Атайын курстун максаты – студенттердин элдик педагогика жана анын адепт\\л\к идеалдары жън\ндъг\ билимдерин тереёдет\\ о


Атайын курстун жумушчу программасынын тематикалык планы



бет2/10
Дата06.01.2022
өлшемі337,42 Kb.
#13271
түріПрограмма
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Атайын курстун жумушчу программасынын тематикалык планы









Т е м а л а р


Сааттардын көлөмү

Лекция

Семин.

Практ.



Элдик оозеки чыгармалар – элдик педагогиканын башаты жана каражаты

2

2







Кыргыз элдик педагогикасындагы адептүүлүк идеалдарынын өзгөчөлүктөрү

2

2







Кыргыз элдик оозеки чыгармалары – адептик тарбия берүүнүн каражаты



2







Окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарында кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуунун методикалык принциптеринин өзгөчөлүктөрү

2



2




Класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарынын мазмуну жана негизги формалары












Класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарын жүргүзүү методикалары

2




2




Класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүдө окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарында кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуунун келечектүү багыттары

2

2







Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүү боюнча мектеп менен үй-бүлөнүн бирдиктүү ишмердиктери

2




2





Бардыгы

14

10

6


1-Тема: Элдик оозеки чыгармалар – элдик педагогиканын башаты жана каражаты

Максаты: Элдик оозеки чыгармаларга жана анын тарбиялык потенциалына болочоктогу мугалимдердин кызыгуусун өнүктүрүү

Планы:


1. Элдик педагогика, анын маңыз, мазмуну. Кыргыз элиндеги тарбиялоонун маңызын аныктоочу негизги түшүнүктөр (кароо, багуу, асыроо, акыл айтуу, үйрөтүү, тарбиялоо, өзүн-өзү тарбиялоо, кайра тарбиялоо, бутуна тургузуу, эрезеге жеткирүү, адам кылуу ж.б.).

2. Элдик педагогиканын өзгөчөлүктөрү (социалдык шартталгандыгы, өзгөргүчтүгү жана инерттүүлүгү, демократиялуулугу, гумандуулугу, синкреттүүлүгү, эмприкалуулугу, өтүүчүлүгү, социалдык активдүүлүгү).

3. Элдик педагогикадагы тарбиялоонун максаты - төгөрөгү төп келген адам идеалы (элдин балдарга болгон сүйүүсү жана куштарлыгы; тарбиянын максатынын эл тарабынан түшүнүлүшү; дени соо муундарды өстүрүү – элдик тарбиянын максаты катарында; элдик педагогикадагы балдардын акылын өстүрүү маселелери; адептүүлүк аң сезимди, сезимди жана жүрүм турумду калыптандыруу элдик тарбиянын максаты катарында; эмгек жана эмгек адамына болгон сүйүү - элдик тарбиялоо системасынын негизги жобосу).

4. Кыргыз элдик педагогикасындагы төгөрөгү төп келген адам идеалы (баатыр, эр жүрөк, элдин уулу, жигиттик ж.б.)



Методикалык көрсөтмөлөр


Көрүнүктүү педагогдордун эмгектериндеги “элдик педагогика” жана “этнопедагогика” түшүнүктөрүнүн азыркы мезгилдеги чечмеленишин салыштыргыла. Ата мекендик педагог-изилдөөчүлөрдүн кыргыз элдик педагогикасынын проблемаларын изилдөөгө кошкон салымдарын талкуулагыла. Этнопедагогикалык эмгектерди талдоонун жана түрдүү үй-бүлөлөрдүн тарбиялоо тажрыйбаларын байкоонун негизинде элдик педагогиканын өзгөчөлүктөрүн аныктагыла.

Элдик педагогикадагы тарбиялоонун максатынын ишке ашырылышын көрсөткүлө. Түрдүү элдердин педагогикалык маданиятындагы төгөрөгү төп келген адам идеалдарын талдагыла жана салыштыргыла. Кыргыз элдик педагогикасындагы төгөрөгү төп келген адам идеалынын максатын көрсөткүлө. Окуу жайдын китепканасынын картотекасы менен таанышып чыккыла жана элдик педагогиканын проблемалары боюнча адабияттардын тизмесин түзгүлө.



Рефераттар


1. Тарбиялоо жөнүндөгү элдик акылман ойлор – педагогиканын булагы катарында.

2. Элдик педагогиканын маселелерин изилдөөнүн тарыхы.

3. Ата мекендик педагог-изилдөөчүлөрдүн этнопедагогика жаатындагы чыгармачыл изденүүлөрүнүн негизги багыттары.

4. Элдик педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүүнүн, жалпылоонун, даңазалоонун жана колдонуунун методикалары.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет