«САНАДАҒЫ ЖАҢҒЫРУ: «ӘЛЕМ» БЕЙНЕСІНІҢ РУХАНИ МҰРАЛАРДА БЕРІЛУ СИПАТЫ»
АТТЫ ХАЛЫҚАРАЛЫҚ КОНФЕРЕНЦИЯ
44
башкарууда бийликтин тең ата шериктеши (Alyılmaz ve Alyılmaz, 2014: 3). Бул айтылгандар
байыркы түрк коомунда аял затынын акыл-эси үй-бүлөнү, турмуш жайды гана эмес, коомдук
турмуштун өнүгүшүнө да түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир берген деген маалыматтарды
тастыктап жатат.
Азыркы учурда кыргыз тилинде өз ордун араб тилинен келген «аял» деген сөзгө бошотуп
берип, семантикалык жагынан өзгөрүүгө учураган «катын» деген сөз Орхон-Енисей жазма
эстелигинде
катун // хатун
турпатында колдонулуп, «эркектин жары, жубайы», «ханыша»
деген маанилерди туюндурган. Мисалы:
Умай тег өгим катун кутыңа иним Күл тигин эр ат
болты.
«Умай энедей каныша энемдин багына иним Күл-Тегин эр атын (наамын) алды (Орхон-
Енисей тексттери, 1982: 51, 57, 66). Махмуд Кашкаринин «
Дивани Лүгат-ит Түрк»
аттуу
сөздүгүндө
киши
«аял», «эркектин жары» маанисинде колдонулса
(ol kişi aldımu
«Ал
үйлөндүбү?»),
хатун
«хандын аялы»,
кунчуй
хатундан бир даража төмөн болгон аял деген
маанини билдирет. И. В. Кормушин да кытай тилинен алынган
кунчуй
сөзү жазма эстеликтерде
эң көп колдонуларын, «эркектин жары», «даражалуу кишинин аялы» деген маанини туюнду-
рарын белгилеп кетет (Кормушин, 2004: 193). Махмуд Кашкаринин сөздүгүндөгү
kız
сөзү
төмөндөгүдөй айкаштарда кезигет:
mening kızım
«менин кызым’,
ev kızı
«үйдүн кызы»,
kız oġlan
kız
«турмушка чыга элек кыз» (ДЛТ, 1986: 116).
Азыркы аял маанисин берген
эбчи
сөзү байыркы жазма эстеликтердин бир нечесинде
кездешет:
öz ebçi, kunçuyımka bökmedim
«Öz kadın, eşime doyamadım» (E 100, 1),
ebçime, begime
bökmedim, adırıldım
«Eşime, beyime doyamadım, [onlardan] ayrıldım» (E 109, 3). Бул сөздүн
өзөгүндө үй-бүлөдө бала төрөп чоңойткон, тарбиялаган, үй буюмдарын жасап-түзөгөн, үйгө
жоопкер, эң маанилуу адам деген маани жатат.
«Байыркы түрк сөздүгүндөгү»:
Достарыңызбен бөлісу: