Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет2/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

3. Мен киммин? деген темада эссе жазыңыз.

13
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ӨМҮР БАЯН
Өмүр  баян  кимдир  бирөө  өзүнүн  өмүр  жолун  баяндап  жазышы.  Өмүр  баян-
да адамдын эмгек жана коомдук ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизги фактылар 
камтылат. Бул иш кагазы кадр тандоодо көп суралат.
Өмүр баяндын маалым даректери:
1.  Иш кагазынын аталышы;
2.  Текст:  аты-жөнү,  туулган  жылы,  айы,  күнү,  ата-энеси,  бир  туугандары 
жөнүндө кыскача маалымат, билими, адистиги. Иштеген жерлери, акыркы 
иштеген жери, сыйлыктары, коомдук иштерге катышуусу, үй-бүлөлүк абалы, 
үйүнүн дареги.
3.  Дата;
4.  Колу;
5.  Аты-жөнү.
Акыркы  кездерде  жумушка  орношууда,  көпчүлүк  мекеме  менен  уюмдарда 
таржымалдын (резюменин (фр.resume – кыскача баяндоо)) же СV (лат. curriculum 
vitae – жашоо агымы) деп аталган документтин толтурулушу талап этилет. Таржы-
малда  талапкер  тууралуу  жумуш  берүүчүнү  кызыктырган  бардык  маалымат 
камтылып, жумушка тиешеси болбогон маалыматтын берилбегени туура болот. 
СV – жумушка орношууну каалаган адамдын иш тажрыйбасы, жөндөмү, били-
ми жана башка тиешелүү маалыматты камтыган документ.
Таржымалдан  айырмаланып,  СV  кененирээк  маалыматты  камтыйт.  Көбүнчө 
жогорку постко талапкерлер тарабынан толтурулат. 
Өмүр баян, таржымал үлгүлөрү менен төмөндө тааныша аласыздар.
1. Өмүр баяндын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
төрөлгөм // туулгам, аяктадым // бүтүрдүм, кабыл алындым // кирдим,  
окудум, иштедим, дайындалдым, которулдум, жөнөтүлдүм, сыйландым, 
татыктуу болдум, ээ болдум.
2. Текст боюнча 2 суроо түзүңүз.
3.  Боштуктарды туура толуктаңыз.
Үлгү: орто мектепти  …………………..   /  орто мектепти бүтүрдүм

14
Калия Кулалиева
Араван районунда …………………………………………………………………
Адистикти жогорулатуучу курска ………………………………………………..
«Жылдын мыкты мугалими» деген наамга ………………………………………
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы болуп …….…………...................
КРнын Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен ………………….
1998-жылдан  2001-жылга  чейин  Кыргыз  Республикасынын  Казакстандагы 
элчилигинде …………………………………………………………….....………
2007-жылы Ош МУдан БГУга ……………………………………………………..
4. Жогоруда берилген көнүгүүнү 2-3-жакта жазып чыгыңыз.
Үлгү: орто мектепти……………………..   /  орто мектепти бүтүрдүң
орто мектепти……………………..   /  орто мектепти бүтүрдү
 Окуйлу
1. Энчилүү аттардын жазылышына көңүл буруңуз. Окуу жөндөмүңүздү текшериңиз.
Өмүр баян 
Мен, Акылбек кызы Жаңыл, 1973-жылы 2-январда Ысык-Көл облас- 
тынын Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөм. 
1980-жылы Саруу айылындагы С. Сыдыков атындагы орто мектептин 
1-классына кабыл алындым жана аны 1991-жылы аяктадым. 
1991-жылы КМУУнун экономика жана башкаруу факультетинин фи-
нансы жана кредит бөлүмүнө кабыл алынып, 1995-жылы университетти ар-
тыкчылык диплому менен бүтүрдүм. 
1990-1995-жылдары «Учкун» акционердик коммерциялык банкына адис 
катары кабыл алынып, 2005-жылы конкурстук негизде «АТФ-Банктын» кре-
диттик бөлүмүнө башкы адис катары кабыл алындым.
Учурда  ушул  банктын  кредит  жана  аудит  бөлүмүнүн  башчысы  болуп 
иштеп жатам. 
Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Жолдошум Жумалиев Эрмек 
«Шоро» жабык типтеги АКында экономист болуп иштейт. 
Дарегим:
Бишкек шаары 
 
 
 
03.06.2010
Тунгуч кичи району 
 
 
 
20-үй, батир № 52.  
 
 
Колу /..............................
Тел.: 44-83-61 
 
 
 
 
 
 
Уюл. тел.: 0552 550057   
 
Акылбек кызы Жаңыл

15
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2. Тексттеги сөз жана сөз айкаштарын эстеп калыңыз. 
төрөл- // туул-   
 
конкурстук негиз
кабыл алын- // кир-   
үй-бүлөлүү
аякта- // бүтүр-  
 
......... районуна (областына) караштуу
3. Жогоруда берилген сөз жана сөз айкаштарын пайдаланып, оозеки түрдө чакан текст түзүңүз. 
 Жазуу эрежелери
Адам аттарынын жазылышы
1.  Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, жашыруун аты баш тамга 
менен жазылат: Ажар, Улан, Кыял, Таалай, А. Токомбаев (Балка) ж. б.
2.  Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, 
айтылышы  боюнча  бирге  жазылат:  Турдумамбет,  Эсенгелди,  Асылгүл, 
Айсанат  ж.  б.  (Эскертүү:  Кыз  Сайкал,  Жаңыл  Мырза,  Молдо  Нияз, 
Бала Курман ж. б.)
3.  Адамдын ысымына уулу, кызы, келини деген сөздөр кошулуп айтылса, бу-
лар кичине тамга менен айрым жазылат: Осмон Болот уулу, Назира Аалы 
кызы ж.б. (Эскертүү: Кожогелди Култегин, Тынчтыкбек Чоротегин).
4.  Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, 
Эдиль эмес, Асел, Эдил. 
5.  Мифологиялык  түшүнүктөргө  байланыштуу  татаал  энчилүү  аттар 
төмөнкүчө жазылат: Адам ата, Умай эне, Чолпон ата, Камбар ата, Көкө 
теңир ж. б.
6.  Орус  же  башка  тилдерге  тиешелүү  ысымдар,  орус  тилинин  орфо-
графиясынын нормасына ылайык жазылат: Жан Жак Руссо, Хо Ши Мин, 
Фердинанд де Соссюр ж. б. (Эскертүү: Джек, Кембридж, Джордж деген 
сөздөр Жек, Кембриж, Жорж түрүндө жазылат).
1. Бош орундарга мааниси боюнча туура келген сөздөрдү жазыңыз. Энчилүү аттарды табыңыз, 
алардын жазылышына көңүл буруңуз.
Өмүр баян 
Мен,  Абдрахманова  Аида  Жеңишбековна,  1980-жылы  27-майда  Талас  
 _ _ _ _ _ _ _ Манас районуна _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ Жийде айылында туулгам.
1987-жылы Покровка орто _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  1-классына кабыл алынып, 
аны 1998-жылы _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _.
1998-жылы Ишеналы Арабаев атындагы КМПУнун география факульте-

16
Калия Кулалиева
тине _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ . 2003-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап, 
КМУУнун  аспирантура  бөлүмүнө  тапшырдым.  2008-жылы  кандидаттык 
диссертациямды _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _.
2006-жылы КРнын УИАсына _ _ _ _ _ _ _ _ _ кызматкер болуп орноштум. 
2009-жылдан бери Ишеналы Арабаев _ _ _ _ _ _ _ _ _ КМПУнун география 
факультетинде ага окутуучулук кызматта жарым  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ иштеп 
жатам.
Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Жолдошум  Мирбек Өмүркулов  
1975-жылы _ _ _ _ _ _ _ _ _ _,  КРнын Ички иштер _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ кадрлар 
бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 
 
Дарегим: 
Бишкек шаары 
 
 
 
Жал кичи району   
 
№ 43 үй, 76-батир.  
 
Тел.: 54-25-60
26.07.2011   
Колу/ _ _ _ _ __ _ __   
Абдрахманова А. Ж.
2. Төмөндө өмүр баяндын тексти башаламан тартипте берилди, кашаанын ичине катар номурун 
иреттеп жазыңыз. Энчилүү аттардын алдын сызыңыз.
Өмүр баян
1967-жылы Бишкек шаарындагы № 48 орто мектепти бүтүрүп, Кыргыз 
мамлекеттик  университетинин  биология  факультетине  өттүм.  1972-жылы 
аяктадым. Адистигим  биология мугалими. (     )
Уулум Алым 1976-жылы, кызым  Аида 1978-жылы туулган. Азыр алар 
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде иштеп жатышат.  (     )
1997-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы № 28 
мектепте мугалим болуп иштеп келе жатам. (     )
Мен, Орозалиева Айнура Жапаровна, 1949-жылдын 31-декабрында Биш-
кек шаарында туулганмын. Атам Чормонов Жапар, апам Чормонова Айнагүл. 
(     )
Жолдошум    Орозалиев    М.  Д.  Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө 
кырдаалдар жана граждандык коргонуу министрлигинде иштеп жатат. (     )
1972-жылы «Агро өнөр жай» ишканасына адис катары ишке кирдим. (     )
1984-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлан-
ганмын. (     )
 

17
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Дарегим: 
Бишкек шаары 
 
 
 
 
Тел.:  41-65-18 
 
 
 
 
 
Горький көчөсү, № 89
№ 41 бат. 
21.04.2004   
 
Колу/_ _ _ _ _ _ _ 
 
Орозалиева А.Ж
3. Тексттин башкы бөлүгү берилди. Аягын бүтүрүңүз. Энчилүү аттардын алдын сызыңыз. Улап 
жазууда энчилүү аттардын жазылышына көңүл буруңуз.
Өмүр баян
Мен,  Закиров  Өмүрбек  Закирович,  1969-жылдын  6-декабрында  Баткен 
областынын Лейлек районуна караштуу Голбо айылында туулганмын.
1976-жылы Казыев Кожояр атындагы орто мектептин 1-классына кабыл 
алындым. Аталган мектепте 1980-жылга чейин, башкача айтканда, 4-класска 
чейин окудум.
.............................................................................................................................
4. Ушул эле текстти 3-жакка таандык кылып кайра түзүп, оозеки айтып бериңиз.
Мисалы: Закиров Өмүрбек 1969-жылдын 6-декабрында Баткен областы-
нын Лейлек районуна караштуу Голбо айылында туулган.
5. Берилген сөздөрдү катыштырып (иш кагаздар стилин сактоо менен) сүйлөмдөрдү түзүңүз.
Кабыл алын-, дайындал-, сыйлан-, жөнөтүл-, которул-, аякта-, шайлан-.
 Грамматика
Зат атооч
Зат атооч заттын атын билдирет жана ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген 
суроого жооп берет. Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп экиге бөлүнөт.
Энчилүү  ат  жеке  бир  затка  энчиленип  коюлат.  Энчилүү  аттардын 
айрымдарынын жазылышы менен биз жогоруда тааныштык. М.: Чүй, Аккула, 
Белек, Сары-Челек, «Агым» гезити, «Ажар» повести, «Нуска» китеп дүкөнү. 
Жалпы ат бир түрдүү заттарга жалпы жонунан берилет. М.: мектеп, тоо, 
таш, суу, мал, кой, кымыз, идиш ж.б.

18
Калия Кулалиева
 
 
 
Айзада  
 
 
 
имарат
   
 
кызматкер    
 
 
терезе
Ким?   
ижарачы 
 
Эмне 
Нарын дарыясы
   
 
директор 
 
 
 
«Одиссей» китеп дүкөнү
   
 
башчы  
 
 
 
ишкана
1. Ишиңизге байланыштуу болгон зат атооч сөздөрдү жазыңыз.
Мисалы: бухгалтер, арыз, калем ж.б.
-бы суроо мүчөсү сөздөргө уланганда төмөнкүчө өзгөрөт: 
1.  үндүү жана жумшак үнсүз менен аяктаса: -бы, -би, -бу, -бү;
2.  каткалаң үнсүз менен аяктаса: -пы, -пи, пу, -пү болуп өзгөрөт.
2. Үлгү боюнча иштеңиз.
– Бул Касымбы? 
 
 
– Бул түшүнүк катпы?
– Ооба, бул  Касым.   
 
_ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ .
(– Жок, бул Касым эмес, Айдар.) 
_ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _. 
– Бул, Жамалбы? 
 
 
– Бул гезитпи?
_ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ .  
_ _ _ _ _ _ __ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _.
_ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _  _.  
_ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _.
3. -бы суроо мүчөсүн туура улаңыз.
Бул айыл............? 
 
Бул район.......? 
 
Бул дарыя........?
Бул кыштак........? 
 
Бул ашуу........? 
 
Бул токой........?
Бул борбор.........? 
 
Бул чоку.........? 
 
Бул таш...........?
Бул област..........? 
 
Бул көл...........? 
 
Бул шаар.........?
4. Этиш сөздөргө -бы суроо мүчөсүн туура улаңыз.
Айгүл Бишкекте төрөлгөн.......? 
Ал Москвага кетти................?
Темирлан Караколдо окуй......? 
Сен Лондондон келдиң.........?
Сиз бул үйдө жашайсыз..........? 
Ал быйыл өргүүгө чыга........?
Арсен окуй...... же иштей........? 
Сен жумушка кечиктиң........?
 
Зат атоочтун көптүк саны -лар мүчөсүнүн жардамы менен жасалат.  
Эгерде -лар мүчөсү уланган сөз
1.  үндүү, й, р тыбыштары менен аяктаса: -лар, -лер, -лор, -лөр;
2.  жумшак үнсүз менен аяктаса: -дар, -дер, -дор, дөр;
3.  каткалаң үнсүз менен аяктаса: -тар, -тер, тор, -төр болуп өзгөрөт. 

19
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 
карыялар 
 
 
 
 
күндөр 
 
башчылар 
 
 
 
 
окуу жайлар
Кимдер? 
 
текшерүүчүлөр 
Эмнелер? 
 
уюмдар
 
 
 
жаштар 
 
 
 
 
мамлекеттер
 
 
 
угуучулар 
 
 
 
 
мекемелер
5. Берилген сөздөргө көптүк мүчөнү улаңыз.
адис........ 
 
министр.......   
 
жетекчи.........
көчө....... 
 
министрлик....... 
 
ректор........
жол.......  
 
факультет......  
 
ишкер.......
кагаз....... 
 
бөлүм........   
 
өтүнүч.........
6. Берилген мүчөлөр менен аяктаган сөздөрдү таап жазыңыз.
...........................дар   
........................лар   
...........................тар
...........................дер   
........................лер   
...........................тер
...........................дор   
........................лор   
...........................тор
...........................дөр   
........................лөр   
...........................төр
 Угалы
1-кѳнүгүү. C. Чокморовдун өмүр баянын угуп, тапшырмаларды аткарыӊыз?
1. С. Чокморов .................................. областында туулган.
А) Нарын 
 
Б) Чүй  
В) Ысык-Көл   
Г) Жалал-Абад
2. С. Чокморов .......................... союзунун мүчөсү болгон.
А) кинематографисттер 
Б) сүрөтчүлөр 
В) жазуучулар   
Г) архитекторлор
3. «Караш-караш окуясында» С. Чокморов ...............................  ролун аткарган.
А) Даниярдын   
Б) Бактыгулдун 
В) Темирдин  Г) Карабалтанын
4. Ал ....................... СССРдин Эл артисти наамына ээ болгон.
А) 1980-жылы     Б) 1981-жылы 
В) 1992-жылы 
Г) 1979-жылы
2-кѳнүгүү. С. Чокморовдун өмүр баянын  жазыӊыз.

20
Калия Кулалиева
 Сүйлөшөлү
1. Эки кесиптеш сүйлөшүп жатат. Диалогду улантыңыздар.
– Мен досумдун өмүр баянын жатка билем.
– Анын сага эмне кереги бар? Мен, мисалы, курбумдун өмүр баянын билбейм. 
Аны билүүнүн мага кереги да жок.
– Андай эмес...
2. Бир тууганыңыздын, досуңуздун же бирге иштеген кесиптешиңиздин өмүр баянын айтып 
бериңиз.
 
Жазалы
1. Өзүңүздүн өмүр баяныңызды жазыңыз. Энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүн эстен 
чыгарбаңыз.
2. Таржымалдын (СV) үлгүсү менен таанышыңыз. Өзүңүздүн таржымалыңызды жазыңыз.
Фил. ил. канд. Рахат МАЖИТОВА
Дареги: Тынчтык просп., 56, Кыргызстан /Бишкек
Үй тел.:  ХХХ
Иш тел.: 00 996 312 541942
Уюл. тел.: 00 996 552 005183
E-дареги: can571@gmail.com; can571@hotmail.com
ӨЗДҮК МААЛЫМАТ:
Кызматы: 
Ага окутуучу
Жарандыгы:
Кыргыз Республикасы
Туулган жери:
Tокмок
Туулган жылы:
13/08/1976
Үй-бүлөлүк абалы:
турмуш кура элек
БИЛИМИ:
1994 – 2000
Бишкек  гуманитардык  университети,  Түркология 
факультети  
Дипломдук  ишинин  темасы:  Жусуп  Баласагындын 
«Кутадгу 
билиг» 
дастанынын 
идеялык-көркөмдүк 
өзгөчөлүгү.  

21
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1983 – 1994
 Чүй району, Алчалуу айылындагы 
Ы. Борончиев атнындагы орто мектеп 
ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:
 01.09.2006 –
бүгүнкү күнгө чейин
Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Синхрон 
котормочулук бөлүмүндө, Кыргызча-түркчө 
котормо программасы боюнча ага окутуучу
Берген сабактары:
Текст которуу
 
Оозеки которуунун теориясы жана практикасы  
 
Синхрон которуунун практикасы 
Котормо сыны 
Тексттин анализи 
01.09.2004 – 01.09.2006  Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Тил 
үйрөтүү бөлүмүндө, кыргыз тили окутуучусу
Берген сабактары:
Чет элдиктер үчүн  кыргыз тили
01.10.2000 – 01.09.2004  Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Чет тилдер 
жогорку мектебинде катчы
01.09.1999 – 01.10.2000  Бишкек гуманитардык университети, Түркология 
факультетиндеги Түрк тили кафедрасында 
окутуучу 
Берген сабактары: 
Tүрк тили
ЭМГЕКТЕРИ:
Котормо таануу багытында даярдалган эмгектер:
1. Тилмечтик кесипке даярдоо. Котормочулук бөлүмүнүн мугалимдери 
жана студенттери  үчүн усулдук колдонмо.-Бишкек, 2012. 
Чет  элдиктерге  кыргыз  тилин  үйрөтүү  багытында  даярдалган 
эмгектер:  
1. «Тил башат» Окуу комплексинин көнүгүүлөр жыйнагы. Башталгыч 
курс. – Бишкек, КТМУ, 2006. (авторлош)  
2. «Тил башат» Окуу комплексиинин көнүгүүлөр жыйнагы. Орто курс.– 
Бишкек, КТМУ, 2006.(авторлош) 
3.  «Тил  башат»  Окуу  комплексиинин  көнүгүүлөр  жыйнагы.  Жогорку 
курс – Бишкек, КТМУ, 2006. (авторлош)   
4. «Кыргыз тили» Окуу китеби. Башталгыч курс – Бишкек, КТМУ, 2009. 
(авторлош)
5. «Кыргыз тили» Окуу китеби.– Бишкек, КТМУ, 2009. (авторлош)
6. «Кыргыз тили» Окуу китеби. Жогорку курс – Бишкек, КТМУ, 2009. 
(авторлош)

22
Калия Кулалиева
Сүйлөшмөлөр: 
1. М. Абылкасымова, Ч. Сыдыкова менен авторлош, Кыргызча-түркчө 
сүйлөшмө. – Б., 2005
2. М. Абылкасымова, Ч. Сыдыкова, Н. Мырзакматова менен авторлош, 
Кыргызча-түркчө сүйлөшмө. – Б., 2009
Макалалар: 
1. Кыргыз тилин окутууда текст менен иштөө // Кыргыз тилин окутуу-
нун жаңыча усул ыкмалары. – Б.,2006.
2. Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романынын кыргызча ко-
тормосунун  айрым  маселелери  //  «Кыргызстанда  котормо  илими»  аттуу 
илимий конференциясынын материалдары. – Б., 2008. 
3. «Ажар» сөзүнүн кыргыз жана түрк тилиндеги семантикалык мааниси 
// «Немец лингвистикасы жана түркологиянын актуалдуу маселелери» аттуу 
илимий конференциянын материалдары. – Б., 2009.
4.  Тил  аралык  омонимдердин  котормодогу  орду  //  Кыргыз-Түрк  «Ма-
нас» универстети тарабынан өткөрүлгөн «Котормочулук кесип жана анын 
келечеги» аттуу конференциянын материалдары. – Б., 2010. 
БЕРГЕН СЕМИНАРЛАРЫ:  
2004, 2005, 2006 жана 2007-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» универси-
тетиндеги  Кыргыз тили координаторлугу тарабынан мектеп мугалимдерине 
арналып уюштурулган семинарда «Тил үйрөтүүдө окуп түшүнүүгө багыт-
талган иш-чаралар жана көнүгүүлөр» аттуу семинар-сабактарды өткөргөн.   
КАТЫШКАН СЕМИНАРЛАРЫ  ЖАНА АДИСТИК ЖОГОРУЛАТУУЧУ 
КУРСТАРЫ: 
Түркия,  Билкент  Университети,  Чет  тилдер  жогорку  мектеби,  2007-ж. 
(Бир айлык стажировка).  
А. П. Чужакин тарабынан берилген семинарлар, КТМУ, 2010.
«Институт Медиа Полиси» коомдук фонду тарабынан «Кыргызстандагы 
лингвистикалык  коопсуздук»  долбоорунун  негизинде  уюштурулган 
«Лингвистикалык  экспертизанын  теориясы  жана  практикасы»  аттуу 
семинар-тренинг, Бишкек, 2011.   
СЫЙЛЫКТАРЫ: 
Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу  Мамлекеттик  тил 
боюнча улуттук комиссиянын Диплому, 2006-ж. 
Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу  Мамлекеттик  тил 
боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, 2011-ж. 

23
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ТИЛ  БИЛҮҮСҮ:
Kыргыз тили – эне тили
Орус тили – эң жакшы
Түрк тили – эң жакшы 
Англис тили – жакшы 
КЫЗЫККАН ТАРМАКТАРЫ: 
Тил илими, Котормо таануу, Тил үйрөтүү, Түркология  
БИЛГЕН КОМПЬЮТЕРДИК ПРОГРАММАЛАРЫ:
Word, Excel, PowerPoint
InDesign

24
Калия Кулалиева
АРЫЗ
Арыз – жеке адамдын же топтошкон адамдардын тиешелүү кызмат адамдарына 
жазуу  (кээде  оозеки)  түрүндөгү  расмий  билдирүүсү.  Арызды  кол  менен  же  А4 
форматындагы кагазга жазып берүүгө болот. Арыз жазуу үчүн атайы даярдалган 
бланктарды  (формаларды)  да  пайдаланууга  болот.  Мындай  стандарт  бланктар 
министрлик, ведомство, мекеме, уюмдар тарабынан иштелип чыгып, алардын ички 
ишмердүүлүгүн уюштурууда керектелет. Арыз сунуш, өтүнүч, арыздануу, даттануу 
мазмунунда болушу мүмкүн. Арыздын төмөнкү түрлөрү кеңири жайылган: сураныч 
арызы, эсеп-кысап арызы, доо арызы.
1. Арыздын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
өтүнөм,  суранам,  тиркейм,  билдиремин,  кезектеги  өргүү,  кезексиз  өргүү, 
уруксат, которулуу, бошотуу, кабыл алуу, чыгаруу, төлөп берүү ж.б.
2. Сиз жумушуңузга (окууңузга) байланыштуу кандай мазмундагы арызды жазасыз?
3. Туура толуктаңыз.
Кабыл алуу, чыгуу, которулдум, уруксат берүү, билдиремин, суранабыз.
башка ишке / ...................................................................
өргүүгө /..............................................................................
каражат бөлүүңүздү / .........................................................
жумушка/ ...............................................................................
жумушка чыкканымды / ................................................
3 күнгө/ ........................................................................
4.  Арыз  кандай  учурда  кабыл  алынбашы  мүмкүн?  Берилген  сөздөрдү  пайдаланып,  иш 
кагазынын стилине ылайык сүйлөмдөрдү түзүңүз.
Мөөнөтү бүт-, орунсуз бол-, эрежелерге туура келбе-, кайрылуу дареги туура 
эмес бол- ж.б.
5. «Арыз» деген сөздү дагы кандай маанилерде колдонобуз? Ойлонуңуз, мисал келтириңиз.

25
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
Ж. Баласагын атындагы 
улуттук университеттин
Экономика жана башкаруу 
институтунун директору,
проф. Н. Молдокановго
финансы жана кредит
бөлүмүнүн 3-курсунун 
студенти Эрлан Дөлөновдон

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет