жибекке окшоштурулат.
«
Жибек»
сөзү
«Кыргыз тилинин сөздүгүндө»: 1) Тыт
жыгачынын жалбырагы менен азыктанган курттардан өндүрүлүп алынуучу жумшак, жылмакай,
назик, жалтырак жип; 2) Ушул жиптен токулган кездеме; 3) Өтө назик, сылык, сыпаа
маанилеринде колдонулат (Кыргыз тилинин сөздүгү, 2010: 462). Мында аялдардын чачынын
назиктиги, жалтырап туруусу – сулуулуктун бир белгиси, мындагы
жибек
– заттык код-ачкыч.
Мисалы, эпосто:
«чачы кара жибектей, «жибекти көр, чачын көр», «кара чачы жибектей»,
«кулпунган кара чачы бар», «жыпарлап чачы жуулган»
деген сөз айкаштары арбын кездешет.
Ал эми
«олоңдой кара чачтуудан», «тулумдуу кара чачтуудан»
деген сөз айкаштарындагы
сумбул, олоңдой, тулумдуу
код-ачкычтары узун жана коюу чачты билдирүү үчүн колдонулат.
Кыргыз эли илгертеден эле узун чачтуу аялдарды жактырган. Ошондуктан эпосто аялдардын
сулуулугун сыпаттоодо
«сумбул чач»
туруктуу сөз айкашы арбын учурайт.
«Сумбул»
фарсча сөз
болуп, узун өскөн гүлдүн атын билдирет да, өтмө мааниде «ургаачылардын келишимдүү узун
чачы» деген маанини туюнтат (Юдахин, 1985: 164) Демек, кыргыз элинде сулуу аялдын
чачынын чен-өлчөмү анын узундугу жана коюулугу өсүмдүк код-ачкычы менен туюндурулат.
«Манас» эпосунда аял сулуулугун анын маңдайына карай баалаган төмөндөгүдөй
сыпаттамалар кездешет:
«жазык маңдай», «жазы маңдай», «маңдайы жазы», «маңдайы
жарык»
.
«Жазы», «жазык»
сөзү туюндурган «кең», «кенен», «жайык» маанисин туюндурган
мейкиндик код-ачкычтары кишинин мүнөзүнүн кенен, жоомарт экендигин, б.а., аялдын ички
сапаттарынын сулуулугун билдирүү үчүн колдонулган. Көздүн сулуулугу кыргыз элинин чен-
өлчөмүндө өзүнө жаккан жана өзүнүн жашоосуна жакын айбанаттардын: төөнүн, койдун, аркар-
маралдын көзүнө; ошондой эле жанып турган баалуу таштарга, өсүмдүктөргө байланыш-
тырылат да, айбанат, өсүмдүк, баалуу таш код-ачкычтары «көз» сулуулугун туюндурууда
колдонулат. Мисалы, эпосто
«Чолпонду көр, көзүн көр», «бото көз», көөхар көз», «көөхардай
жарык көзү бар», «көөкардай көзүн сүзүлтүп», «карагаттай көзү бар», «аркардай көзү
коюлган», «кара көз
» ж.б. айбанат, өсүмдүк, баалуу таш, түстүк код-ачкычтары аркылуу
аялдардын көзүнүн сулуулугу туюндурулган. Көзгө байланыштуу түстүк код-ачкычтар бардык
элдерде эле бирдей эмес. Мисалы, түрк элдеринде көздүн түсү үчүн көбүнчө кара түс
сулуулуктун чен өлчөмү катары бааланса, кээ бир элдерде көк, жашыл түс сулуулуктун чен
өлчөмү катары бааланат. Кыргыз элинде
көк көз
кийинки доорлордо көбүнчө бир кемчилик
катары кабыл алынып калган, анын себеби көк көздүү кишинин назары катуу тиет деген
ишенимден болсо керек.
Достарыңызбен бөлісу: |