сулуу сөзү байыркы түрк тилинде
силиг турпатында болгон:
силиг кыз оглан «сулуу кыз балдар» (КТ. II, 7). Бул сөздүн тыбыштык тизмеги төмөндөгүдөй өзгөрүүгө
дуушар болгон:
силиг сөзүнүн
аягындагы түпчүл
г тыбышы жумшарып, эринчил
w тыбышына
өткөн, эринчил жана жылчыкчыл
w тыбышы өзүнүн тегерегиндеги ачык үндүүлөрдүн
эринчилдерге айланышына түрткү болгон (
и > у ) жана өзү болсо созулма үндүүгө айланып
кеткен (
w > уу ):
силиг > силиw > сулуу . Бул сөз байыркы түрк тилинде «таза», «ичке», «ак сөөк»,
«көркөм» деген маанилерди туюндурган (ДТС, 1969: 500, 503). Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө
да
силиг эр сүйлөмү «таза», «ак сөөк» деген маанилерди билдирген. Азыркы кыргыз тилинин
түшүндүрмө сөздүгүндө болсо сын-сыпатты билдирген
сулуу сөзүнө берилген аныктамада аял
затынын сырткы сулуулугуна маани берилгендигин байкоого болот: Өңү-түсү, мүчөсү
келишимдүү, татынакай; 2) Өңү-түсү жакшынакай аял, кыз; 3) Көргөнгө көрктүү, кооз,
суктандырарлык, көрүнүшү сонун, жагымдуу; 4) Одуракай эмес, жылмакай, сыйда, текши,
тегиз. Ал эми абстракттуу маанидеги «сулуулук»
сөзүнө: «өңдүү-түстүүлүк; жакшынакайлык,
көрктүүлүк, кооздук, сонундук» деген аныктама берилген (Кыргыз тилинин сөздүгү, 2010:
1105). Изилдөөчү Нурдин Усеев
сулуу тыбыштык турпатына өзгөрүп кеткен байыркы
силиг сөзүнүн маанилик жактан да өзгөрүүсүнүн себебин мындай деп түшүндүрөт: «Мындай
маанилик өзгөрүүнүн себебин аныктоо үчүн «таза» менен «сулуулуктун» ортосунда кандай
байланыш бар деген суроого жооп табыш керек», – дейт да, кыз сулуулугу менен табияттын
сулуулугун салыштырып, сулуулуктун башаты, өзөгү тазалык экендигин, демек бул түшүнүк-
төрдө ички, терең байланыш бар экендиги жөнүндөгү пикирин айтат (Усеев, 2010: 30-32).