«САНАДАҒЫ ЖАҢҒЫРУ: «ӘЛЕМ» БЕЙНЕСІНІҢ РУХАНИ МҰРАЛАРДА БЕРІЛУ СИПАТЫ»
АТТЫ ХАЛЫҚАРАЛЫҚ КОНФЕРЕНЦИЯ
48
Кутадгу Билигде аялзатына болгон көз караш изилдөөнүн
предметине алынган башка
булактардан таптакыр башкача. Ислам мезгилиндеги түрк адабиятынын алгачкы үлгүлөрүнүн
бири болгон Кутадгу Билигде динге негизделген ишенимдин натыйжасын көрүүгө болот.
Күйөөсү өмүр шериги болгон аялды сүйүп, урматтап, түшүнүп мамиле кылуусу керек. Үйлөнө
турган аялдан изделген сапаттар ‒ аялдардын ички сулуулугу ‒ акылмандуулугу, ата теги, адеби,
аялдардын сырткы сулуулугу болсо ‒ бул эркектерге жамандык алып келүүчү кырсык катары
кабыл алынган.
«Манас» эпосунда аял затынын ички сулуулугу менен сырткы
сулуулугу жогорку дең-
гээлдеги гармония, айкалышуу менен берилген:
1)
эпос жазуу эмес, оозеки формада түзүлгөн;
2)
эпос фольклордук поэтикалык стилде айтылат;
3)
аял бейнеси көркөм салыштыруулар, троптун түрлөрү аркылуу түзүлгөн.
Достарыңызбен бөлісу: