Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет8/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   19

Калия Кулалиева
3. Актынын текстиндеги кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү көчүрүп жазыңыз.
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген сөздөрдү жазыңыз.
БЕКИТЕМ
Бишкек гуманитардык
.......................................
Ректор  .........................
АКТ
05.10.1993                                                                                   Бишкек ш.
Китепканачынын ишин 
тапшыруу .............................
Негиз: ректордун .....................................................................................................
.......................................................................................................................................
.............................................................................................................................................
.............................тарабынан ушул акт түзүлдү.
Университеттин ........................................................ болуп иштөөчү .......................
................. ишин тапшырды, А. Казиева ........................................ алды.
Ишти тапшырууда – кабыл алууда ............................................ аныкталды:
1. ........................................ – илимий басылма;
2. ........................................ – көркөм-адабий басылма;
3. ........................................ – мезгилдик басылма (гезит-журнал).
Тиркеме:
   
1.........................................
   
2.........................................
Акт 3 нускада түзүлдү.
1-нуска ..............................., 2-нуска .........................., .......................  А. Казиевага 
берилди. 
Ишти тапшырдым                            .................................................... 
Ишти кабыл алдым 
 
      .....................................................
Акт түзүүгө катышкандар  (колу)           .............................................

83
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2. Иш кагазы боюнча берилген тапшырмаларды аткарыңыз.
1. Боштуктарды туура келген варианттагы сөздөр менен толуктаңыз.
1. а) байлыкты  б) затты 
 
в) мүлктү 
 
г) эмеректерди
2. а) жогоруда 
б) бул жерде   
в) төмөндө   
г) ушул
3. а) мекеменин  б) ишканасынын 
в) фирмасынын 
г) уюмунун
4. а) ушул   
б) бул   
 
в) төмөнкү   
г) жогорку
5. а) берип  
б) алып 
 
в) өткөрүп   
г) жиберип
2. Актыны түзүүгө катышкандардын ээлеген кызматтарын жазыңыз.
Материалдык (1).................................... убактылуу сактоого 
кабыл алуу-өткөрүү жөнүндө 
АКТ
15.06.2008                                                                 Бишкек ш.
Биз,  (2)...............................  кол  коюучулар,  «Бек»  кичи  (3).................................. 
коммерциялык директору Ж. Аскаров, кызматчылары С. Орозова, К. Исаев жана 
«Артык» кичи ишканасынын менеджери Д. Алымбеков, кампа башчысы Ж. Кады-
ров   (4).................................... актыны түздүк. Төмөнкү аты аталган мүлктү «Бек» 
кичи ишканасынын өкүлдөрү  (5)................................, «Артык» ишканасынын кампа 
башчысы сактоого алды. 
1.  Компьютер – 3  (үч ) комплект;
2.  Шкаф – 2  ( эки ) даана;
3.  Муздаткыч – 4 ( төрт) даана.
.............................................  
 
 
 
Ж. Аскаров
............................................. 
 
 
 
С. Орозова
...........................................  
 
 
 
К. Исаев
...............................................  
 
 
 
Д. Алымбеков
...........................................  
 
 
 
Б. Кадыров
3. Төмөнкү сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп жазыңыз.
Коммерциялык директор:
Менеджер:
Кампа башчы:
Сактоого алуу:
 Грамматика
Сын атооч
Заттын сын-сыпатын билдирип, кандай? кайсы?деген суроолорго жооп берген 
сөздөр сын атооч деп аталат: сары, таттуу, тоголок, катуу, жакшы, чоң ж.б.
Сын атоочтун төрт даражасы бар:

84
Калия Кулалиева
1. Жай даража: кызыл, сулуу, акылдуу;
2. Күчөтмө даража: абдан кооз, өтө терең, эң баалуу, кыпкызыл;
3. Басаңдатма даража: кызгылт, саргыч, агыш, көгүш;
4. Салыштырма даража: кичирээк, таттуураак, таштай, тоодой. 
1. Сын атооч сөздөрдүн даражасын аныктаңыз.
Асыл эже жумушка кыпкызыл алмаларды алып келиптир. 
Карлыгачтын чачы абдан узун экен.
Бозомук түстөгү көйнөктү жактырган жокмун.
Жаңы дүкөн ачылды.
Теректей бой бергенче, теменедей акыл бер.
2. Берилген зат атооч сөздөргө сыпаттама бериңиз.
Стол ................................... , ................................., ....................................
Имарат ................................., ................................., ...................................
Кар ......................................, ................................., ....................................
Адам ................................... , ................................, .....................................
Жетекчи ............................., ..................................., ...................................
3.  Тексттеги  сын  атооч  сөздөрдү  аныктап,  аларга  маанилеш  же  карама-каршы  маанидеги 
сөздөрдү табыңыз.
Азыр да ошо суу боюнда жүргөндөй болду Кириск. Азыр да ысык жай-
дын  күнү  болуп,  ал  дырдай  жылаңач  киринип  жүрөт.  Мына  ал  суу  бойлой 
жүгүрүп, кемер жээктен иримге секирди, бирок негедир суу салкынын сезбе-
ди. Бу жолку суу кандайдыр колго жукпаган туман өңдүү суу экен. Ал туман-
га киринип жаткан тура. Бирок чыйрыктырып, үшүтүп барат. Апасы болсо, 
күлбөй эле ыйлап турат. «Карасаң, карасаң, куду эле атасынын өзү!» – деп 
бирөөгө көрсөтүп жатат да, өксүп-өксүп ыйлайт... Көздөн аккан шор жашы 
бетин жууйт... (Ч. Айтматов)
4. Сүйлөмдөгү сын атооч сөздөрдү таап, астын сызыңыз. Боштуктарга мааниси боюнча туура 
келген сөздөрдү жазыңыз.
Кыргыз  .................  улуу  журт  нечендеген  тарых  барактарын  картайтып, 
кылымдар  .................  абасы  таза,  суусу  тунук,  көк  тиреген  Ала-Тоону 
мекендеп, кандай мезгил, шарт болбосун улуу тоолорду чеп тутуп, Теңир-Тоо 
коюнунда ...................... келет. Карапайым калкы, көргөндүн көз жоосун алган 
керемет  жерлери  дүйнө  элин  .......................,  кыргыз  жеринин  бермети  бол-
гон Ысык-Көлүбүз ааламга белгилүү. Ал эми Сулайман-Тоо, Ак-Буура деген 
................ угарыбыз менен ордолуу Ош шаары көз алдыбызга .................. . Ош 
Римден да улуу, байыркы ................ ! Сулайман пайгамбар мекендеп, көптөгөн 
дүйнөнүн .................. тармагын байланыштырган Улуу жибек жолу да ушул 
шаарды  ................  өткөн!  Тарыхы  улуу,  таржымалы  сөз  менен  айтып  бере 
алгыс, жаратылышы кооз; береке, кут төгүлгөн, канчалаган улуу ..................... 
байырлаган  Ош  шаарына  дүйнө  эли  суктанып,  шаардын  чок  ортосунда 
......................  касиеттүү  Сулайман-Тоосуна  мусулман  эли  зыярат  кылып 
кетүүнү көксөсө, саякатты сүйгөн адамдар бир ...................... эңсеп келишет.

85
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазуу эрежелери
Татаал сөздөрдүн жазылышы
1.  Кошмок  сөздөрдүн  бөлөк  жазылышы:  лексикалык  маанисин  жоготпой,  өз 
алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү 
бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: алп кара куш, көз айнек, козу карын, ат 
кулак, эл аралык, басма сөз, арык чырай, көз караш, ден соолук ж.б.
2. Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: кете бер, таап кел, айттырып 
ий, алып барып бере кой, жыгылып кете жаздап барып токтоду, келе жатат 
ж.б.
Эскертүү!
жат- деген жардамчы этиш кыскартып айтылса, угулганындай негизги этиш 
менен бирге жазылат: баратат, келатат ж.б.
1. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү 
айрым жазылат: кара көк, кызыл чийкил, мала кызыл, кара күрөң, сары ала, 
кер кашка, кара тору ж.б. (татаал сын атоочтор);  бир кезде, ар дайым, ар күнү, 
түн ичинде, бир паста ж.б. (татаал тактоочтор).
2.  Тууранды,  сырдык,  модаль  сөздөр,  байламта,  жандооч,  бөлүкчөлөр  толук 
маанилүү сөздөр менен тизмектешип айтылганда бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, 
ого бетер, бар эле, сен го, бах чиркин, чогулуштан кийин, ага сөрөй, ар ким, эч 
нерсе, эч жерде, ар качан ж.б.
Эскертүү!
Эчтеке, эчтеме, бирдеке, эчтемке, бирдемке сыяктуу сөздөр бирге жазылат.
 Көнүгүүлөр
1. Татаал сөздөрдү катыштырып алты сүйлөм түзүңүз.
2. Төмөнкү суроолорго жооп жазыңыз.
Сиз кандай адамдарды жактырасыз?
Сиздин досуңуз кайсы жерде, кандай шартта жашайт? 
Эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнүп жатасыз? 
Кандай өлкөдө жашагыңыз келет?
3. Асты сызылган сөздөргө суроо бериңиз?
Бак-дарактардын кооздугуна суктанып ушул көчө менен жайбаракат бас- 
каныбызды эч качан унутпайм.
Биринчи байлык – ден соолук.
Ооба, эртең менен бир кара тору бала баш баккан, маани бербептирмин.
Арсен Жумабекович бул компьютерди 2 жылдан бери колдонуп жатат.
Сиздин ашказаныңыз ооруп турат окшойт?

86
Калия Кулалиева
 Сүйлөшөлү
Сиздин бир кызматкериңиз жумуштан чыгып жатат. Ал акты аркылуу өткөрүп 
берчү  материалдык  мүлк  бар.  Бирок  ал  акты  түзүп,  жумушту  өткөрүп  отурууну 
каалабайт. Анткени анын колунда чет өлкөгө учуп кетиш үчүн учакка билети бар.
1. Акты түзүү аркылуу ишти өткөрүп берүүсү зарыл экендигин түшүндүрүңүз. 
2. «Ырыс алды – ынтымак» деген макалдын маанисин чечмелеп бериңиз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Актынын мазмуну эмнеге байланыштуу жазылганын аныктаңыз. Айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Актынын текстин кагазга түшүрүӊүз.
 Жазалы 
1. Боштуктарды толуктап жазыңыз.
БЕКИТЕМ
«Бурул» ЖЧКсынын 
......................... директору
Ниязова Э. О.
колу/..........................
19.02.2011 
 
 
 
 
 
 
 
Бишкек ш.
АКТ
Биз,  төмөндө  кол  коюучулар,  комиссия  ........................:  бухгалтер  Ким  А.  Р., 
юрист Алмазов К. О., инженер-........................ Бекбоев М. К. ушул актыны түздүк. 
Анткени башкы кеӊседеги юристтин компьютеринин бир тетигин ............................ 
туура келип, 350 (үч жүз элүү)  сомго «Continent» .............................  жаңы тетик 
сатып алдык.
Менин отчёт берүү эсебимден 350 (үч жүз элүү)   сомду алып салууңузду ........
................................. . 
 
   
Бухгалтер    
 
 
 
Ким А. Р.
   
Юрист  
 
 
 
 
Алмазов К. О.
   
Инженер 
 
 
 
 
Бекбоев М. К.
2. Ишиңизге байланыштуу жумушту өткөрүп берүү жана текшерүү актысын түзүңүз. 

87
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
БАЯНДАМА КАТ
Баяндама  кат  –  аткарылган  иш,  түзүлгөн  кырдаал,  орун  алган  көрүнүш  
жөнүндө  маалымдоочу  иштеген  уюмду  же  жогорку  мекеменин  жетекчисине 
жазылган иш кагазы. Ал өз ичине  түзүүчүнүн корутундуларын жана сунуштарын 
камтыйт. Баяндама кат кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча да, жетекчиликтин 
көрсөтмөсү боюнча да даярдалат.
Мазмунуна жана максатына ылайык баяндама каттар маалыматтык жана отчёт-
тук болуп экиге бөлүнөт. 
Баяндама кат эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө орун алган фактылар кел-
тирилет, кырдаал баяндалат, экинчи бөлүгүндө сунуштар менен өтүнүчтөр билди-
рилет. Баяндама кат менен иштин жүрүшү жөнүндө жетекчиге маалымат берилет.
1. Баяндама катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
текшерүүнүн  жыйынтыгы  жөнүндө,  тааныштык,  аныктадык, 
билдиремин,  суранамын,  өз  убагында  бүтүрүлгөн,  канааттандырарлык, 
канааттандырарлык эмес, объекти кабыл алууга болот (болбойт), дагы бир 
текшерүүнү талап кылат, мөөнөттү узартуу керек ж.б.
2. Баяндама кат эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Улап жазыңыз.
Курулуш объектилери 
Билим берүү жайларынын абалы
Айылдык маданият үйлөрүнүн абалы  
 
 
 
жөнүндө
Эмгек жамаатынын сунушу
Кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу
 
 
 
 
 
2. Суроолорго жооп жазыңыз.
1. Баяндама кат кайсы учурда жазылат?
4. Баяндама кат мазмуну боюнча иш кагазынын кайсы түрүнө жакын экен? 
Эмне үчүн?
 Окуйлу
1. Текстти окуп, мазмунун аныктаңыз.
«Бийиктик» басмаканасынын
директору Ж. Кадыровго

88
Калия Кулалиева
БАЯНДАМА КАТ
02.02. 2011-ж.   
 
 
 
 
 
 Бишкек ш. 
   
 
 
  № 247/6 заказын кошумча каржылоо жөнүндө 
2012-жылдын  экинчи  жарым  жылдыгында  полиграфиялык  кызматтар  үчүн 
баанын  кескин  түрдө  көтөрүлүп  кеткендигине  жана  сметанын  өзгөрүшүнө 
байланыштуу  №  247/6  заказын  аткаруу  иштери  бүтпөй  калды.  Бул  ишти  аягына 
чыгуу үчүн дагы кошумча 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүңүздү 
суранам.
  Бөлүм башчысы 
 
 
 
М. Нуржанов
2. Сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериңиз.
кошумча каржылоо:
акча каражаты:
баанын кескин көтөрүлүшү:
 Көнүгүүлөр
1. Төмөнкү тексттердеги баяндама каттын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын анык-
таңыз.
2. Боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
Кыргыз Республикасынын 
Билим берүү жана ………..
министри К. Ж. Садыковго
«Балдардын жайкы эс алуусу» 
долбоорунун …………………….
Ж. Тыныбековадан
БАЯНДАМА КАТ
Окуучулардын эс алуу
лагерлеринин абалы жөнүндө
Сиздин көрсөтмөңүз жана долбоордун алкагындагы ……………………… иш-
чаралардын  планы  боюнча  2010-жылдын  25-…………………  30-апрелине  чейин 
атайы түзүлгөн топ көл кылаасында …………………… жайкы эс алуу лагерлерди 
кыдырып  чыгып,  жатакана,  ашкана,  оюн-зоок  үчүн  каралган  ……………….  ал-
абалы менен тааныштык.

89
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Министрликтин карамагындагы 5 лагердин …………………………. жайкы эс 
алууга толук даяр, ал эми экөө оңдоп-түзөө, ……………, сырдоо жумуштарын жүр-
гүзүүнү …………………. кылат.
Көрсөтүлгөн  кемчиликтерди  тез  арада  оңдоо  жагын  лагердин 
директорлоруна………………. сураймын. № 5 жана № 2 лагерлердин абалы дагы бир 
текшерүүдөн өткөндөн кийин окуучуларды кабыл алуусу ………………………….. 
билдиремин. 
03.05.2010                                                                             Ж. Тыныбекова
4. Баяндама каттын башкы бөлүгү берилди, аягын толуктап жазыңыз.
«Даназык» агрофирмасынын
президенти Р. Даникеевге
соода-сатык бөлүмүнүн
башчысы  Ж. Аскаровдон
БАЯНДАМА КАТ
 Грамматика 
Кыймыл атоочтор
Кыймыл-аракеттин атын билдирип, жөндөмө, таандык, көптүк -лар мүчөлөрү 
менен өзгөргөн этиштин өзгөчө формасы. Төмөнкүдөй мүчөлөр аркылуу жасалат: 
-оо, -өө  – ойлоо, сүйлөө.  Жашоо – күрөш.
-уу, үү – баруу, күлүү. Билим алуу – ийне менен кудук казгандай.
-ыш (-ш) – кармаш, жатташ, келиш.  Адам болуш кыйын.
-мак – алмак, бармак, бермек. Алмактын бермеги бар.
-май –  коймой, турмай, отурмай. Тынбай иштемей анын адаты.
…-уу үчүн, …-ыш керек, …-ыш үчүн, …-уу керек аналитикалык формасы 
кепте абдан көп колдонулат.
Мисалы: Кардарлардын суроо-талабын канааттандыруу, сапаттуу продукция 
менен камсыздоо үчүн күнү-түнү иштешибиз керек
Оору-сыркоо,  бөөдө  кырсыктын  санын  азайтыш  үчүн  калктын  социалдык 
абалын көтөрүү керек.
Кыргыз тилин үйрөнүш үчүн кыргызча китеп, гезит, журнал окуу керек.
Түркияга барыш үчүн виза ачуунун кереги жок
Ийгиликке жетиш үчүн эмгектенүү керек.
Эскертиш үчүн телефон чалуунун кереги жок.
Балыкчыга баруу үчүн кемеге отуруштун кереги жок.
Учакка билет алыш үчүн аэропортко баруунун кереги жок.

90
Калия Кулалиева
1. Суроолорго жооп бериңиз.
Ысык-Көлгө адамдар эмне үчүн барышат?
Кесиптештердин сынына кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?
Балдарыбыз ийгиликке жетиш үчүн эмне кылышыбыз керек?
Сиздин досуңуз оорубаш үчүн эмне кылат?
Жетекчинин буйругун аткарыш үчүн эмне кылуу керек?
Баяндама катты жазууну эмнеден башташ керек?
Ал жерге жетиш үчүн сөзсүз учакка отуруу керекпи?
2. Сүйлөмдүн жарым бөлүгү берилген, жарымын толуктап жазыңыз.
Көчөттөрдү алып келиш үчүн ………………………………… ……………… .
Буйрук күчүнө кириш үчүн ……………………………………………………. .
Кышында кыйналбоо үчүн …………………………………………………….. .
Коомдун өнүгүшү үчүн ………………………………………………………… .
Айтматовду түшүнүш үчүн …………………………………………………….. .
……………………………………….………………………….даярдануу керек.
……………………………………………………………. токтом чыгаруу керек.
…………………………………….…………………жолдорго кум чачыш керек.
…………………………………….……………… витаминдүү азык жеш керек.
………………………………………………………..   улууларды сыйлаш керек.
3. Диалогду мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
– Саламатсызбы, ……………………. ?
– ………………………., Белек. Кел, кандайсың? 
– Рахмат, эже. Баары жайында. Сизге бир маселе ………….. кайрылсам болобу?
–……………………. . Эмне болду?
–  Эже,  пландаштырылган  конференциянын  өтө  турган  ……………….  башка 
күнгө жылдырсак ……………………?
– Эмне себептен? Баары эле даяр го.
–  …………..,  баары  …………………..  .  Бирок  ошол  күнү  конференция  залда 
башка  чоң  жыйналыш  ……................  деген  кабар  катышуучуларга  ………………
калыптыр.
– Ошондойбу, эми ………………… ……………………. керек?
– ………………………………….. боло турган күнүн өзгөртүш керек го. Болгону 
бир же эки күн нары ……………………….. кантет? 
–  Мейли.  Уюштуруу  …………………………..  менен  кеңешип,  бул  маселени 
чечкенден кийин мага ……………………….. койгула.
– Макул. ………………………….. ………………………………… .
4. Диалогго катышкандар кимдер? Алар жөнүндө кандай маалымат ала алдыңыз. Айтып бе-
риңиз.

91
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазуу эрежеси
Татаал сөздөрдүн жазылышы
1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы
Тыбыштык  түрү  өзгөрүп,  түгөйлөрү  өз  ара  бириккен  сөздөр  бирге  жазылат: 
быйыл,  бүгүн,  каер,  жылаңаяк,  жылаңбаш,  унчук,  кайната,  байке,  агайын, 
былтыр, антип, бүрсүгүнү, ушинтип, минтип ж.б.
2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы
Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн 
ажыраган сөздөр  менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани бе-
рип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, карагат, алмон-
чок ж.б. 
Уяң үнсүз менен бүткөн сөздөн кийинки сөз  каткалаң үнсүз менен башталса, 
каткалаң үнсүз жумшак айтылат, бирок ага жазууда жол берилбейт:  тилгат эмес, 
тил кат, колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат.
Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасал-
ган кошмок сөздөр бирге жазылат:  асыресе, тиригарак, жексур ж.б.
 
 Тесттик тапшырмаларды аткарыңыз.
1. Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?
А) кайната, таңатуу, ак тилек, кеч курун
Б) таң заар, тил кат, жылаң баш, колкап
В) эчтеке, карамүртөз, кол башчы, таң калуу
Г) агайын, ал мончок, тил кат, көбүнесе
2. Кайсы катардагы энчилүү аттардын бардыгы туура жазылган?
А) Батыш Европа, борбордук Азия, Орто Азия
Б) Торук-Арт, Төө-Ашуу, Ала-Тоо
В) Алай-Куу, Кум-Төр, Шамалды-Сай
Г) Мырзаке, Чалдыбар, Кара-Үңкүр
3. Кайсы катардагы сөздөрдүн баарында дефис туура коюлган?
А) 5-класс, X-кылым, 1991-жыл
Б) 7,8 бала, ТУ-154, Ауди-100
В) 2012-жыл, XX кылым, № 1-үй
Г) № 68 мектеп, АН-10, 5-6 жигит
4. Төмөнкү сөздөр көп убакта эрежеге ылайык жазылбаганы байкалат. Кашаанын ичинде туура 
эмес жазылганы берилди. Туура жазылышын эстеп калыңыз.
Үй-бүлө  (үй  бүлөө  же  үйбүлө  эмес),  ден  соолук  (ден-соолук  эмес), 
дарскана (дарскаана эмес), уруксат (улуксаат эмес), эл аралык (эларалык 

92
Калия Кулалиева
эмес), № 72 мектеп ( № 72-мектеп эмес), бир аз (бираз эмес), бир-бирден 
(бир бирден эмес), баары (бары эмес), бардык (баардык эмес), оперативдүү 
(оперативтүү эмес), ич ара (ичара эмес), иш-чара (иш чара эмес), башаламан 
(баш аламан эмес).
5.  Көрнөк-жарнактарда,  субтитрлерде  дагы  кайсы  сөздөрдүн  жаңылыш  жазылганын 
байкадыңыз. Жазыңыз.
6. Суроолорго жооп бериңиз. Туура жазыш үчүн эмне кылышыбыз керек?
1. Сиз эмне кылышыңыз керек?
2. Кыргыз тилчилер эмне кылышы керек?
3. Мамлекет кандай чараларды колдонушу керек?
 Грамматика
Тактооч
Кыймыл-аракеттин  түрдүү  кырдаалын  билдирген  сөздөр  тактооч  сөздөр  деп 
аталат.  Тактоочтор  кандай?  кантип?  канча?  кайда?  кайдан?  деген  суроолорго 
жооп берет. 
Тактоочтор маанисине карай төрткө бөлүнөт: 
1.  Мезгил  тактооч:  Азыр  келем.  Кечке  маал  чыгып  кетти  эле.  Таң  заарда 
телефон чалыптыр. Жайында жакшы эс ала албай калдым. Эртең эрте барам.
2. Орун тактооч: Алга басты. Артка кайрылды. Ары-бери баспай отурчу. Сиз 
менен кийин сүйлөшөм.
3. Сын-сыпат тактооч: Араң окуду. Тез сүйлөйт экен. Кыргызча жазыптыр. 
Дароо бүтүрүп беришти. 
4. Сан-өлчөм тактооч: Тамакты аз-аздан, тез-тез ичип турушуңуз керек. Анча-
мынча жардамдаштым. Мунун ичи бөксө экен. Китептерди кем берди. 
1. Жогоруда келтирилген мисалдардан тактооч сөздөрдү табыңыз. Суроо бериңиз.

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет