Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет6/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

2. «Айтылган сөз – атылган ок»  деген сөздүн маанисин чечмелеңиз.

58
Калия Кулалиева
КУЛАКТАНДЫРУУ
Кулактандыруу  өткөрүлө  турган  иштер  жөнүндө  белгилүү  уюмдун,  топтун, 
жамааттын  мүчөлөрүнө  алдын  ала  билдирүү  же  эскертүү  үчүн    жазылат  (кээде 
айтылат).  Аны  окуган  (уккан)  адамдар  көрсөтүлгөн  иш-чарага  катышууга,  талап 
кылынган маселе боюнча тийиштүү мамилесин билдирүүгө милдеттүү.
Кулактандыруу  илинген  күндөн  тартып  атайын  кагазга  айланат.  Зарыл  учур-
да көрсөтүлгөн же айтылган иш-чарага катышуу-катышпоо жоопкерчилик милдет 
катары бааланып, аны аткарбай коюу боюнча доомат коюлушу мүмкүн.
Чакыруу
Чакыруу  өткөрүлө  турган  түрдүү  иш-чарага  (чогулуш,  конференция, 
той  ж.б)  жеке  адамдарды,  тийиштүү  коомчулукту,  анын  өкүлдөрүн  чакырууда 
жазылуучу иш кагазы.
Чакырууда өткөрүлө турган иштин мазмуну, максаты айтылып, боло турган 
күнү, сааты эскертилет. Керек учурда өткөрүлө турган иштин программасы тиркелет.
1. «Кулактандыруу илинген күндөн тартып атайын кагазга айланат» дегендин маанисин 
түшүндүрүп бериңиз.
2. Кандай чакырууларда иш-чаранын программасы кошо берилет?
3. Кулактандыруу, чакырууга мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын эстеп калыңыз.
Чогулуш, жыйналыш, конференция, симпозиум, конгресс, өткөрүлөт, болот, 
угулат, күн тартиби, катышууга тийиш, боюнча сунуштар кабыл алынат, 
пикирлер айтылат, талкууга алынат, билдирүүсү угулат, талкууга коюлат, 
жөнүндө, тууралуу, арналган, катышуусу күтүлөт, толук катышышы зарыл 
ж.б.
4. Боштуктарга туура келген сөздөрдү толуктап жазыңыз.
__________________  болот,  комиссиянын  төрагасынын  отчёту  _______________, 
филиалды ачуу маселеси ______________________ __________________________ ,
____________________ өткөрүлөт, чет өлкөлүк коноктордун __________________   
__________________,  боло  турган  шайлоо  боюнча  ________________ 
_________________ __________________, ____________ ______________________ 
маселелер, ишкананын уюшулганынын 10 жылдыгына _______________________ .

59
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Кулактандыруу жана чакыруунун үлгүлөрүн окуп, маалым даректерин жазыңыз.
Кулактандыруу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Профсоюздук кеңешинин 
отчёттук чогулушу 2011-жылдын 13-майында саат 16:00дө өткөрүлөт. Чогулушка 
бардык факультеттин окутуучулары жана кызматкерлери катышуусу керек.
Күн тартиби:
1.  2010-2011-окуу  жылынын  жыйынтыгы  боюнча  окуу  жайдын  Профсоюздук 
кеңештин төрагасынын отчётун угуу.
2.  Жай  мезгилиндеги  өргүү  убагы  үчүн  эс  алуу  жайларына  жолдомолорду 
бөлүштүрүү  жөнүндө  Профсоюздук  кеңешинин  мүчөсү  А.  Жумалиеванын 
билдирүүсү.
Жыйналыш башкы имараттагы кичи конференция залында болот.
 
 
   
19. 04. 2011   
 
 
Ректорат 
 
 
 
 
Чакыруу
Урматтуу Самарбек Карымшакович,
Түркология факультетинин «Жаңырык» студенттик адабий ийрими 2011-жыл-
дын 20-декабрында өтүүчү адабий-музыкалык кечеге чакырат. Сизди өзүңүздүн 
илимпоздук,  окутуучулук,  чыгармачылык,  тарбия  берүүчүлүк  өмүрүңүздүн 
кызыктуу  жерлеринен айтып берет деген ойдобуз.
Жери:  КТМУнун  Ч.  Айтматов  кампусу,  Экономика  факультети  
 
 
К. Тыныстанов ат. зал.
Күнү:   20.12.2011-ж.
Башталышы:16:00 
 
Уюштуруу тобу
10.12.2011
2. Кандай учурларда кулактандыруу жазылышы мүмкүн. Мисалдарды келтириңиз.

60
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Бош орундарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз. Варианттар төмөндө берилди. 
 
1. а) мамлекеттик   
б) улуттук 
 
в) илим-изилдөө
  2. а) академиясынын  
б) университетинин  в) институтунун
  3. а) он биринчи 
 
б) кезектеги   
в) алгачкы
  4. а) соңу 
 
 
б) натыйжасы  
в) жыйынтыгы
  5. а) тарбия иштери   
б) окуу иштери 
в) окуу жайы
  6. а) мамилелер 
 
б) байланыштар 
г) иштер
  7. а) боюнча   
 
б) тууралуу   
г) жөнүндө
Кулактандыруу
Кыргыз  ........................................(1)  юридикалык  ..........................................  (2) 
Окумуштуулар кеңешинин ............................................... (3) отуруму 2010-жылдын 
29-сентябрында өткөрүлөт.
Сааты: 14:00
Орду:  Конференция залы
Күн тартиби
1. 2009-2010-окуу жылынын ....................................(4) жана кезектеги милдеттер;
Баяндамачы:  .................................    ..........................................(5)  боюнча 
проректор проф. Шаршеналиев А. Ш.
2. Чет өлкөлөр менен илимий, окуу ..............................................(6) жөнүндө.
Баяндамачы: сырткы байланыштар ........................ (7) проректор 
проф. Келдибеков Б. Т.
 
 
19.09. 2010    
 
 
Ректорат 
 
2. Кулактандыруунун жазылбаган маалым даректерин толуктап жазыңыз.
Контракттык негизде билим алган студенттердин жаңы окуу жылы үчүн акы 
төлөө мөөнөтү 2011-жылдын 1-ноябрына чейин узартылганын  эскертебиз. 
3. Боштуктарды маанисине ылайык келген сөздөр менен толуктаңыз. Мүчөлөрдү туура улаңыз. 
Чакыруу
..................................  Жусуп Бектенович!
Сизди,  ......................  Баласагын  ат...................  КУУнун  ................................
.  жана  башкаруу  факультети  тарап.......................  уюштурулган  «Ааламдашуу 

61
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
шарт..........................  дүйнөлүк  ...........................-экономика.........................  өнү-
гүү  багыт...................»  деген  аталыш.........................  эл  .............................  симпози-
ум................... чакырабыз.
Симпозиум Жусуп Баласагын ат.............................. КУУ..................... башкы има-
рат............................... конференция ................................... өткөрүлөт.
Күнү:   12.05.2010
Сааты:    09:00
Сизди урматоо менен уюштуруу комитети
4. Чакыруунун текстин түзүңүз. 
Мазмуну  Касым  Тыныстановдун  100  жылдыгына  карата  өткөрүлүүчү 
мааракеге байланыштуу болушу керек.
 Жазуу эрежелери
Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы
1.  Аягы р тыбышы менен бүткөн сөздөргө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, 
мүчөнүн  башындагы  л  тыбышы  д  тыбышына  өтүп  да,  өтпөй  да  айтылган 
эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, шаарлык//шаардык, 
түрлө//түрдө ж.б.
2.  Жак мүчөнүн кыскартып -м жана толук -мын болуп айтылган эки түрүнө тең 
жазууда жол берилет: келем// келемин, окуйм//окуймун, алам//аламын ж.б.
3.  1-жактын  жак  мүчөсүнүн  -ганмын,  -гамын,  -гам  болуп  өзгөрүп  же 
кыскартылып  айтылган  түрлөрүнүн  бардыгына  жазууда  жол  берилет: 
келгенмин – келгемин –келгем, барганмын – баргамын – баргам ж.б.
4.  Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, барыш, табыш, чыгыш жөндөмө 
мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да 
жазууда жол берилет: апамын – апамдын, апамдан – апаман ж.б.
5.  1-2-жактын  жекелик  мүчөлөрүнөн  кийин  жалпы  таандык  -ныкы  мүчөсү 
уланганда,  мүчөнүн  толук  жана  кыска  түрдө  жазылышына  жол  берилет: 
агамдыкы//агамкы, эжеңдики//эжеңки ж.б.
6.  Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук 
түрүнө да жазууда жол берилет: байыртан//байыртадан, эмитен//эмитеден, 
азыртан//азыртадан ж.б.
 Көнүгүүлөр
1. Сөздөргө мүчөлөрдү эрежеге ылайык улаңыз.
1. Акындын бул ырларын оку............... . 2. «Шаар...................» деген телеберүү 
мага  абдан  жагат.  3.  Кулактандырууларды  мен  кечээ  эле  ил.......................  

62
Калия Кулалиева
4.  Чакырууларды  бер...................  .  5.  Анын  сыры  элге  мурун.................... 
белгилүү.  6.  Бул  ага................  документтери.  7.  Чогулушка  кечикпей  эле 
бар.................... . 8. Жогорку окуу жайына өтүү үчүн азыр............... даярдануу 
керек.
2. Берилген сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Сүйлөгөнмүн, айтканмын, элиңдики, атаңкы, жазгам, түзгөм, жөнөткөм.
 Грамматика
...-дан  ... -га чейин, ...-дан мурун (кийин, бери)
 
аналитикалык формалары
1.  Берилген  мисалдар  аркылуу  аналитикалык  формалардын  маанилерин  аныктаңыз, 
боштуктарды толуктаңыз.
Үйдөн ишке чейин 13 км. Райондук борбордон айылга чейин жөө келдим. 
Эртең мененки саат тогуз........ кечки саат алты... .................... иштейт.
Жазардан мурун окуш керек эле да. Китепти сизден мурун келгендер алып 
кетишти. Бул кабарды теле....... .................... радио берди.
Текшергенден  кийин  интернетке  жарыялагыла.  Баргандан  кийин  телефон 
чалганды унутпагыла. Чогулуш......... ............................ сүйлөшөлү. 
30 жылдан бери ушул мекемеде иштейт. Таанышкандан бери канча жыл өттү. 
Кулактандыруу илинген........ ............................. телефон чалгандар көп.
2. Боштуктарды толуктап жазыңыз. Жаңы сөз жана сөз айкаштарын белгилеңиз.
Бүгүн 24-январда саат 10-00........ 12-00....... ..................  жогорку вольттогу 
«Ботбаев»  көмөкчордонунда  Чүй  электр  тармактар  ишканасы  оңдоо 
......................  жүргүзөт.  Бул  тууралуу  «Түндүкэлектр»  басма  .................. 
кызматы билдирди.
Ошого 
............................. 
Сокулук 
айылында 
Биринчи 
май, 
Чыгыш ...................... электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Манас айылында 
да электр ............................ берүү үзгүлтүккө учурайт. Себеби «Манас» көмөк 
чордону ................................. жүктөлдү.
Ушул  эле  күнү  түшкү  саат  13-00.........15-00........  чейин  Маловодное, 
Жыламыш,  Кара-Сакал,  Кызыл-Туу,  Белек  айылдарынын  электр  энергиясы 
менен камсыздалышы үзгүлтүккө …………….. . Себеби жогорку вольттогу 
«Ботбаев» көмөкчордонунда Чүй электр тармактар ................................. оңдоо 
иштерин жүргүзөт.
3. Суроолорго жооп жазыңыз.
1. Жыйналыш канчадан канчага чейин болот экен?
2. Сүйлѳѳрдѳн мурун эмне кылыш керек?

63
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Жаңы жетекчи келгенден бери иштер кандай болуп жатат?
4. Окууну бүткөндөн кийин эмне кылабыз?
4. Жогорудагы аналитикалык формаларды катыштырып учур чак жана айкын өткөн чакта сүй-
лөмдөрдү түзүңүз.
 Жазалы
1. Боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
Чакыруу
........................ Бакыт Төрөбекович ........ Зейнеп Шаршеевна!
Сиздерди  2011......................  20-мартында,  .................  18:00дө  «Алтын  ордо» 
ресторанында ........................... ата-энебиздин «Алтын тоюна» жана ........................ 
Азаматтын .............................. тоюна  ....................................... .
   
 
 
 
Урматтоо ................... Эсен, Асел.
2.  Гезиттерге  жарыяланган  кулактандыруулардын  тексти  менен  таанышыңыз.  Мүчөлөрдү 
туура улаңыз.
«МЭК и Компани» ЖЧКсы жабылган............. билдирет. Арыз-доомат...... 
боюнча 2 ай........... ичинде төмөндөгү телефон......... кайрылса болот: 0 700 40-
54-06.
Мырзахайдаров  Момунжан...........  таандык  Ош  шаары...........  Жийделик 
көчө.................... 53-үйдүн техпаспор........ жоголгондугуна байланыштуу жа-
рак............. деп табылсын.
Кабылов Таштемир Бокоевич............ наамындагы Малдыбаев көчө.............. 
7-жер тилке..................... № 327608 мамлекеттик акты коду 1 – 04 – 17 – 00 15 
03 – 82 жоголгондугуна байланыш............ жарак........ деп табылсын.
3. Белгилүү бир илимпоз же министрликтин өкүлү үчүн конференцияга (симпозиумга) чакыруу 
кагазын даярдаңыз. 
4. Эртеден кечке чейин эмне иш кылганыңызды жазыңыз.
А) Иш күнү.
Б) Дем алыш күнү.

64
Калия Кулалиева
 Угалы
1. Кулактандыруунун текстин угуп, мазмунун айтып бериңиз. Жазыңыз.
2. Х. Карасаевдин сөзүн угуп, сүйлөмдөрдөгү боштуктарды толуктаңыз.
1. Ырыстын _ _ _ _ _ _ _ _ _ ынтымак, _ _ _ _ _ _ __ _ жок болсо, алдыңдан _ 
_ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ алтын так. 
2. Кемеге _ _ _  _  _ _ _ _ _ тагдыры бир.
3. Эгемендүү болгондон кийин элибиз _ _ _ _ _ _ _ _ _ _өстүрүш керек , _ _  _ 
_ _ _ _ _ _ өстүрүш керек.
4. Мамлекеттик тил кылышыбыз _ _ _ _  _ __ _  _ деп кыйкырып жатабыз, 
ал үчүн бай _ _ _  _ _ _ _ _ _ , _ _ _  _ _ _ _  _ _ _ _ _ тилин элдин мүлкү 
кылышыбыз керек. 
5. Академик Х. Карасаевдин пикирине мамилеңизди билдириңиз. 
6. Тексттеги макалдардын маанисин чечмелеңиз.
 Сүйлөшөлү
1. Мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлер үчүн кандай мазмундагы кулактандыруулар 
жазылат. Мисал келтириңиз.
2. Жашаган турак жайга байланыштуу кандай мазмундагы кулактандырууларды кезиктирүүгө 
болот.
3. Ыр саптарынын маанисин чечмелеп бериңиз:
Калкка беги калыс ченем түзбөсө,
Баш-көзү жок соргоктору жей берсе,
Калк өрттөнүп, анда эли бузулат,
Түбү бошоп, бектик сөзсүз жыгылат.
 
 
 
 
 
 
 
(Жусуп Баласагын)

65
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
БУЙРУК
Буйрук  башкаруу  практикасында  көп  пайдаланылган  буйрукчул  документ 
болуп  саналат.  Буйрук  башкы  маселелерге  байланыштуу  мисалы:  мекеме,  уюм, 
ишканалардын  ички  маселелери  боюнча,  мекеменин  же  анын  ички  түзүмдөрүн 
өзгөртүү, жоюу же кайра түзүү маселелери боюнча, нускама, жобо, эрежелерди ж.б. 
бекитүү маселелери боюнча, ошондой эле кадрлар маселеси (кабыл алуу, которуу, 
бошотуу  ж.б.)  боюнча  чыгарылат.  Буйрукта  жогортон  келген,  жетекчилер  тара-
бынан чыгарылган  жана аткарууга милдеттүү болгон ар түрдүү көрсөтмөлөр, иш-
чаралар боюнча маалымат тийиштүү же жооптуу кызматкерлерге жеткирилет.
Буйруктарды үч топко бөлүштүрүп кароого болот:
1.  Уюштуруу  (административдик-чарбалык)  маселелери  боюнча  буйрук 
мекеме, уюм, ишкананын түзүлүшү, жоюлушу, кайра түзүлүүсү, жамаат-
тык кеңеш, комитеттерди түзүүдө, башкаруу, уюштуруу түзүмдѳрүн бекит-
кенде ж.б. учурларда чыгарылат.
2.  Негизги (өндүрүштүк) ишмердүүлүк боюнча буйрук уюмдун ишмерди-
гин  каржылоо  тартибин  камсыздоо,  эффективдүү  иш  үчүн  материал, 
жабдык  менен  камсыздоо,  илимий-техникалык  саясатты  жүргүзүүгө, 
сапаттуу продукция өндүрүүгө ж.б. багытталган маселелер боюнча чы-
гарылат.
3.  Өздүк курам (кадр) боюнча буйрук кызматкерлердин иштен кетүүсү, ка-
был алынуусу, бир орундан экинчи орунга жылуусу, эмгек өргүүсүнө кетүү, 
келүү, сыйлаганда же кайсы бир орунсуз жоругуна баа берилгенде ж.б. жаг-
дайларга карата чыгарылат.
Мамлекеттик маанидеги буйруктарды мамлекет башчысы – Президент же 
өкмөт башчысы чыгарат жана ал массалык-маалымат каражаттарына жарыяланат. 
Алар  тийиштүү  мекемелер,  министрликтер,  уюмдар  тарабынан  жетекчиликке 
алынып, бүткүл калктын эсине салынат.
Көп учурда кызматкер өзүнө тиешеси бар буйруктун  көчүрмөсүн талап кылат. 
Аны басма жүзүндө даярдап, буйруктун кайрылган киши сураган бөлүгүн толук 
көрсөтүү  керек.  Берилген  кагазда  «Көчүрмө  анык»  деген  кеңсе  кызматкеринин 
визасы коюлуп, мекеменин мөөрү басылыш керек.
Буйруктун маалым даректери төмөнкүлөр:
Мекеменин бланкынын маалыматтары; 
Негиздөөчү бөлүмү;
Иш кагазынын аталышы; 
 
 
Жетекчинин кызмат орду;
Күн, ай, жылы.  
 
 
 
Жетекчинин колу;
Буйруктун номери;   
 
 
Жетекчинин аты-жөнү;
Тексттин темасы; 
 
 
 
Кошумча маалыматтар.
Текст;   
 
 
 
 
 

66
Калия Кулалиева
1. «Буйрук» деген сөздү ар түрдүү сүйлөмдөрдө колдонуу менен маанисин аныктаңыз. 
2. Жогорудагы текст боюнча 2 суроо түзүңүз.
3. Буйруктун текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
жөнүндө,  бошотулсун,  дайындалсын,  бекитилсин,  жүктѳлсүн,  кѳзѳмѳлгѳ 
алынсын,  өткөрүлсүн,  аткарылсын,  кабыл  алынсын,  окулсун,  түзөтүлсүн, 
жиберилсин,  чакырылсын,  сыйлансын,  маалымат  менен  камсыздалсын, 
каражат  бөлүнсүн,  текшерилсин,  түзүлсүн,  таркатылсын,  жоюлсун, 
жөнөтүлсүн ж.б.
4. Боштуктарды толуктап жазыңыз.
аткарган кызматынан ________________________________________
Сокулук районунун акими болуп ______________________________
иш кайрадан ________________________________________________
отун-суу менен _____________________________________________
атайы комиссия ____________________________________________
төмөнкүдөй түзөтүүдө _______________________________________
жергиликтүү бюджеттен _____________________________________
2 айлык мөөнөттө____________________________________________
 Окуйлу
1. Жалпы иш жана өздүк курам боюнча буйруктун үлгүлөрүн окуп, түшүнүксүз сөз жана сөз 
айкаштарын аныктаңыз.
2. Аларды сүйлөм ичинде колдонуңуз.
Кыргыз Республикасынын Чүй областы 
Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы
03. 01. 2010-ж.  
 
 
 
Кара-Балта ш.
№ 5  БУЙРУК
«Ноорузду» майрамдоо  жөнүндө
2010-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына байланыштуу иш-чараларды 
өткөрүү максатында буйрук кыламын:
1.  Майрамдык  иш-чара  21-март  күнү  саат  10.00дө      райондук  мамлекеттик 
администрациянын алдындагы аянтта өткөрүлсүн.

67
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2.  Райондогу  бардык  мекеме,  уюмдардын  эмгек  ардагерлери,  кызматкерлери 
салтанатка чакырылсын.
3. Райондун маданият үйүнүн кызматкерлеринин күчү менен майрамдык чоң 
концерт өткөрүлсүн.
4. РИИБдин начальниги райондун борборунда жана айылдарындагы коомдук 
тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын.
  Райондук мамлекеттик
  администрациясынын
  башчысы 
 
 
 
 
 
К. Өмүралиев
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
 
10.10.2006   
 
 
Бишкек ш. 
№ 45 БУЙРУК  
Кадрлардын өздүк курамы боюнча
Г. Бекбоева жѳнүндѳ 
Бекбоева Гүлжан Карыпбаевна ээлеген кызматынан бошотулуп, 2006-жылдын 
10-октябрынан  штаттык  тизимге  ылайык  айлык  акы  менен  окуу-инспекция 
бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалсын.
Негизи: Г. Бекбоеванын арызы.
   
Ректор  
     (колу)  
 
 
А. С. Алымов
3. Текстте бөлүнүп берилген сөз жана сөз айкаштары буйруктардын текстинде көп учурайт. 
Этиш сөздөрдүн берилиш формасына көңүл буруңуз.
4. Буйруктун текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын туура бириктириңиз.
ээлеген кызматынан   
 
 
жөнөтүлсүн
өкүл болуп 
 
 
 
 
күчүнө кирсин
дем алыш күнү деп   
 
 
көрсөтүлсүн  
катышууга 
 
 
 
 
аныкталсын
10 күндүн ичинде 
 
 
 
табылсын
комиссиянын мүчөлөрү 
 
 
бошотулсун 
куттуктоо 
 
 
 
 
жарыялансын 
кол коюлган күндөн тартып   
 
дайындалсын 
күчүн жоготту деп 
 
 
 
чечим чыгарылсын 
сыйлыкка 
 
 
 
 
милдеттендирилсин   

68
Калия Кулалиева
 Грамматика
Этиштин ыңгайлары
Сүйлөөчү  адамдын  кыймыл-аракетке  карата  болгон  мамилесин  билдирген 
этиштин формасы ыңгай деп аталат.
Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:
1. Буйрук ыңгай  
3. Каалоо-тилек ыңгай 
5. Баяндагыч ыңгай
2. Шарттуу ыңгай 
4. Максат-ниет ыңгай
 
 
 
Буйрук ыңгай
Сүйлөп  жаткан  адамдын  кыймыл-аракетти  аткаруу  үчүн  үч  жактын  бирине 
берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн билдирген этиш сөздөр буйрук ыңгай деп 
аталат.
Буйрук ыңгайдын жасалыш жолдору:
1. Уңгу этиштер буйрук ыңгайды уюштурат: бар, сүйлө, айт, жаз ж.б.
2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер 
буйрук ыңгайды уюштурат: ойно, жазыш, жардамдаш, сана, иште ж.б.
3. -сын, -гын, -гыла, -ыңыз, -ыңыздар, -алы, -алык сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы 
менен да түзүлөт: баргын, иштегиле, бошотулсун, кетелик, жөнөйлү ж.б.
Булардын ичинен буйрукту жазууда буйрук ыңгайды уюштуруучу -сын мүчөсү 
көп пайдаланылат.
Мисалы  буйруктун  тексттеринен  төмөнкүдөй  этиштерди  көп  жолуктурабыз: 
дайындалсын,  бошотулсун,  которулсун,  берилсин,  жүктөлсүн,  аткарылсын, 
көзөмөлгө  алынсын,  чакырылсын,  жиберилсин,  кат  жазылсын,  өткөрүлсүн, 
жарыялансын, илинсин, жайылтылсын ж.б.
1. Жогоруда келтирилген этиш сөздөрдү катыштырып 5 сүйлөм түзүңүз.
2. Сүйлөмдөрдөгү боштуктарга ылайык келген буйрук ыңгайдагы этиштерди жазыңыз.
1. Алтынбек, кечээ күнкү документтердин көчүрмөсүн ....................................  .
2. Кесиптештер, муну кайрадан ............................................................................ .
3. Чет өлкөлүк кыргыздарга моралдык жана материалдык колдоо ................... .
4. Жаш манасчылардын кароо-сынагы ................................................................ .
5. Кана, балам, башынан ....................................................................................... .
6. Шектүү жардамдан ............................................................................................ .
7. Иш сапардан кайтканча бул иштер ................................................................... .
8. Көрсөтмөлөрдү өз убагында .............................................................................. .

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет