9-класс 1-БӨЛҮК. Лексика. Грамматика тестти аткаруу боюнча нускама



Дата18.10.2023
өлшемі19,87 Kb.
#117861

9-класс
1-БӨЛҮК. ЛЕКСИКА. ГРАММАТИКА
ТЕСТТИ АТКАРУУ БОЮНЧА НУСКАМА
Тестти аткаруу убактысы – 40 мүнөт.
Тест тапшырмаларынын саны – 40.
Тестти аткарууда сөздүк колдонууга болбойт.
Таблицанын сол жагында сүйлөмдөр берилген (1,2 ж.б.), ал эми оң жагында жооптордун варианттары берилген. Туура жоопту таап, аны тегеректеп белгиле. Эгерде жаңылып туура эмес белгилеп алсаң, анда ал вариантты чийип салып, туура деп эсептеген жоопту тегеректеп белгиле.


Сүйлөмдөрдү толуктагыла.


9-класстын окуучулары ... отургузушту.

А) ташты
Б) камыш
В) көчөт
Г) балыр


Бишкек – Кыргыз Республикасынын ... .

А) борбору
Б) айылы
В) кыштагы
Г) көчөсү


..., ал Жыргал эмес чыгар.

А) Пай-пай
Б) Айрөк
В) Түтү
Г) Балким


Биздин классыбыздан спорттук мелдешке катышуучулар ... : А. Сергеев, В. Абрамова, И. Асанов.

А) ошондуктан
Б) төмөнкүлөр
В) ошентип
Г) кыскасы


Биздин класста ... бала бар.

А) жыйырма бирде
Б) жыйырма бирди
В) жыйырма бирге
Г) жыйырма бир


– Дамира, бизге кыргыз тили ... болот?

А) кандай
Б) качан
В) кантип
Г) кайсы


Биз Жибек Жолу ... жашайбыз.

А) көчөсүндө
Б) көчөнү
В) көчөнүн
Г) көчөгө


Мен өз мекенимди ... .

А) жакшы көрөсүң
Б) жакшы көрөт
В) жакшы көрөмүн
Г) жакшы көрөсүз


– Булар ... класстын окуучулары?

А) кандай
Б) кайсы
В) кайда
Г) качан


Кыргыз тилден ... берди.

А) көнүгүү
Б) көнүгүүнүн
В) көнүгүүдө
Г) көнүгүүгө


2-БӨЛҮК. ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ

Тестти аткаруу убактысы – 50 мүнөт.


Тестти аткарууда сөздүк колдонууга болот.
Тапшырмалардын саны – 2 текст жана аларга карата 15 тест тапшырмалары.
Туура жоопту таап, аны тегеректеп белгиле. Эгерде жаңылып туура эмес белгилеп алсаң, анда ал вариантты чийип салып, туура деп эсептеген жоопту тегеректеп белгиле.


Текстти окуп, тапшырмаларды аткаргыла.


Бишкек баатыр баяны

Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши жашаптыр. Жылдардын биринде эл Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жайлоосуна көчүп барганда, Бишкек келте менен ооруп калат. “Келте” оорусунан эл жугуштуу деп абдан коркчу экен. Бишкекти үй-бүлөсү менен Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз калтырып, эл башка жайлоого көчө качып кетет. Бишкек өлөрүн билгенде:



  • Балдарым! Бишкек деген ат керт башыма, эрдигиме да таандык. Алдуу-күчтүү кезимде эрдигиме таянып, журт башкарган билермандар мени караан кылып урматтап, өздөрүнө жакын алып жүрүштү. Мурда тирек кылган бир дагы байдын, манаптын көңүлүмдү сураганын көрбөдүм. Армандуу дүйнө деген мына ушундай, балдарым. Эми мен жарык дүйнө менен түбөлүккө коштошомун. Бирок менин сөөгүмдү Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз бейит кылып калтырбай, Аламүдүн суусунун боюна, жолдун түндүк жагындагы жээктеги дөбөгө койгула. Ал жерде да эч көрүстөн жок. Бирок Анжыян, Ташкен тараптан Токмок жана Ысык-Көлдү карай өтүп турган жүргүнчүлөрдүн карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе, күмбөз тургузуп койгула, – деп Бишкек керээзин айтып, дүйнөдөн кайтат.

Балдары атасынын керээзин аткарышат. Бир жылдан кийин күмбөз да тургузушат.
Өткөндөр ал жерге токтоп, куран окушат. Соодагерлер кербен сарай салышып, чайкана ачышат. Бара-бара ал жер Бишкек деп аталып, жыл өткөн сайын чоң шаарга айланат. Кийин ал шаар Республиканын борбору болуп калат.
(183 сөз)

1

Бул ... .

А) повесть
Б) уламыш
В) роман
Г) поэма

2

Эл Бишкекти эмне үчүн калтырып башка жайлоого көчүп кетишет?

А) алсыз болгондуктан
Б) ооруп калгандыктан
В) карып калгандыктан
Г) чатак кылгандыктан

3

Эмне себептен алар абалын сурашкан жок?

А) убакыт жок үчүн
Б) алыс болгон үчүн
В) корккону үчүн
Г) иши көп үчүн

4

Бишкек балдарынан эмне деп суранат?

А) эстелик койбогула деп
Б) досторун тапкыла деп
В) дөбөгө койгула деп
Г) алыстан көрүнсүн деп

5

Балдары атасынын ... аткарышат.

А) сырларын
Б) акылын
В) ойлорун
Г) айтканын

6

Ары-бери өткөн соодагерлер токтоп, ... .

А) куран окушат
Б) суу алышат
В) тамак ичишет
Г) эс алышат

7

Эгерде соодагерлер чайкана салышпаса, анда ... .

А) балдары отурукташмак
Б) шаарга айланмак эмес
В) анын аты өчүп калмак
Г) эл аны унутуп калмак


Достарыңызбен бөлісу:




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет