Ош мамлекеттик университетинин жарчысы


Азаттык күрөштөрдүн чордонунда



Pdf көрінісі
бет13/39
Дата03.03.2017
өлшемі2,34 Mb.
#5512
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   39

 
Азаттык күрөштөрдүн чордонунда 
Курманжан  датканын  журт  башылыгы,  анын  азаттык  менен  эл  биримдигин  туу  туткан 
мекенчилдиги,  1873-76-жылдардагы  Фергана  өрөөнүндөгү  элдик  кыймылдын  мезгилинде  өзгөчө 
көрүнгөн. 
ХIХ  кылымдын  70-жылдарынын  башында  Курманжан  датка  Кудаяр  хандын  реакциялуу 
саясатына  нааразылык  билдирген  жана  антифеодалдык  элдик  кыймылдын  башталышына  үн 
кошкон. Тун уулу Абдылдабектин Кудаяр ханга каршы кыймылына бата берген. Курманжан датка 
1873-76-жылдардагы  элдик  кыймылда  алгач  адилетсиз  хан  бийлигине  каршы  күрөшүп, 
көтөрүлүштүн  айтылуу  жетекчилери:  Шер  датка,  Мамыр  Мерген  уулу,  Абдымомун,  Оморбек 
датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Тун уулу Абдылдабек кыймылдын 
жалпы  жетекчиси,  ичкилик  кыргыздарынын  бостон  уруусунан  чыккан  Искак  молдо  Асан  уулу 
Полот  хандын  жакын  жан-жөкөрү  болуп,  Орусия  баскынчылыгына  акыркы  күндөргө  чейин  жан 
аябай күрөшкөн. Курманжан датканын мындай чечими улуу Алымбектин эл биримдигин биринчи 
орунга  койгон  керээзин  аткаруу  болучу.  Көсөм  жана  даанышман  Курманжан  датка  эл  башына 
түшкөн  кыйын  кезеңде  азаттыкты  туу  тутуп,  чыгаан  баатырлардын  башын  коштуруп,  жалпы 
чечимдердин негизинде гана иш жүргүзүү элдин келечеги камсыз кылаарын жакшы түшүнгөн. 
Бирок, 
1873-74-жылдары 
антикудаярдык 
мүнөздөгү, 
ал 
эми 
1875-76-жылдары 
антиколониалдык  маанидеги  зор  кыймыл  Кокон  хандыгынын  жоюлушу  менен  (1876-жыл,  18-
февраль)  аяктады.  Искактын  жан-жөкөрү  Абдылдабек  1875-жылдын  октябрынан  1875-жылдын 
январына чейин Кокон шаарынын коменданты болуп туруп, Кудаяр хандын мураскери Насирдин 
бектин  кошуундарын,  орус  жазалоочуларын  шаарга  киргизбей  коргоп  турган.  Искак  январдын 
аягында Алай тоолорун карай качканда гана Коконду таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1873-жылы 
күзүндө  Аксынын  Сафед-Буланында,  андан  кийин  1875-жылдын  27-сентябрында  Ботокарада  эки 
жолу  хан  көтөрүлгөн  Искак  Асан  уулу  Полот  хан  кармалып,  1876-жылдын  1-мартында 
Маргалаңда  жаңы  орус  бийликтери  тарабынан  дарга  асылган.  (Караңыз:  Кененсариев  Т. 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 67 - 
 
Кыргызстандын  Орусияга  каратылышы.-Б.,1997.-279-305-беттер.  Ошол  эле  автор.  Искак  Асан 
уулу Полот хан.-Ош, 1997). 
3 жылга созулган зор кыймыл жеңилип, Кокон хандыгы Орусияга каратылса да, азаттыкты 
туу  туткан  Абдылдабек  антиколониялдык  күрөшүн  токтоткон  эмес.  1976-жылдын  биринчи 
жарымында  орус  баскынчылары  менен  Алайдагы  кармаштарда  Курманжан  датканын  тун  уулу 
Абдылдабектин ролу зор. Алайлык кыргыздар Абдылдабектин жетекчилиги астында 1876-ж. жаз, 
жай  айларында  падыша  аскерлерине  чечкиндүү  каршылык  көрсөтүштү.  Курманжан  датканын 
конушу  көтөрүлүшчүлөрдүн  кадимки  штабына,  ал  эми  Алай  тоолору  кезектеги  боштондук 
кыймылынын  согуш  майданына  айланган"  (Караңыз:  Өмүрзакова  Т.  Курманжан  датка:  Доор. 
Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002.-127-б) . 
Орус  жазалоочу  отряды  менен  кармаштын  эң  ирилеринин  бири  Гүлчөдөн  25  чакырым 
түштүктө  жайгашкан  Жаңырык  капчыгайында  болгон.  Абдылдабек,  Оморбек,  Сулайман  удайчы, 
Таныкул паңсат, Валихан төрө жана башкалар олжоке, көкчө, сарттар урууларынан чогулган ири 
кошуун менен коргонууга ыңгайлуу өңүт даярдашып жатышкан. Бир жарым миң чамалуу кыргыз 
көтөрүлүшчүлөрү  таштан  үч  айланта  чеп  куруп,  түп  жагына  лагерин  жайгаштырган.  Анда 
Курманжан датка да  болгон. Абдылдабектин кошуунунда эч кандай замбирек, алыс атар мылтык 
жок  эле.  Түтөтмө  мылтык  да  сейрек  болуп,  жигиттер  негизинен  кылыч,  айбалта,  найза,  чокмор 
менен гана куралданышкан болучу.  
Жаңырык  капчыгайында  коргонуп  жаткан  Абдылдабектин  кошуунун  талкалоонун  алай 
кыргыздарын  орус  букаралыгына  өткөрүүдө  гана  эмес,  Фергана  өрөөнүндө  орус  бийлигин 
бекемдөөдө  да  чоң  мааниси  бар  эле.  Ошондуктан  М.Д.Скобелев  бул  кармашты  өтө  тыкандык 
менен уюштурган. Эки тарап эрегишкен чечүүчү салгылашуу 25-апрелде түшкө маал башталып 3 
саатка  созулду.  Абдылдабектин  коошуну  кармаш  учурунда  жоонун  бир  нече  жолку  чабуулунун 
мизин майтарып, катуу каршылык көрсөттү. Бирок, мөндүрдөй жааган окко туруштук бере албай, 
мындай  кармашты  мурун  көрбөгөн,  “кара-келтек”  кыргыз  кошууну  түшкө  чейин  созулган   катуу 
салгылашуудан  кийин  чегинүүгө  аргасыз  болду. Курманжан  датка  баштаган  улгайган  адамдарын 
алдыга жөнөтүп,  коргоно кармашып олтуруп,  Абдылдабек Алай тоолорунун бийик жайлоолорун 
карай  чегинди.  Кыргыздардан  150дөй  киши  набыт  болду,  Эч  ким  жан  соогалаган  жок.  Оор 
жарадар  болгондордон  гана  3-4  киши  туткунга  түштү.  (Караңыз:  Кененсариев  Т.  Кыргызстандын 
Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-285-86-беттер.) 
Жаңырык  салгылашуусунан  кийин  Абдылдабек  тынчып  калган  жок.  Ал  жан-жөкөрлөрү, 
пикирдештери  менен  алгач  Кызыл-Арт,  Көк-Суу  сыяктуу  бийик  жайлоолордо  жашынып  жүрүп, 
май  айынын  акырында  Кара-Кулжа,  Өзгөн,  тарапка  жыла  баштаган.  Июнь,  июль  жана  август 
айларында  Алай  тоолорунда,  Өзгөндүн,  Кара-Кулжанын  чөлкөмдөрүндө,  Исфайрам  өзөнүндө 
болгон  кармаштарда  элдин  эрки  курчуп,  азаттыктын  урааны  урууларды  бириктирип,  алайлыктар 
“бир  жеңден  кол,  бир  жакадан  баш  чыгарышты”.  Алай  тоолорунун  батыш  элеттеринде  абагат 
уруусунун  бийи  Орозаалы,  коженттик  кыргыз  Каракозу,  тажиктерден  исфаралык  Хабиб-Эшен 
жана  өзбектерден  кокондук  Калма-Юнус,  лейлектик  кыргыздардын  абагат  уруусунан 
Абдырахман, Осмон жана Эрманбет паңсат жетектеген козголоңдор катталган.  
М.Д. 
Скобелевди 
айрыкча 
Абдылдабектин 
тобу 
кызыктырган. 
Себеби, 
анда 
көтөрүлүшчүлөрдүн  саны  көп  эле.  Анын  үстүнө  Абдылдабек  башка  кыймылдарды 
координациялап  турган.  Июлдун  биринчи  жарымында  анын  колу  эки  миңден  ашып,  ага 
Абдыкеримбек  кошулган.  12-июлдун  түнү  көтөрүлүшчүлөрдүн  бир  бөлүгү  Гүлчөдөгү  орус 
аскерине кол салып, анда капитан  А.Н. Куропаткин  колунан  оор  жарадар болгон. Бул кырдаалда 
М.Д. Скобелев бир нече отряддын коштоосунда Абдылдабекке каршы жөнөгөн. Анын отрядында 
орус  генералдарынын  чакыруусу  менен  Түштүккө  келген  Шабдан  Жантай  уулу  жана  анын  25 
жигити  да бар эле. М.Д. Скобелев, Абдылдабекти үгүттөө менен баш ийдирүүгө аракеттенип, 21-
июлда  багынып  берүүнү  талап  кылган  кат  жиберген.  (Караңыз:  Кененсариев  Т.  Кыргызстандын 
Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-293-95-беттер.) 
М.Д.Скобелев  20-21-июль  күндөрү  алайлык  кыргыздарга  эки  мазмундагы  чакырыктарды 
тараткан.  Алардын  27  нускадан  турган  биринчи  түрүндө  М.Д.Скобелевди  Алайда  тынчтык 
орнотууга  жарым  падыша  өзү  жибергендиги,  көтөрүлүшчүлөргө  жардам  бергендиги  үчүн 
адыгине,  сарттар  урууларынын  мал-мүлкү  тартылып  алынары,  эгер  “каракчыларга”  кимде-ким 
дагы көмөк көрсөтө берсе дагы ушундай болору, тартипти орнотууга, “шайкаларды” жок кылууга 
кол кабыш кылгандарга ак падышанын жана жарым падышанын ырайымы жарыялана тургандыгы 
жазылган. (Караңыз: ЦГВИА РФ.—1396-ф.—2-оп.—97-иш.—153-барак.) 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 68 - 
 
Ал  эми  алайлык  кыргыздардын  жапалак,  төлөйкөн,  жоош,  качыбек,  көкчө,  бөрү, 
жылкелди,  көк-жатак,  кушчу,  тооке,  баргы,  бакал,  субай,  олжоке,  жору,  сарттар,  карабаргы, 
сарыбаргы, тазбаргы сыяктуу 19 уруунун бийлерине багышталган чакырыктардын экинчи түрүндө 
жогоркудай мазмундагы сөздөрдөн кийин уруу башчылары Чупан-Ата, Зара-Булак, Хива, Махрам, 
акырында  Анжыян  кыргындарын  эстеп  коюуларын,  эгер  алар  кол  куушуруп  М.Д.Скобелевдин 
алдына  келишсе,  “аман”  жарыяланарын  (Орусияга  куралдуу  каршылык  кылууну  кечүү)  айтып, 
Абдылдабек,  Абдыкерим  бек  сыяктуу  адамдарды  кармап,  аларды  тирүүбү  же  өлүүбү,  айтор  орус 
бийликтерине  тапшырышса,  урматтуу  таксырдын  жана  жарым  падышанын  ырайымына  калары 
эскертилген. Чакырыктарды таратууга туш-тушка киши чаптырылган.  
М.Д.  Скобелевдин  Абдылдабекке  багынып  берүү  жөнүндө  жазган  катынын,  ал  катка 
берген Абдылдабектин жообунун тексттери архивдерде сакталып калган. Каттар ошол мезгилдеги 
Алайдагы  саясий  кырдаалды  таасын  сүрөттөп,  Абдылдабектин  сөздөрүнөн  алай  кыргыздарынын 
Орус баскынчылыгына карата мамилесин так түшүнсө болот. 
1876-жылдын  21-июлунда  М.Д.Скобелев  Оштон  үч  жигит  коштогон  Шабдандын  иниси 
Абдрахмандан  Абдылдабекке  кат  жиберген.  Катта:  “Абдылдабек  датка.  Сизге  Абдыкеримбекти 
жаныңызга алып, адамдарыңыз менен ыктыярдуу түрдө бизге келишиңизди сунуш кыламын. Сиз 
жеңилбес  орус  армиясын  тоолор  да,  суулар  да,  душмандар  да  токтото  албасына,  алардын 
алдында өзүңүздүн да туруштук бере албашыңызга көзүңүз жетти. Ошондуктан Сиз качандыр 
бир  кезде  колго  түшмөйүнчө  качкын  болуп  жүрө  берериңиз  айкын.  Эгер  Сиз  багынып  берсеңиз, 
анда  “Жарым  падышанын”  улуу  боорукердигине  жана  ырайымына  бөлөнөр  элеңиз!  Чынында 
өзүңүз  баарын  жакшы  түшүнөсүз...”—деп  жазылган.  (Караңыз:  ЦГВИА  РФ.—1396-ф.—2-оп.—
97-иш.—154-барак). 
М.Д.  Скобелев  алай  кыргыздарын  каратуу  үчүн  ”Алай  илимий-согуштук  экспедициясын” 
уюштуруу керек деген пикирге май айында эле келген болучу. Андан берки окуялар жүрүштүн 22-
июль  күнү  башталышына  ыңгайлуу  шарттарды  түзүп  берген.  Экспедициянын  түштүк 
кыргыздарын  биротоло  орус  колонизаторлорунун  алдында  тизе  бүктүрүүнүн  иш  жүзүндө 
аткарылышына  зор  мааниси  болгон.  Абдылдабекке  багышталган  катынын  жообун  күтпөй  эле 
генерал М.Д.Скобелев жүрүштү 22-июль күнү баштап жиберди. 
М.Д.Скобелев  26-июль  күнү  Сопу-Коргонго  жеткенде  Абдылдабектин  иниси  Асанбек 
агасынын  М.Д.Скобелевге  жазган  жооп  катын  алып  келди.  Кат  алып  келгендердин  ичинде 
М.Д.Скобелевдин  21-июнда  Абдылдабекке  жазган  катын  алып  кеткен  Шабдандын  иниси 
Абдрахман жок болуп чыкты. Чамасы аны Абдылдабек барымтага алып  калса керек.  
М.Д.Скобелевдин  катын  алып  "ыраазы"  болгондугун  айтып  келип,  Абдылдабек  катта 
мындай  деп  жазыптыр:  "Кудайга  жана  анын  пайгамбарына  ишенген  биз  ушул  мезгилге  чейин 
силерге  каршылык  көрсөтүп  келебиз.  Бул  иш  Сиз  тараптан  шартты  бузгандык  үчүн  жасалып 
олтурат.  Мисалы,  жарым  паша  Насирдинге  Кокон  хандыгын  берип  койгонуңуздар  менен,  аны 
алдап,  кайра  Сибирге  жөнөтүп  жибердиңиздер.  Ал  эми  Сиз,  генерал  Скобелев,  элге  кадырлуу 
Абдрахман  аптабачыны  жана  бир  нече  биздин  бийлерди  Коконго  олтургузамын  деген  куру 
убадалар менен колго түшүрүп алгандан кийин так ошондой эле жол менен Сибирге жөнөттүңүз. 
Мына  ушулардын  баары  биз  үчүн  коркунучту  жана  ишенбөөчүлүктү  туудурду.  Ошондуктан 
Исламды туткан бир нече адам силерге катуу каршылык көрсөтүүгө бел байладык. 
Сиз,  өзүңүздүн  чоң  жана  жеңилбес  армияңыз  менен  сыймыктанасыз.  Ал  эми  биз  кичине 
адамдарбыз,  ошондуктан  кудайга  сыйынып,  шүгүрчүлүк  гана  кылабыз.  Мүмкүн  Көктөгү 
жараткан  бизге  да  ырайым  кылаар...  Эгер  берген  убадаларыңызды  так  аткарсаңыз,  биз  да 
Сиздин  сунуштарыңызга  макулдугубузду  берет  элек.  Бирок  жогорку  себептер  менен  биз  эми 
кашык  каныбыз  калганча  силерге  каршы  күрөшө  беребиз.  Биз  көчмөнбүз,  ошондуктан  бизге  эч 
кандай мүлктүн кереги жок, кудайдын берген даамына жана тузуна ыраазыбыз. 
Токмоктон  баштап  Сиз  кыргыздарды,  кыпчактарды,  сарт-тарды  убадаңызды  аткаруу 
менен  багындырып  келе  жатасыз.  Ал  эми  Коконду  алганда  Сиз  таптакыр  өзгөрдүңүз, 
ошондуктан ушул толкундоолор чыгууда, эгер Сиз сөзүңүздө турсаңыз, бул болмок эмес. 
Эгер Сиз тынчтыкты каалап, убадаңызды аткарсаңыз, анда бул ишти Шабдан баатырга 
тапшырыңыз,  биз  ошого  макулдугубузду  беребиз.  Шабдан  кандай  ойлосо  ошондой  чечилсин. 
Чынында ал өз ишиңиз. 
 
Анан  дагы  бир  нерсе.  Эгер  Шабданды  Ош  уездинде  калтырсаңыз,  анда  ал  бул  жерде 
тынчтыкты  орнотор  эле  деп  ойлойбуз".  (Караңыз:  ЦГВИА  РФ.—1396-ф.—2-оп.—97-иш.—154-
барак) . 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 69 - 
 
Каттын  кайсы  күнү  жазылгандыгы  жөнүндө  маалымат  жок.  Аягында  Абдылдабектин 
мөөрү  басылган.  Каттын  мазмуну  Абдылдабектин  дипломатиялык  жөндөмүн,  айтылган  убаданы 
мыйзам  катары  кабыл  алган  тоолук    кыргыздын    чынчыл    жана  убадага  бек  турган  түз  мүнөзүн, 
кырдаалды туура түшүнгөн билимдүүлүгүн, жеңилсе да, элинин келечегин ойлоп, анын тагдырын 
Шабданга тапшырган тарыхый кеменгерлигин ачык көрсөтүп турат. 
Ошол эле күнү М.Д. Скобелев Абдылдабекке дагы бир кат жазган. Анда генерал багынып 
берүүнү кескин талап кылган. Абдылдабек үмүтсүз болсо да күрөштү уланта берүүнү чечкен. Күч 
топтоо үчүн Кызыл-Артты ашып, Чоң-Алайга, ал эми 31-июлда Кашкарга кирип кеткен.  
М.Е.Ионовдун  отряды  29-июль  күнү  Кашкардан  кайтып  Ооганстанга  өтүп  бара  жаткан 
Курманжан датканын көчүн кууп жетип, датка айымды генерал М.Д.Скобелев менен жолугушууга 
макул кылган. Азаттыкты улуу идея катары санаган Курманжан эне натыйжада бир топ бийлердин 
коштоосунда,  кичүү  уулу  Камчыбекти  жана  небереси  Мырзапаясты    алып,  Чоң-Алайдын  Арча-
Булагында өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал чоң дасторкон жайып, 
Курманжанга алтын чөйчөк жана парча чепкен жапкан. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын 
Орусияга  каратылышы.-Б.,1997.-300-б.)  М.Д.Скобелев  бул  жолугушуу  жөнүндөгү  рапортунда 
Курманжандын  туткун  катары  абалына  карабай  өзүн  салабаттуу  кармап,  сүйлөшүүнү  жогорку 
дипломатияда  жүргүзгөнүнө  ары  таң  калуу,  ары  суктануу  менен  эскерген.  Ошол  рапортунда  ал 
биринчи жолу Курманжанды “Алай канышасы” деп айтууга татырлык деген пикирин билдирген. 
(Караңыз: ЦГВИА РФ.—Ф.1396.—Оп.2.—97-иш.-223-барак). 
Сүйлөшүүлөрдүн  негизинде  Курманжан    орус  бийликтерине  багынгандыгын  билдирип, 
балдарын  кайра  мурунку  жайларына  көчүрүп  келүүгө,  алайлыктарды  орус  букаралыгын  кабыл 
алууга  көмөктөшүүгө  мажбур  болгон.  Алысты  көрө  билген  айым  пайдасыз  кармаша  бергенден 
көрө  орус  букаралыгын  таанууну  туура  деп  эсептеген.  Ошентип,  Абдылдабек  баштаган  үч 
уулунун  Ооган  жерине  ооп  кетиши,  баш  көтөргөн  атуулдардын  орус  баскынчылыгынан  өлүмгө 
учурашы  жана  Орусия  куралынын  күчтүүлүгү  эрктүү  энебизди  тагдырга  баш  ийип,  эми  элин 
бөөдө кыргындан сактап калыш үчүн падыша бийлигине баш ийүүгө мажбурлаган.  
”Алай илимий-согуштук экспедициясы”  1875—76-жылдардагы Фергана өрөөнүн Орусияга 
каратуу  кампаниясында  олуттуу  саясий-согуштук  мааниси  бар  этап  болуп  калган.  Муну  менен 
Түштүк Кыргызстанды  Орусияга каратуу аяктады. Падыша өкмөтүнүн толук эмес маалыматтары 
боюнча  17380  түтүн  алайлык  кыргыздар  (адыгине  —  3145  түтүн,  ичкиликтер  —1225  түтүн, 
монгуш  —  13010  түтүн)  орус  букаралыгына  киргизилди.  Алар  Гүлчө,  Ак-Буура,  Ноокат 
болуштуктарына  кирип,  Ош  уездин  түзгөн.  (Караңыз:  Кененсариев  Т.  Кыргызстандын  Орусияга 
каратылышы.-Б.,1997.-303-б). 
Абдылдабектин күчтөрү талкаланганы менен тоолуктар бир топко чейин кармашын уланта 
беришкен. Бул уруулар июлдун экинчи жарымында эле көтөрүлгөн Сох суусунун Дургумак, Кара-
Көл, Раут куймаларынын бойлорунда жашаган ичкилик кыргыздардын 800дөй жигиттери болучу. 
Алардын  башында  Мамбет  бий,  Жармамбет,  Кудайназар,  Маткерим,  Муратбай  жана  Эшмамбет 
турушкан.  Алар  өздөрүнчө  аракеттенип  жатышкан.  Молдо  Ашырдын  тобуна  тилектештигин 
билдирип,  ал  Кара-Тегинге  качканда  кабарлашып,  күчтөрдү  бириктирүүгө  аракеттенишкен. 
Шабдандын  отрядынын  жардамы  менен  сентябрда  орус  аскерлери  Молдо  Ашырдын 
көтөрүлүшчүлөрүн талкалаган.  
Күз  айларында  алайлыктардын  нааразычылыктарын  басып, 
орус  бийлигин  кыргыздарга  биротоло  таанытууга  көмөк  алуу  үчүн  М.Д.  Скобелев  Курманжан 
менен  Мадыда  жолугушкандан  кийин  гана  толкундоолор  токтоп,  К.П.  Кауфман  1877-жылдын 
январь  айында  Петербургга  Кокон  хандыгынын  мурунку  чөлкөмдөрүндөгү  ”толук  жеңиш” 
жөнүндө телеграмма жибере алган.  
1876-жылдын күзүндө Кабулдан Курманжандын Меккеге бара жатып көз жумган тун уулу 
Абдылдабектен башка  балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичи-
Алайды,  Ноокатты  башкарып  калышкан.  Ошентип,  кан  төгүшүү  токтоп,  датканын  көсөмдүгү 
менен тынчтык орногон. 
Алай тоолорундагы кармаштар өзүнүн саясий-стратегиялык мааниси жагынан Фергананын 
түздүктөрүндөгү  согуштарга  тете  болгон.  1873—76-жылдардагы  элдик  кыймыл  кыргыздар  менен 
башталып, кыргыздар менен  аяктагандыгын, тоолуктардын кыймылдын идеяларына башкалардан 
тереңирээк  сугарылгандыгын  баамдоо  кыйын  эмес.  Көчмөндөрдүн  кыймылдагы  олуттуу  ролун 
орус  бийликтери  да  жогору  баалагандыгын  ошол  учурдун  мезгилдүү  басма  сөз  материалдары 
даана көрсөтөт. 
 
 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 70 - 
 
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы  
жана коомдук ишмер 
 
Датка  айымдын  үчүнчү  —  саясий  жана  коомдук  ишмердүүлүк  деп  аталуучу  доору  1876-
жылдан  ХХ  кылымдын  башына  чейин  созулуп,  Орус  колониализминин  мезгине  туура  келет.  Ал 
мезгилде Курманжан датка орус колониялык бийликтери менен айлакер дипломатия жүргүзүүнүн 
натыйжасында  түштүк  кыргыздарынын  басымдуу  бөлүгүн  туура  жолго  үндөп,  алардын 
биримдигин сактоого, Ош вилайетиндеги бейпилдикти камсыз кылууга аракеттенген.  
 
Курманжан датка алысты көрө билген көсөм 
Эми  датканын  коомдук-саясий  ишмердигинде  жаңы  өзгөрүүлөр  болду.  Түркстан 
чөлкөмүндөгү,  Ферганадагы  жана  буга  чейин  жеке  өзү  бийлик  жүргүзүп  келген  кең  өрөөндөгү 
саясий  кырдаалдын түп тамырынан бери өзгөрүшү анын абалына, тагдырына таасир этпей койгон 
жок.  Датканын  бийлиги  чектелип,  укуктары  тарыды.  Мындан  ары  Алай  өрөөнүн  башкарчу 
болуштар түздөн-түз Ош уездинин начальнигине  жана Фергана областынын аскер губернаторуна 
баш  ийип  калышты.  Бирок  аталган  мамлекеттик  бийлик  өкүлдөрү,  атүгүл  Түркстан  крайынын  ар 
кайсыл  жылдардагы  генерал-губернаторлору  дагы  узак  жылдар  бою  ага  «Алай  ханышасы», 
кыргыздардын атак-даңктуу жол башчысы катары ардактап мамиле кылышын уланта беришкен.  
Ошто  жана  Алайда  орус  бийлиги  орногондон  кийин  Курманжан  даткага  Оштогу  Ак 
Ордону  таштоого  туура  келди.  Шаардагы  бир  катар  имараттар,  Алымбектин  медресеси  жана 
вакфы,  айдоо  чектери  Датканын  карамагында  кала  бергени  менен  Курманжан  датка  Ошко  ири 
жолугушууларга  же  үй-бүлөлүк  салтанаттарга  гана  катышуу  үчүн  келбесе,  чынында  шаарда 
сейрек турчу. Датка  кышкы резиденциясы катары  Мадыда, ал эми жаз, жай жана күз мезгилинде 
мурункудай эле Гүлчөдө туруп, коомдук жумуштарды аткара берген. 
Алайдын  башкаруучусу  таанылган  Курманжан  датка  орус  төбөлдөрүнө    коомдук  жана 
мамлекеттик  ишмер,  билги  катары  кеңири  белгилүү  эле.  Бекеринен  аны  К.П.фон-Кауфман  баш 
болгон  орус  генералдары  "Алай  канышасы"  деп  атаган  эмес.  Курманжан  датка  өз  мезгилинде 
Фергана  облусунун  акимдери  М.Д.Скобелев,  А.К.Абрамов,  Г.А.Арандаренко,  М.Е.Ионов, 
К.П.Кауфман,  М.Г.Черняев,  А.Б.Вревский,  Н.А.Иванов,  С.М.Духовский  ал  турсун  Россиянын 
келечектеги  согуш  министри  А.Н.Куропаткин  сыяктуу  адамдар  менен  дос,  тааныш  болгондугу 
маалым.  Алар  менен  тез-тез  кат  алышып,  кээде  Ошко,  Жаңы-Маргалан  (Скобелев)  шаарларына 
келип  сүйлөшүп  турган.  Курманжандын  иш  билгилиги  жана  кадыры,  Фергана  чөлкөмүнүн 
тоолуктарын  орус  колонизаторлоруна  каршы  көтөрүлүштөрдөн,  бекерге  кырылып  кетүүдөн 
сактап, элдин тынчтыгына жана башка элдердин өз ара ынтымагына оң таасирин тийгизген. 
Кээде  Курманжан  датканын  катышуусу  менен  жогорку  деңгээлдеги  жолугушуулар  болуп 
өтчү. Мисалы, 1876-жылы Түркстан генерал-губернатору К.П. фон-Кауфмандын (Жарым падыша) 
сунушу  менен  Мадыда  кеңири  сүйлөшүү  расмийи  өткөрүлүп,  анда  Датка  дагы  бир  жолу  Орус 
бийлигин  тааныгандыгын  билдирген  жана  “Ак  падышага”  каршы  чыкпоого  убадасын  берген. 
(Караңыз:  Өмүрзакова  Т.  Курманжан  датка:  Доор.  Инсан.  Ишмердүүлүк.-  Б.,  2002.-С.180.)  1884-
жылы  болсо  73  жаштагы  Курманжан  датка  Скобелев  шаарында  (Жаңы  Маргалаң)  Түркстан 
генерал-губернатору  Н.О.Розенбахтын  кабыл  алуусунда  болуп,  Алай  чөлкөмүнүн  тагдыры 
жөнүндө  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзгөн.  Генерал-губернатор  Курманжанга  баалуу  кымкап  чапан 
жапкан. (Караңыз: Туркстанские ведомости.-1884.-№ 40.). 
Түркстан  генерал-губернатору  ж.б.  бийлик  өкүлдөрү  Ош  тарапка  келгенде  сөзсүз 
Курманжан  даткага  кезигип,  айрым  маселелер  боюнча  кеңешип  турушчу.  Мисалы  80-жж. 
Гүлчө-Талдык-Эркеч-там кара жолунун курулушун ашар жолу менен бүтөрүүдө Курманжан 
датка орус бийликтерине чоң көмөк көрсөткөн. Ошол эле учурда аталган курулушка 1884-ж. 
карата  крайдын  жергиликтүү  каражаттарынан  25  000  сом  жумшалып,  Ош  уездинин  эле 
калкынан  7562  сом  80  тыйын  жыйналган.  Мындай  жыйымдар  элдин  нааразычылыгын 
туудурбаш үчүн анын маанисин түшүндүрүүдө Датканын ролу чоң болгон. 
1892-жылы 81 жаштагы курагында «Алай ханышасы» ошол учурдагы орус  авторлору өтө 
таң  калуу  менен  жазгандай  Гүлчөгө  80  чакырым  жерден  ат  үстүндө  кебелбей  жорго  салдырып 
келип,  генерал-губернатор  барон  А.Б.Вревский  менен  кезигишип,  маектешкен.  Датка  айымдын 
кыраакылыгы менен темирдей бекем эркине таң калып, ыраазы болгон генерал ага сый көрсөтүп, 
чыгыштын  салтын  туурап,  кымкап  чапан  жапкан.  Ал  эми  Курманжан  датка  ата-бабадан  калган 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 71 - 
 
кааданы бузбай мансабы бийик «жарым падышага» адатынча  сары жорго тартуулаган. (Караңыз: 
Ювачев  И.П.  Курбань  –  Джань  –  Датха,  Кара-киргизская  царица  Алая  //Исторический  вестник. 
1907,  №  12.  968-бет).    Андан  алты  жыл  өткөн  соң,  1898-жылы  Ошто  Датка  айым  Түркстан 
крайынын  кийинки  генерал-губернатору  С.М.  Духовский  менен  жолугушуп,  элинин  ал-абалы, 
коомдук жана чарбалык турмушу тууралу аңгемелешкен.  
Курманжан  даткага  жолуккан  колониалдык  бийлик  өкүлдөрү  ар  дайым  анын 
куюлуштуруп  айткан  таамай  сөзүнө  муюп,  чукугандай  сөз  тапкан  чечендигине, 
өткүрлүгүнө,  терең  акылына  жана  тубаса  элчилик  өнөрүнө  таң  калышчу.  Жашы 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   39




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет