ОшМУ жарчысы №1
2012
- 211 -
жылдан 1969-жылга чейин Кыргыз ССРинин илимдер академиясындагы Физика жана математика
институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1968 –жылы кандидаттык диссертациясын
коргоп, 1969-жылы өзүнүн учкан уясы Ош мамлекеттик педагогикалык институтундагы Физика-
математика факультетинин деканы кызматына дайындалып, 1978-жылга чейин иштеген. 1978-
1988-жылдары институттун илимий иштери боюнча проректору кызматын аткарган. 1988-жылы
Физика-математика факультетинин деканы кызматына кайтып келип, 1999-жылга чейин ушул
кызматта үзүрлүү эмгектенген.
Декан жана проректор кызматтарында иштеген мезгилинде жогорку квалификацияланган
илимий- педагогикалык кадрлардын даярдалышына көңүлүн буруп, окутуучулардын илимий
иштерине шарттарды түзгөн. Проректор болуп иштеген10 жылда 70 окутуучу кандидаттык
диссертацияларын коргогон. 20 жыл декан болуп иштеген мезгилде 37 окутуучу кандидаттык, 4
доцент доктордук диссертацияларын коргошкон.
1995-1997-жылдары анын жетекчилигинин астында «Экономикадагы информациялык
системалар», «Колдонмо математика жана информатика», «Экономика» жаңы адистиктери
ачылган.
Студенттердин билиминин сапатын жогорулатууга чоң көңүл бурган жана аларды түрдүү
студенттик конкурстарга катышууга тарткан. Факультеттин студенттери университеттин
факультеттер аралык конкурстарынын, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болушкан:
«Манас -1000» конкурсунда факультет 1-орунду, «Ала-Тоо жазы- 96»- 1-орунду, «Перизат-97»- 1-
орунду ээлеген.
Факультеттин материалдык- техникалык базасы жылдан жылга өскөн. 1996-1998-
жылдарда факультетке 30дан ашык IBM PC тибиндеги персоналдык компьютерлер алынган.
1999-жылы университеттин 7- жылдык юбилейине карата факультет «ОшМУнун мыкты
факультети» наамына ээ болуп, 2 персоналдык компьютер ыйгарылган.
Математикалык
анализ кафедрасында окутулуучу дисциплиналарды жана атайын
курстарды окуткан. С. Абдыкалыковдун өткөн лекциялары жогорку илимий- теоретикалык
деңгээли
менен
айрымаланган.
Ал
көптөгөн
илимий,
илимий-усулдук
китептердин,
колдонмолордун, макалалардын автору.
Алган сыйлыктары.
С. Абдыкалыковдун илимий-педагогикалык, уюштуруучулук эмгектери жогору бааланып
ал “Ардак белгиси” ордени (1976), “Күжүрмөн эмгеги учун” медалы (1988), “Кыргыз
Республикасынын элге билим берүү отличниги” (1981), СССР Жогорку билим берүү
министирлигинин “Иштеги эң мыкты жетишкендиктери үчүн” төш белгиси (1985), “Тогузунчу
пятилетканын ударниги” төш белгиси (1976), “Коммунистик эмгектин ударниги” (1976), Кыргыз
Республикасынын элге билим берүү министрлигинин ардак грамотасы (1983), “Манас-1000”
юбилейлик медалы (1996) менен сыйланып, 2001-жылы КРнын “Билим берүүсунө эмгек сиңирген
кызматкери” наамын алып, “Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн”
пенсияга (2002) татыктуу болгон. С. Абдыкалыковдун элеси анын учкан уясы Ош МУда,
окутуучуларынын эсинде түбөлүк сакталат.
Эгемназаров Давлет Эгемназарович
Эгемназаров Давлет 1937-жылы 15-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаа
айылында търългън. 1954-жылы /ч-Коргон районундагы А.С. Пушкин атындагы орто мектебин
аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик университетинин, тарых факультетинде окуган. 1959-
жылы “Тарых мугалими” адистигине ээ болуп, Ноокат районунун М. Ломоносов атындагы орто
мектебинде эмгек жолун баштаган.
1960-1967-жылдары ОМПИнун тарых факультетинде окутуучу, улук окутуучу, декандын
орун басары, тарых факультетинин деканы кызматтарында эмгектенген. 1967-1969-жылдары
Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында к\нд\зг\ бъл\м\ндъ окуп, 1972-жылы
24-январда тарых илимдеринин кандидаты илимий диссертациясын ийгиликт\\ коргогон.
1969-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин “Жаёы жана соёку жаёы
тарых” кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доценттик, кафедра башчысы кызматтарда иштөө
менен бирге тарых факультетинин партиялык уюмун жетектеген.
1988-жылдан баштап Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “КПССтин тарыхы”