Кыргыз республикасынын



Pdf көрінісі
бет19/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   25
Байланысты:
botobekova at kyrgyzdardyn suiloshuusundogu verbaldyk emes b

каштарын чийип койду. - Тосуп чыгыш керек. - Сүрөтү барбы? - Бар. (А.Сыдыков, 
«Бүтпөгөн дастан»). Лейтенат чыпалагы менен кашын чийип көрсөтүү менен «сулуу 
кыз» деген маанини туюндурду. Ал эми аялдардын келбетин сүрөттөгөн кыймыл-
жаңсоо да «келбетүү аял», «сымбаттуу аял», «көрктүү аял» деген маанини берет. - 
Биздин кошунанын кызы тим эле момундай деп Асан колун жаңсап (кыздын 
келбетин колу менен келтирип) сүйлөдү (оозеки сүйлөшүүдөн).
Жалпылап айтканда, оозеки сүйлөшүүдө колдонулган ымдоо-жаңсоо белгилери 
пикир алышуучулардын улутуна, жашына, жынысына, кесибине, диний ишенимине, 
ден соолугуна, социалдык ал-абалына карата аткарылат.
Экинчи бөлүм «Кыргыздардын сүйлөшүүсүндө колдонулган ымдоо-жаңсоо 
белгилериндеги улуттук өзгөчөлүктөр» деп аталып, эки параграфтан турат. 
Экинчи бөлүмдүн биринчи параграфында «Кыргыз элинин жүрүм-турум 
этикетиндеги ымдоо-жаңсоо белгилеринин орду» жөнүндө сөз болот.
Өзара сүйлөшүүдө колдонулган ымдоо-жаңсоо, тулку-бойдун ал-абалы 
сыяктуу белгилер, кыргыз элинин улуттук аң-сезими, байыркы дүйнө таанымы, 
жашоого болгон көзкарашы менен тыгыз байланышта каралат. Кыргыз 
тилиндеги айрым көрүнүштөрдү ушул өңүттө талдоо кыргыз элинин улуттук аң-
сезимин, дүйнө тааным бөтөнчөлүгүн тереңирээк аңдап-түшүнүүгө жардам берет. 
Диссертацияда кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн паралингвистикалык 
каражаттардын негизинде, тактап айтканда, сүйлөшүүдө колдонулган ымдоо-
жаңсоо, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүнүн жардамында иликтөөгө аракет жасалды. 
В.Г.Колшанскийдин пикири боюнча, сүйлөшүүдө колдонулган вербалдык эмес 
каражаттардын улуттук өзгөчөлүктөрүн изилдөө - лингвистикада тилдин бардык 
тарабын изилдөө сыяктуу эле актуалдуу маселелердин бири болушу шарт
1
.
Кыргыз элинин салт-санаасы, үрп-адаты, каада-салты, муундан-муунга 
сиңирилип келген таалим-тарбиясына байланыштуу топтолгон улуттук тажрыйбасы 
канчалаган кылымдардын агымы өтсө да, өзүнүн түпкү маанисин сактап калгандыгы 
менен баалуу. Кыргыздардын акыл-кеңеш, таалим-тарбия берүүдө кеңири 
пайдаланган каражаттарынын бири өзара сүйлөшүү учурунда колдонулган ымдоо-
жаңсоо белгилериндеги тыюу-чектөөлөр болуп саналат. Улуттук өзгөчөлүккө 
ылайык сүйлөшүүдө колдонулган мындай тыюу-чектөөлөрдүн мааниси, алардын 
байыркы маданияттын мыкты үлгүлөрү экендиги тууралуу казак элинин 
окумуштууларынан Ж.Нурсултан кызы, С.Бейсембаевалардын эмгектеринен кеңири 
жолуктурууга болот. Алар улуттун салт-санаасы, ой-жоруму, диний көзкарашы 

1
Колшанский В.Г. Паралингвистика. - М.: Наука, 1974. - 81 с. 




16
ымдоо-жаңсоолордогу тыюу-чектөөлөрдөн даана көрүнүп турат жана аларды 
улуттун тарыхы катары иликтөө азыркы учурдун негизги проблемаларынан дешет
2

Кыргыз эли эзелтен адамдын социалдык, жыныстык жана жаш өзгөчөлүгүнө 
карата ымдоо-жаңсоо белгилеринин колдонулушун жөндөп-тескеп турган. Алар 
байыртадан бери колдонулган этикет эрежелеринен, диний ырым-жырымдарынан 
кеңири чагылып турат. Бул тыюуларды адеп, этикет эрежелерине туура келбеген 
жана диний ишенимден пайда болгон тыюу-чектөөчү ымдоо-жаңсоолор деп 
экиге бөлүүгө болот.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет