп экиге бөлүнөт.

102
Калия Кулалиева
Байламталар синтаксистик кызматына карай экиге бөлүнөт.
1. Багындырма байламталар
1. Себеп байламталар: себеби, анткени,
неге десең, андыктан, ошондуктан ж.б.
2. Шарттуу байламталар: эгер, эгерде.
Баяндоочу шарттуу ыңгайдын -са
мүчөсү менен аяктайт.
3. Салыштырма байламта: кандай,
канча, канчалык; ошондой, ошончо,
ошончолук ж.б.
2. Багындырбас байламталар
1.  Байланыштыргыч  байламталар: 
жана,  ары,  жана  да,  дагы,  да,  дале, 
менен ж.б.
2. Каршылагыч байламталар: а, ал эми,
бирок, антсе дагы, ошондой болгону
менен, анткени менен ж.б.
3. Божомолдогуч байламталар: же,
же болбосо, не.
1. Мисалдарды окуп, байламталардын түрүн аныктаңыз.
Биз барабыз, бирок алар келбейт. Баарынан кымбат мекен, андыктан ме-
кенибизди коргойлу. Азиада мектепке бара элек, ошентсе да тамгалардын баа-
рын тааныйт. Же келерин, же келбесин так айтпайт. Эгерде конкурстан өтсөм, 
чет өлкөдө окуйм. Арген Рамисович жумушка келбейт, себеби адистигин жо-
горулатуучу курста окуп жатат. Китеп менен дептериңди бул жерге калтырба. 
Мугалимге бардык шарттарды түзөбүз дешти, ошентсе да ал иштегенге макул 
болгон жок.
2. Боштуктарга төмөндө берилген байламталарды мааниси боюнча туура жайгаштырыңыз (да, 
бирок, же, да, эгерде, анткени).
1.  ............................................  мен  беш  түрдүү  тил  бил  .....................,  беш 
жагымдан чоң-чоң беш терезе ачылып, дүйнөнү беш жагымдан терең таанып 
олтургандай болор элем. (Т. С.)
2.  Муну  укканда  мен  ордумдан  ыргып  турдум,  ...................................... 
Дүйшөн ошол Сайкал кемпирдин үйүндө жүрчү. (Ч. А.)
3. Башка бир ишти билбей турган чыгармын, .............................. ата менен 
эненин ким экенин жакшы билем. (К. Ж.)
4. ....................... англис, ................. немис тилин тандашың керек.
3. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү байламталардын жардамы менен бириктириңиз.
Үлгү:   Асан мектепте иштейт.
   
Асан университетте иштейт.
   
Асан мектепте да, университетте да иштейт.
1. Мен университетке бардым.
    Конференцияга катыштым.
.................................................................................................................................. .
2. Ал ашканага кирди.
    Анын эч нерсе жегиси келген жок.
.................................................................................................................................. .
3. Сен көрсөтмө жаз.
    Сен буйрукту даярда.

103
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
.................................................................................................................................. .
4. Бул күчтүү окумуштуу.
    Бул адамды эл сыйлайт.
.................................................................................................................................. .
5. Ырдаган сенсиңби?
    Сүйлөгөнчү?
.................................................................................................................................. .
4.  Берилген  сөздөрдү  катыштырып,  иш  кагазынын  стилине  ылайык  келген  сүйлөмдөрдү 
түзүңүз. 
Ошентсе да, себеби, же болбосо, ошол үчүн, бирок, менен.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Көрсөтмөнүн мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Уккан текстти жазыңыз.

104
Калия Кулалиева
ЖОБО
Жобо  –  мекеме,  уюм,  ишканалардын  жалпы  ишмердигин  нормага  салган, 
алардын түзүмүн, функциясын, ички бөлүнүштөрүн, же кандайдыр  бир кырдаалга 
байланыштуу (ЖАКтын акционерлеринин жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү 
тартиби боюнча жобо, Келишимдерди түзүү жана аткаруу тартиби боюнча жобо 
ж.б.) иш-аракеттеринин тартибин аныктоочу, мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары 
жана токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы.
  Ар бир мекеме же уюм өз ишмердигин кабыл алынган жобонун негизинде 
жүргүзөт. Жобонун төмөнкүдөй маалым даректери болот:
  1. Жобону бекитүү белгиси;
  2. Жобонун расмий аталышы (ЖОБО);
  3. Жалпы жоболор;
  4. Иш милдеттери;
  5. Укуктар жана милдеттер;
  6. Жетекчилик;
  7. Өз ара байланыштар.
 Окуйлу
1. Ар бир маалым даректе эмнелер жөнүндө жазылышы керектигине токтолуп, чечмелеңиз.
2. Төмөндө берилген үлгү менен таанышыңыз, көнүгүүлөрдү аткарыңыз. 
Мекеменин ведомстволук архиви жөнүндө 
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ведомстволук архив – мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда (мындан ары 
– мекеме) түзүлөт жана өзүнүн ишин ушул мекеменин каражат эсебинен жүргүзөт.
1.2. Ведомстволук архив документтерди, анын ичинде мамлекеттик архивге ту-
руктуу сактоого берилгенге чейин мекеменин кинофотодокументтерин жана аудио-
видеожазууларын убактылуу сактоосун жана пайдалануусун ишке ашырат. 
1.3. Ведомстволук архив бирдей баш ийген же иш түрү боюнча бирдей бол-
гон мекемелердин документтерин сактоону жана пайдаланууну жүргүзөт. Мындай 
учурда ал бириккен ведомстволук архив болуп саналат. 

105

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет