Кыргыз республикасынын


Адеп, этикет эрежелерине туура келбеген



Pdf көрінісі
бет20/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
Байланысты:
botobekova at kyrgyzdardyn suiloshuusundogu verbaldyk emes b

Адеп, этикет эрежелерине туура келбеген ымдоо-жаңсоолорго төмөндөгүлөр 
кирет: сүйлөшүү учурунда оозуңду керип эстебе; бутуңду өйдө көтөрбө 
(душманыңдын даражасы көтөрүлөт); башыңды шылкыйтпа, башыңды чайкаба, 
таңдайыңды такылдатпа (жамандык болот); чайды оң кол менен узаттелмирип 
тиктебе (көзүң тиет); камчыңды үйгө сүйрөп кирбе, улуу адамдын жолун кеспе
жерди таянбай олтур (колуң сынат); жер таянып олтуруп тамак ичпе (ичкен 
тамагың боюңа сиңбей калат); далыңды салба (душман гана далысын салат); 
колуңду силкилдетпе; түкүрүнбө, тишиңди кычыратпа; камчы менен малды 
башка чабууга болбойт, малды теппе (малдын кусуру урат, кедей болосуң); түнү 
ышкырба (жылан келет); таякка сүйөнбө (жакының өлөт); бешикти кур терметпе 
(баласыз болосуң); эки кишинин ортосунан өтпө; баланы таманынан өппө 
(балаң жалкоо болот); ат жалына бутуңду артпа, аркан чыйратып жатканда 
түбүнөн өтпө, керилген арканды, жипти аттаба (боюң өспөй калат); эшикти тээп 
ачпа (үйдөн кут кетет), желбегей жамынба (жамандык болот, колуң сынат); үйдү 
айланып чуркаба; үйгө, айылга чуркап же ат чаап келбе (өлүм-житим болуусу 
күтүлөт); күйгөн отко түкүрбө, тузду төкпө (үйдөн ырыс-дөөлөт кетет); нанды 
баспа (каргышка каласың); идиш-аякты калдыратпа (үйдөн бак качат); колду, 
бутту, моюнду жип менен байлап ойнобо (туткун болуп калышың мүмкүн); кийип 
жүргөн баш кийимиңди бирөөгө бербе (башынан бак кетет); баш кийимди жерге 
таштаба (башың ооруйт); чачыңды жулба; босогого турба (кедей болосуң); 
босогого туруп бой кербе (боюң өспөй калат); керегеге бутту артпа (үйдөн кут 
кетет); боюнда бар аял капка олтурбайт (төрөтү кыйын болот); аял киши ата-


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет