Кыргыз республикасынын


Мындай ымдоо-жаңсоолорду сүйлөшүүдө жалпы аткарылышына карай



Pdf көрінісі
бет17/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   25
Байланысты:
botobekova at kyrgyzdardyn suiloshuusundogu verbaldyk emes b

Мындай ымдоо-жаңсоолорду сүйлөшүүдө жалпы аткарылышына карай 
төмөндөгүдөй топторго бөлүүгө болот: баш - “баш ийкөө”, “баш чайкоо”, “башын 
кыйшайтуу”, “башы менен жаңсоо”; көз - “көз кысуу”, “көзүн алаңдатуу”, “көзүн 
ачып-жумуу”, “көзүнүн төбөсү менен кароо”, “көзүнүн кыйыгы менен кароо”, 
“көзүн ала качуу”, “телмирип тиктөө”; каш (маңдай) - «каш кагуу”, “кашын 
көтөрүү”, “кабагын чытуу”; эрин - “эрдин түйрүү”, “эрдин тиштөө”, “эрдин 
кымтуу”; тил - “тилин тиштөө”, “тилин чыгаруу”, “эрдин жалоо”; тиш - “тишин 
кычыратуу”, “тиштенүү”; мурун - “мурдун чүйрүү”, “мурдун көтөрүү”, “таноолорун 
дердейтүү”; кол - “колун шилтөө”, “колун кезөө”, “кол кысуу”, “кош колдоп 
саламдашуу”, “кол чабуу”, “колун жаңсоо”, “алакан жаюу”, “башын мыкчуу”, 
“бетин жабуу”, “кулагын жабуу”, “курсагын сылоо”, “сакалын сылоо”, “бөйрөгүн 
таянуу”, “баш бармагын көтөрүү”, “алакан ушалоо”, “колун көкүрөгүнө алуу”, 
“желкесин кашуу”, ийин - “ийнин куушуруу”, “далысын салуу”; бут - “бутун 
кайчылаштыруу”, “жерди тебүү”; дененин түрдүү ал-абалы - “жүгүнүү”, “терс 
бурулуу”, “артка кетенчиктөө”, “тизелөө”, “сыңар тизелөө” ж.б.

1
Крейдлин Г.Е. Словарь языка русских жестов. - Москва-Вена, 2001. - С. 22. 




14
5. Тарыхый-семантикалык белгисине карата ымдоо-жаңсоолор төмөнкүдөй 
бөлүштүрүлдү: 
а) Архаизм ымдоо-жаңсоолорго өзара сүйлөшүү учурунда колдонулбай калган 
«бет тытуу», «жерди өбүү», «этегин өбүү», «кылыч өбүү», «бетин жабуу», 
«камчысын мойнуна илүү», «сыңар тизелөө» сыяктуу ж.б. ымдоо-жаңсоо 
белгилерин атап көрсөтүүгө болот.
б) Табу ымдоо-жаңсоолору этикет эрежелеринен жана диний түшүнүктүн 
негизинде пайда болот. Аларга: «сүйлөшүү учурунда эстебе», «бутуңду өйдө 
көтөрбө», «башыңды шылкыйтпа», «чайды сол кол менен узатпа», «телмирип 
тиктебе», «камчыңды сүйрөп кирбе», «улуу адамдын жолун кеспе», «жерди таянбай 
олтур», «далыңды салба» деген ж.б. тыюу-чектөөлөрдү кошууга болот. 
в) Неологизм ымдоо-жаңсоолору. Мезгилдин өтүшү менен айрым бир коомдук 
жүрүм-турум эрежелери, нормалары жана анын принциптери өзгөрүүгө дуушар 
болот. Айталы, мындай саясий-социалдык, маданий таасирлердин негизинде ымдоо-
жаңсоо белгилери, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү бир элден экинчи элге өтөт. Россия 
империясына кошулуу менен кийген кийим, жашоо-чөйрөбүз, тилибиз эле 
өзгөрбөстөн, бейтааныш адат-жосундар, жүрүм-турумдар, ымдоо-жаңсоо белгилери 
да өзгөрүүгө дуушар болду. Мындай жагдайларга азыркы учурда жаштар 
арасындагы учурашуу, коштошуу жүрүм-турумдарында кездешкен айрым 
өзгөчөлүктөрдү мисал катары айтууга болот. Учурашуу мезгилинде «баштарын, 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет