Ош мамлекеттик университетинин жарчысы


токсондорго  таяп,  улгайган  чагында  да  анын  көзүнүн  курчу  кетпей,  карегинен  жаш



Pdf көрінісі
бет14/39
Дата03.03.2017
өлшемі2,34 Mb.
#5512
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   39

токсондорго  таяп,  улгайган  чагында  да  анын  көзүнүн  курчу  кетпей,  карегинен  жаш 
кезиндегидей  учкун  чачырап,  сүйкүмдүү  жана  сүрдүү,  сулуулуктун  издери  дагы  деле 
сакталган каратору жүзүнөн мээрим төгүлүп турчу. Алайлык кыргыз ханышасы адамдарга 
жалаң гана жакшылык каалаган, кыйынчылыктарга моюн сунбаган өзгөчө касиеттери бар, 
бөлөк-бөтөн кишилерге эч сыр бербеген даанышман журт энеси эле. 
Курманжан  датка  ишмердигинин  үчүнчү  доорунда  Орус  падышачылыгын  Түркстанды 
бийлеген  8  генерал-губернаторунун  баары  менен  байланыш  түзө  алган.  Алардын  ар  бири 
Курманжанга  байланышкан  маалыматтарды  жазып,  эстелик  катары  белек  калтыргандыгын 
тарыхый фактылар ырастап турат. 
1880-ж.  16-декабрда  Түркстан  генерал-губернатору  К.П.  Кауфман  Ош  уездинин 
начальниги  менен  Фергана  областынын  аскер-губернаторунун  сунушу  боюнча  Россиянын 
Согуш  Министрине  атайын  кат  жиберип,  анда  мындай  деп  жазылган:  «…Курбань-Джань-
Датканын  кара-кыргыздардын  арасында  зор  кадыр-баркка  ээ  экенин,  ардактуу  абалы 
менен  таасирин  жана  улгайган  курагын  эске  алып,  мен  Улуу  урматтуу  Сизден  Өтө  Бийик 
өкүмдар  Императорго  Мамлекеттик  Казынадан  ага  жылыга  беш  жүз  сом  өлчөмүндө  өмүр 
бою алгыдай пенсия чектеп берүүнү ыраа көрүүсүн сунуш кылуудан баш тартпасаңыз экен 
деп  өтүнөм».  Император  финансы  министринин  тыянагына ылайык,  1881-жылы  1-апрелде 
Курманжан даткага жылыга 300 сомдон өмүрү өткүчө мамлекеттик пенсия чектөө жөнүндө 
жарлыкка  кол  койот.  Бул  ошол  кезде  өтө  чоң  суммадагы  каражат  эле.  Алсак, 
В.О.Ключевскийдин  изилдөөсү  боюнча  Россиянын  Москва  губерниясында  1882-ж. 
жылкынын  баасы  жайында  88-57  тыйын,  күзүндө  жана  кышында  60-67  тыйын  болгон. 
(Караңыз:  Өмүрбеков  Т.Н.  Улуу  инсандардын  Кыргызстандын  тарыхындагы  ролу  жана 
орду. (XIX ортосу -  XX к.башы). – Б., 2003.-203-б). 
1893-жылы  82  жаштагы  Курманжан  датканын  мурунку  мусулман  башкаруучуларынын 
тушунда  көрүнүктүү  роль  ойногондугун,  ал  мезгилдерде  кыргыздардын  арасында  Азияда  аялдар 
үчүн  болуп  көрбөгөндөй  кадыр-баркка  арзыгандыгын,  Кудаяр  хандын  аны  өз  тарабына  тартууну 
каалап, датка (генерал) мартабасын ыйгаргандыгын, мындай бийик мансап-мартабаны аял кишиге 
ыйгаруу  мусулман  элдеринин  тарыхындагы  жападан  жалгыз  мисал  экендигин,  Орус  аскерлери 
Алайга  келгенде  Курманжан  датка  жаңы  бийликке  сый-урмат  көрсөтүп,  тынчтыкты  камсыз 
кылууга  көп  күч  жумшагандыгын  эске  алуу  менен  Фергана  облусунун  ошол  кездеги  аскер 
губернатору М.Е.Ионов орус мамлекетинин салттуу жол-жоболорунан четтеп Андреев лентасына 
тагылган Алтын медаль менен сыйлоо жөнүндө сунуш кылгандыгы да маалым. Бирок, бул сыйлык 
бир катар шылтоолор менен берилбей калган.  
Курманжан  датканын  аймактагы  тынчтыкты  жана  бейкуттукту,  Ош–Кашкар  кербен 
жолундагы  коопсуздукту  камсыз  кылуудагы  эмгегин  эске  алып,  90  жашка  чыккандыгына  карата 
1901-жылы  1-декабрда  Орус  императору  Николай  II  “Жогорку  даражалуу  өкүмдардын  өз 
кабинетинин  эсебинен  кымбат  баалуу  шакек  тартуулоо  жөнүндө  жарлыгын  жарыялаган”.    Бул 
тууралуу  Түркстан  генерал-губернатору  А.Н.Куропаткинге  кабарлаган  телеграмма  Ташкентке  4-
декабрда жеткен. Андан көп өтпөй Россия императору Алай каныкесине жаңы сыйлыгын - каухар 
чөгөрүлгөн  алтын  саат  жөнөткөн.  (Караңыз:  Ювачев  И.П.  Аталган  макала.-976-бет).  Кай  бир 
изилдөөчүлөр  Курманжан  даткага  ошол  жылы  полковник  наамы  ыйгарылгандыгын  жазышат. 
(Караңыз:  Урстанбеков  Б.  У.  Чороев  Т.  Кыргыз  тарыхы.  Кыскача  энциклопедиялык  сөздүк. 
Фрунзе. 1990. 91-бет). 
Курманжан  датка  орус  бийлик  өкүлдөрү  менен  кат  жазышып,  кеңири  алакалашып 
турган. Кезегинде уулу Мамытбек ошол каттардын бир боосун сактап жүргөндүгү айтылат. 
Ал  каттардын  көбү  алгач  Ош  уездинин  начальниги  болуп,  кийин  Фергана  облусунун 
согуштук  губернатору  кызматында  иштеген  генерал  М.Е.Ионовдо  да  сакталган.  Кыргыз 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 72 - 
 
каникеси  мезгил-мезгили  менен  Ош  уездинин  начальнигинен,  областтын  аскер 
губернаторунан, Түркстан генерал-губернаторунан кат алып, өзү да аларга кат жөнөтүп, ал 
жактагы жаңылыктардан үзгүлтүксүз кабар алып турчу.  
Курманжандын  инсандык  турпатынын  дагы  бир  орчундуу  белгиси  -  анын  терең 
интернационалдуулугу  жана  жалпы  эли-журтка  багытталган  даанышмандыгы.  Архивдерде 
сакталган анын орус генералдарына жазган каттарында жана башка тарыхый маалыматтарда датка 
өзүнүн  пикирин,  демилгесин,  накылын,  жалаң  гана  өз  элине  эмес,  жамы  журтка,  жалпы  элге 
багыштаган.  Кудаяр  хандын  зомбулугуна  каршы  күрөштөбү,  орус  колонизаторлоруна  каршы 
азаттык  көтөрүлүштөрүндө  болсун,  түштүк  Кыргызстандын  Орус  мамлекетине  кошулгандан 
(1876-жыл)  кийинки  анын  ишмердүүлүгүндө  жалпы  элге  тең  интернационалдуу  инсан  экендиги 
көрүнгөн.  Курманжандын  образынын  улуттук  белгилерден  озуп  чыккан  кең  образ  экендигин 
тарыхый  маалыматтар  ырастап  турат.  Мисалы,  белгилүү  орус  генералы  барон  А.Н.Таубе 
Курманжан  датка  жөнүндө:  “анын  акылмандыгы,  энергиясы,  адилеттиги  жана  келечекти  көрө 
билген  көсөмдүгү  Жети-Сууга,  атүгүл  Ооганстандын,  Ирандын  жана  Кытайдын  чөлкөмдөрүнө 
чейин дайын болгон” деген пикирди айтат. (Караңыз: Таубе А. Н. Алайская царица. //Закаспийское 
обозрение// 1902, № 124).  
Курманжан  Датканын  келечекти  көрө  билген  көсөм  жана  эл  достугун  бийик  койгон 
интернационалдуу журт башы экендигинен кабар берген 1885-жылы 7-октябрда Курманжандын өз 
колу менен жазылып, мөөрү басылган каттарынын биринин текстин келтирели. 
"Улуу урматтуу жана чексиз кадырлуу Фергана облусунун облусттук губернаторуна Ош 
оезунун кызматчысы Курманжан даткадан кат. 
Терең,  ардактуу  Сизден  кечирим  суроо  менен  мен  төмөнкүлөрдү  билдиремин.  Фергана 
мусулман  өлкөсү  Орусияга  моюн  сунбай  турган  мезгилде  мен  сиздер  менен  согушканмын  жана 
каршылашканмын!  Кийин  Абдылдабек  бир  туугандары    Мамытбек  жана  Асанбектер  менен  Ош 
аркылуу Кабулга качты. Куруган мен, кичинекей Камчыбек менен Алайда калдым. Ошол мезгилде 
Оштун  начендиги  Ионов  төрө  генерал  менен  Алайга  келди  жана  мени  генерал  менен 
тааныштырды.  Генерал  Скобелев  мени  жылуу  кабыл  алды  жана  мага  урмат  менен  мамиле 
кылды. Мен ага ыраазы болуп калдым. 
Россия өзүнүн улуулугу жагынан Рим менен тең тайлашат. Мүмкүн, азыркы учурда дагы 
да кеңейүүдөдүр. 
Азыр  уулдарым  кайрадан  мага  келишкен.  Алар  көп  азаптарды  тартышып,  жеңиштен 
үмүттөрүн  үзүшкөндө  мен  бирөөдөн  мында  келүүсүн  буюруп  кат  жибергенден  кийин  гана  алар 
бул жакка кайтышты. Кудайдын буйругу менен Абдылдабек ал жакта набыт болду. Мамытбек 
менен Асанбек эсен-соо келишти. 
Андан  кийин  мен  Туркстан  генерал-губернатору  Кауфман  менен  ал  Ошко  келгенде 
жолуктум. Ал дагы мага урмат менен кайрылып: "Эгер Сиз мени уксаңыз - анда Сизге эң жакшы 
болот  жана  Сиз  ак  падышанын  кабыл  алуусундай  эле  пайда  көрөсүз"  деп  айтты.  Маркум 
генерал-губернатор  (К.П.  фон-Кауфман  1881-жылы  өлгөн)  падышанын  буйругу  менен  мага  ар 
айына  25  сомдон  пенсия  төлөп  турган.  Мен  ага  жекече  ыраазычылыгымды  билдире  албай 
турганыма азыр өкүнөмүн! 
Кудайдын  ракымы  менен  азыр  үч  уулум  бар.  Биз  эч  убакта  мындай    мамлекетти  көргөн 
эмеспиз. Байыркы замандардан бери өлкө өзүнүн жетимдерине мындай боорукердик кылган эмес! 
Бул  мамлекеттен  бардык  эл  менен  бирдикте  биз  өз  туугандарыбыздай  көрүп  чогуу  жашай 
беребиз! Эгер биз кокустан мамлекеттин аброюн таназар албастан: ага чыккынчылык ойлосок, 
анда бизге өмүр бою кечиргис күнөө жабылат! Мен, эгер бул мамлекетке кимде ким мындан ары 
бүт жүрөгү, чын пейли жана терең урматы менен мамиле кылса, анда кудай өзү мурунку кезде 
мамлекетке каршы жасалган бардык аракеттерибизди кечирет деп ойлоймун! 
Азыркы  тынчтык  мезгилде  мындан  ары  менин  бүткүл  эл-журтум,  мен  өзүм  жана 
уулдарым,  туугандарым  эч  качан  силерге  каршы  көтөрүлбөйбүз  деп  мен  Жарыя  кыламын!  Биз 
тараптан  эч  кандай  жарамсыз  иштер  жасалбайт!  Эгер  менин  элим  кандайдыр  бир  жамандык 
издеп,  мамлекетке  чыккынчылык  кылса,  анда күнөөлүүнү  эң  оор  жаза  менен  жазалаймын жана 
өмүрүмдүн акыркы күндөрүнө чейин өзүмдү кыйнап өтөмүн! 
Ушул сөздөрүмдү бекитүү үчүн мөөрүмдү басамын! 
Маматбай  кызы  Курманжан  датка".  (Караңыз:  Өзбекстандын  мамлекеттик  тарых 
архиви.-Ф.19.-Оп.1.-1629-иш.-1-барак). 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 73 - 
 
Белгилүү  француз  саякатчысы  Гийом  Капю  өз  мекендеши  Габриэл  Бонвало  менен  бирге 
Туркстан  жерине  1880-жылдары  саякат  жасап,  Алайда  болгон.  Кыш  мезгилинде  Алай-Памир 
аркылуу  Индияга  өтүп  кетишкен  бул  эки  саякатчыга  Курманжан  датканын  уулдары  Батырбек 
менен  Мамытбек  жана  небереси  Мырзапаяс  жакындан  жардам  көрсөтүшүп,  ат-көлүк,  жол 
көрсөткөн аткошчу жигиттерди таап беришкен. Саякатчылар «Дүйнөнүн чатыры» аттуу китебинде 
Курманжан-датка  жашаган  Жүсалы  өрөөнүнө  болуп  Датканы  мындай  сүрөттөшөт:  «Ал  акылдуу 
жана  баардыгы  урматтаган  аял.  Курманжан  даткага  урук-туугандарынын  бири  калбай 
берилгендиги  менен  сый-урматы  таңдантып,  ага  таазим  кылдыруучу  касиеттери  бар  эле.  Чоочун 
кишинин  көз  алдында  ал  касиеттер  аны  бөтөнчө  сүйкүмдүү  көрсөтүп,  жоокердин  эрдигин 
баарынан  жогору  балаган  ошол  элди,  андан  соң  акылдуу  аялдын  даанышмандыгын, 
кеменгерлигин ого бетер сыйлап урматтоого аргасыз мажбур кылат». (Караңыз: Строилов Л. Алай 
менен Памирден ашып.
//Кыргыздар.-Б.1993.-С.329-349). 
Курманжан  датка  энебиздин  эл  аралык  мамилелерде  да  дасыккан  дипломат  катары  өзүн 
көрсөткөн  фактылары  болгон.  Орусияга  караган  жаңы  жерлерди  изилдөө  үчүн  көптөгөн  чет 
өлкөлүк  саякатчылар  Алайга  келишип,  Курманжан  даткага  жолугуп  турушкан.  Мисалы,  1885-
жылы  Гүлчөгө  англиялык  тыңчылар  –  молдо  Маджид  менен  сэр  Артур  келип,  Алайды  Англияга 
каратуу  жөнүндө  Курманжан  датка  менен  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүшөт.  Курманжан  датка  Улуу 
Жибек  жолунун  кербендери  аркылуу  эл  аралык  окуялардан  да  кабары  бар  эле.  Англиянын 
Индияны басып алганын, Ооган аркылуу Орто Азияга жортуул уюштурууну көздөп жатканын да 
билчү.  Бирок  ал  Орусия  империясы  менен  бирге  жашоо  кыргыз  элинин  келечегине  жакшы 
болоору  жөнүндө  небак  эле  жыйынтык  чыгарып  койгон  эле.  Ошондуктан  Англиянын 
тыңчыларына сылык гана макул эместигин билдирген. 
 
III Курманжандын көз жашы 
 
XIX  кылымдын  орто  ченинде  Курманжандын  өмүр  жолуна  дагы  бир  өтө  оор  сынак  туш 
болду.  Чек  ара  контрабандалык  кылмыш  кылууда  деген  шылтоо  менен  “кылмышкерлердин 
тобунун  уюштуруучусу”  деп  Курманжан-датканын  уулу  Камчыбек,  кылмышты  жаап-жашырган 
деген  айып  менен  жеткинчек  небереси  Мырзапаяс  камакка  алынган.  Камчыбектин  жигити  Ак-
Балбан  баш  болуп,  бул  иш  боюнча  жалпы  жонунан  жыйырма  төрт  киши  соттолгон.  Кыргыз 
күбөлөрүнүн  айтуусу  боюнча  чатакты  орус  бажы  күзөтчүлөрү  чыгарышкан.  Алар  чегарадан 
кербен жол менен келе жаткан жүктүү обоз коштогон кыргыздарга таңылчактарды чечүүнү жана 
сандыктарды  ачууну  талап  кылышкан.  Кербен  менен  келе  жаткан  Камчыбектин  зайыбы  Асел 
айым  кароолдорго  каяша  айтып,  чубалган  узун  чачынын  учундагы  чач  учтугуна  байланган 
ачкычтарды  берүүдөн  баш  таркан.  Бирок,  орус  бажы  башчысы  Асел  айымдын  чачын  мыкчый 
кармап,  ачкычы  менен  кошо  олоң  чачын  кыя  чаап  кыркып  алат.    Көчмөндөр  үчүн    мындай 
шылдың  өлүмгө  тете  иш  эле.  Натыйжада  орус  аскер  соту  Камчыбекти  жана  анын  жигити  Ак-
Палванды өлүм жазасына тартууга, ал эми Мамытбекти, Мырзапаязды, 13 жаштагы өспүрүм бала 
Арстанбекти  –  Сибирге  каторгалык  иштерге  иштетүү  үчүн  сүргүнгө  айдоого  өкүм  чыгарган. 
(Караңыз:  Өмүрзакова  Т.  Курманжан  датка:  Доор.  Инсан.  Ишмердүүлүк.-  Б.,  2002.-150-169-
беттер). 
Камчыбек  менен  Ак-Палван  1995-жылы  2-мартта  Ошто  даргага  асылган  мезгилде 
Курманжан  Датка  элди  баштап  күрөшкө  чыгууга  дарамети  жетет  эле.  Бирок,  тишине  чейин 
куралданган  орус  жазалоочуларынын  элди  бөөдө  кырып  жиберүүсүнөн  кооптонуп,  унчукпай 
тагдырга  моюн  сунууга  аргасыз  болгон.  Сибирге  сүргүнгө  айдалган  Мамытбек  менен  Арстанбек 
Иркутск  губерниясындадагы  Нижеудинск  уездинин  Тюмен  волостуна  караштуу  Тумино 
кыштагында  жашашкан. 
Камчыбектин  өлүм  жазасына    тартылышы,  уулунун,  небересинин  жана  жакындарынын 
сүргүнгө  айдалышы,  ошондой  эле  кийинки  жылы  дагы  бир  уулу  Батырбектин    көз  жумушу 
Курманжан  датканы  катуу  кайгага  салды,  бирок  биротоло  сындыра  алган  жок.  Датка 
мүңкүрөбөдү. 
Уулу Камчыбектин дарга асылышынан кийин Курманжан датка бир нече жылдар бою орус 
бийликтери  менен  мурдагыдай  алака  түзбөй  калган.  Рустам-Бек  деген  ат  менен  Алай,  Памир 
тоолоруна  көп  жолу  саякаттап  барган  орус  офицери  Б.Л.Тагеев  1896-жылы  жайында  Алай 
өрөөнүндөгү Курманжан  датканын  айылына  кайрылып,  ага    учурашуу  үчүн  Датканын  боз  үйүнө 
киргенде  уулунун  өлүмүнө  кайгырган  эненин  аянычтуу  абалын  боор  ачуу  менен  сүрөттөгөндүгү 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 74 - 
 
маалым.  (Караңыз:  Тагеев  Б.Л.  На  Востоке.  Очерки  и  рассказы  из  жизни  далеких  окраин 
России.
//Царица Алая.-Варшава, 1902). 
Ошентип  турмуш  өз  нугу  менен  журуп  жатты.  Ал  кездеги  Фергана  облусунун  аскер 
губернатору  М.Е.Ионовдун,  Датканы  сыйлаган  башка  орус  чиновниктеринин,  ошондой  эле 
Курманжан  Датканын  өзүнүн  Орус  императоруна  багышталган  өтүнүчтөрүнүн  натыйжасында 
көптөгөн кыйынчылыктардан кийин россиялык катаал аскер соту элеттиктердин дарамети күчтүү 
улугу  –  Курманжан  датканын  өтүнүчүнө  жооп  кылып,  1897-жылы  27-мартта  Мамытбек 
Алымбеков    менен  Арстанбек  Камчыбековго,  ал  эми  ошол  эле  жылы  4  –июлда  Мырзапаяз 
Жаркынбаевге Түркстан крайына  жашоо үчүн кайтып келүүгө уруксат берди. 
 
Курманжан Датка эл тынчтыгынын данакери 
1898-жылы  жазында  Анжиян  аймагында  жергиликтуу  эл    орус  империясынын 
колониалдык  эзүүсунө  каршы  көтөрүлүшкө  чыккандыгы  маалым.  Кыймылдын  демилгечилери 
Көгарт  өрөөнүндөгү  кыргыздар  болуп,  алардын  көрүнүктүү  жетекчиси  Чыйбыл  болуш  Абдулла 
бий уулунун аракети менен 1895-жылы алгачкы жыйын уюштурулат да, ошол мезгилдеги Фергана 
өрөөнүнүн  чыгыш  тарабындагы  элет  кыргыздарына  кеңири  белгилүү,  тарыхта  Дукчи  Эшен 
атанган Мухаммад Али Сабыр хальфа Софуевге кыймылга жетекчи болуп берүү сунуш кылынат. 
1897-жылы  Мадали  эшен  макулдугун  берет.  Көтөрүлүшкө  Фергана  тургундарынын  элетин  гана 
эмес, шаар калкын да тартуу максаты коюлуп, кеңири даярдыктар башталат.  
Кыймылдын идеологиялык жетекчиси ичкилик кыргыздарынын дөөлөс уруусунан чыккан, 
кезегинде  Кокон  ордосунда  кызмат  өтөп,  Кудаяр  хандын  буйругу  менен  “Фергана  хандарынын 
тарыхы”  аттуу  китеп  жазган  молдо  Зиябидин  Максым  болгон.  Дукчи  эшен  көгарттык,  кетмен-
төбөлүк,  оштук,  ноокаттык  кыргыздарга,  Кулу,  Кува,  Жеке-Тыт,  Избаскан  жана  башка 
болуштуктарда  жашаган  кыргыз,  өзбек,  кыпчак,  түрк  тургундарына  таянуу  менен  көтөрүлүштү 
1898-жылдын 17-майында кечке жуук баштап жиберет. Ошол күнү Ошто, Ноокатта, Маргаланда, 
Асакеде,  Көгартта  уюштурулган  аракеттер  ишке  ашпай  калып,  Миң-Дөбөгө  чогулган  2000 
чамалуу негизги топ Анжиян гарнизонуна кол салган, бирок жеңилип калган. 
Анжиян-кыргыз  көтөрүлүшү  бир жумага  жетпей  басылган,  анын негизги  жетекчилеринен 
22  адам  дарга  асылып,  500дөй  киши  Сибирге  сүргүнгө  айдалган.  Алардын  арасында  көгарттык 
Чыйбыл  болуш,  кетментөбөлүк  кадимки  Токтогул  Сатылганов  да  бар  эле.  Жергиликтүү  элге 
130556  рубль  контрибуция  салынган.  Көтөрүлүштүн  борбору  болгон  Миң-Төбө  кыштагы  Дукчи 
Эшендин  мекени  болгондуктан  тыптыйпыл  талкаланып,  тургундары  башка  жактарга  көчүрүлүп, 
бош  калган  жерге  орус  колониализминин  “ыраакымы  катары”  келеке  маанисинде  Мархамат  деп 
аталган  село  туруп  калгандыгы  тарыхтын  оор  фактысы.  (Караңыз:  Кененсариев  Т.,  Авазов  Э. 
Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар.-Б.,2002). 
Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүнүн көп улуттуу экендиги сурак берген жана соттолгон 
адамдардын улуттук курамынан көрүнүп турат. Суракка баары болуп 257 кыргыз тартылган. Бул 
сан  бардык  суралгандардын  жарымынан  ашык  санды  көрсөткөн.  Суракка  кабылгандардын 
арасында  112  өзбек,  20  түрк,  17  уйгур, 3  кыпчак, 5  тажик  жана  1  каракалпак  болгон.  Бул  сандар 
“Анжиян  көтөрүлүшү”  деп  аталган  кыймылдын  иш  жүзүндө  “Анжыян-кыргыз  көтөрүлүшү” 
болгондугун  ырастап  турат.  (Караңыз:  Кененсариев  Т.,  Авазов  Э.  Анжиян  көтөрүлүшү  жана 
кыргыздар.-Б.,2002). 
Көтөрүлүшкө  алайлык  кыргыздар  да  даярданышкан  болучу.  Бирок,  орус  аскерлеринин 
артыкчылыктарынан жакшы кабары бар Курманжан датка элин бөөдө кыргындан токтотуп калды. 
Жаманчылыкты  сезген  Курманжан  датка  өзүнүн  болгон  аброю  менен  алайлыктарды  козголоңго 
катышуудан  баш  тартууга  үндөдү.  Антиорустук  сезимге  алдырып,  газаватка  ураан  таштаган 
кыймылдын  натыйжасы  бейкапар  элге  оор  зыяндарды  алып  келмек.  Ошондуктан  ошол  кездеги 
Ош  болуштугун  башчысы  Карабек  Асанбеков  урматтуу  чоң  энесинин  кеңеши  менен  даярдалып 
жаткан  көтөрүлүш  жөнүндө  Ош  уездинин  начальниги  полковник  Зайцевге  билдирет.  Уезддин 
начальниги  ош  батальонун  кармашка  даярдануусун  буйрук  кылып,  Маргалаңга  киши  чаптырат. 
Өзү 1898-жылдын 16-майында Ноокат болуштугуна жөнөйт. Ноокат болушу Казыбай да Зайцевге 
утурулап,  алдынан  тосуп  чыккан.  Ошентип,  Ошто  жана  алайда  бөөдө  кырсыктын  коркунучу 
арттка калган. 
Бул окуя Курманжан датканын элин куугунтуктоодон жана кандуу жазалоолордон сактап 
калууну артык көргөн көсөмдүгүнүн дагы бир күбөсү болгон. 
Түркстан  крайынын  бийликтери  жүргүзгөн  орус  колониалдык  саясатына  капа  болгон 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 75 - 
 
Курманжан  датканын  көңүлүн  көтөрүүгө  Датка  менен  ымаласы  жакшы  орус  төбөлдөрү  бир  топ 
аракет  кылышканы  менен  Курманжан  датка  1901-жылы  гана  кайрадан  алар  менен  кат  алыша 
баштады.  Ошол  жылдын  9-майында  Түркстан  крайынын  жаңыдан  дайындалган  генерал-
губернатору  Н.А.Ивановго  куттук  айткан  кат  жазып,  анда  Ташкентке  сизди  куттуктоомду  айтып 
баруу үчүн өз уулум Мамытбекти жибердим деп билдирет. Ошол эле айдын 22-күнү Н.А.Иванов 
Курманжан  даткага  ыраазылык  билдирген  жооп  кат  жазып,  сый  көрсөтүпМамытбектен  Даткага 
чын  дилден  чыккан  достук  саламын  айта  барууну  өтүнгөн.  (Караңыз:  Өмүрбеков  Т.Н.  Улуу 
инсандардын  Кыргызстандын  тарыхындагы  ролу  жана  орду.  (XIX  ортосу  -    XX  к.  башы).  –  Б., 
2003.-204-б.) 
Курманжандын  дагы  бир  мүнөздүү  белгиси  анын  ыйыктыгы,  такыбалыгы  болгон. 
Жогоруда  айтылгандай Курманжан  жаш  кезинен  эле  салттуу  үй-бүлөдө  тарбия  көрүп,  кийин  чоң 
медресенин  ээси  Алымбектин  жубайы  болгондугуна  байланыштуу,  кезегинде  элдин  айтымында 
Оштук  эшендерге  кол  берген  адам  эле.  Белгилүү  Хувайда  эшендин  урпактарынын  бири 
Салахиддин эшендин мезгилинде, алар менен эң жакшы мамиледе болуп тургандыгы маалым. Ош 
чөлкөмүнүн  билгиси,  Анжияндын  беги,  Кокон  хандыгынын  мамлекеттик  ишмери  Алымбек 
датканын  жогоруда  айтылган  медресенин  болушу,  ал  медресеге  чегерилген  1825  гектар 
чамасындагы вакф жери (Чын-Абад жана башка жерлер), аталган вакфта алгач Алымбек өзү андан 
кийин  анын  урпактары  Жаркынбай,  Абдылдабек,  Батырбек,  Асанбектердин  мутавалий  болуп 
турушу, 1865-жылдан баштап Оштун акими болуп турган Абдылдабектин Оштогу Шайтан-Төбө, 
Сарай-Көчө кварталдарындагы вакфтык участкалары, ошондой эле Асанбектин мезгилинде да бир 
топ  вакфтык  участкалардын  болушу  Курманжандын  үй-бүлөсүнүн  бардык  мүчөлөрү  диний 
мекемелер  жана  "ыйык"  адамдар  менен  байланышта  экендигин  маалымдайт.  1895-жылы  кичүү 
уулу  Камчыбек  Оштун  чоң  базарындагы  даргага  асылган  күнү  Курманжан  Салахиддин  эшендин 
үйүндө  намаз  окуп  олтургандыгы  жөнүндөгү  маалыматты  азыркы  кезде  атактуу  эшендин  тирүү 
урпактары билишет. 
Курманжан  датка  энебиздин  ислам  илими  жазылган  ыйык  Куран  жана  Мухаммед 
пайгамбардын хадистери жөнүндө кенен түшүнүгү, өз көз карашы болгон. Курманжан датка Алай 
жергесине  кадимкидей  мектептерди  салдырып,  анда  букаралардын  сабатын  араб  алфавити  менен 
ачып, билим алуусу үчүн шарт түзгөндүгүн замандаштары эскеришет. Датка салдырган мектептер 
1960-жылга  чейин  бузулбай,  кийин  колхоздордо  кампа  катары  пайдаланылып  келгендигин 
жергиликтүү калк айтып келишет. 
1906-жылы Курманжан Датка энебиз 96 жашка чыккан мезгилде Алай жайлоосунда Орус 
империялык  Генералдык  штабдын  полковниги,  барон  Карл  Густав  Эмиль  Маннергеймдин 
баргандыгы жөнүндө айтпай кетүү болбос. Бул окуя ары кызыктуу жана ары символдуу. Анткени, 
Маннергейм  финлядиялык  армиянын  болочок  башкы  кол  башчысы  болуп,  1944-1945-жылдары 
Финляндиянын  биринчи  президенти  кызматындагы  эл  аралык  саясатчы.  Финляндиянын  улуттук 
баатыры катары атагы чыгып, дүйнөгө таанылган инсан болгон. 
Россиянын  согуш  министрлигинин  тапшырмасы  боюнча  Алай  өрөөнү,  Чыгыш  Түркстан 
аркылуу Пекинге чейин узак жолду басып өтүп, Маннергейм 1909-жылы өзүнүн сапары жөнүндө 
жол баянын жарыялаган. 
Курманжан датка менен Маннергейм 1906-жылы 13-августа жолугушат. «Алай ханышасы» 
XIX  кылымдын  жандуу  тарыхы  болчу.  Ошондуктан  аны  менен  жолугушуу  окумуштуу  үчүн  өтө 
кызыктуу болушу табигый көрүнүш эле.  Маннергейм эскермелеринде Датканын өргөөсүндө бир 
нече  жолу  фотосүрөткө  тарткан  соң,  мен  токсон  алты  жаштагы  улгайган  айымдан  ат  устундө 
сурөткө түшүү менен түбөлүк эстелик калтырууну  өтүндүм деп жазат. Саякатчынын айтымында 
Тору  аргымакка  жарашыктуу  татынакай  ээр  токулуптур.  Ханыша  небересинин  илбериңки 
жардамы  менен,  өмүр  бою  ат  үстүндө  жургөндөй  аргымакка  ишенимдүү  жана  жеңил  минди... 
Мунун  өзү  эрки  күчтүү  кажыбас  энебиздин  бейнесиндеги  көөнөрбөс  феномендик  белги 
болгондугунан кабар берет. 
 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   39




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет