Атты І халықаралық конференция ЕҢбектері



Pdf көрінісі
бет165/326
Дата07.01.2022
өлшемі8,57 Mb.
#19269
1   ...   161   162   163   164   165   166   167   168   ...   326
 
ТАШПОЛОТ САДЫКОВ
1
, БАКЫТ ШАРШЕМБАЕВ

 
 
1
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети,  
2
Кыргыз-түрк Манас университети, Қыргызстан
 
 
  
«МАНАС» ЭПОСУНУН УЛУТТУК КОРПУСУН ТҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ 
 
Кыргыз  элинин  улуттук  сыймыгы,  көөнөрбөс  көрөңгөсү,  улуу  мурасы  жана  соолбос 
руханий булагы болгон Манас дастаны миңдеген жылдар бою атадан балага, муундан муунга 
өтүү  аркылуу  биздин  күнгө  жетип  олтурат.  Дастаныбыз  көлөм  жактан  дүйнөдө  теңдешсиз, 
мазмун  жактан  элибиздин  көөнө  тарыхын,  алмустактан  берки  рухий  жана  заттык 
маданиятын  чагылдырган,  поэтикалык  жактан  көркөм  сөз  өнөрүнүн  эң  жогорку  деңгелине 
жеткирилген  жалпы  адамзаттык  маанидеги  эстелик  экени  талашсыз.  Муну  «Белес-белден 
бороондоп, Беш удургуп өткөн Сөз. Баласына атасы Мурас кылып кеткен Сөз. Эли сактап 
жүрөккө,  Биздин  күнгө  жеткен  Сөз»  деп  дастаныбыз  өзү  бир  тастыктаса,  «Манас»  эпосу 
жалпы адамзаттык маанидеги терең маани-мазмунга сугарылган көркөм сөз өнөрүнүн туу 
чокусу, дүйнөлүк көчмөндөр цивилизациясынын кенчи, кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин 
манифести  жана  көркөм  идеологиясы,  Алатоолук  ак  калпак  калктын  турмушунун 
энциклопедиясы  болуп  эсептелет.  Поэтикалык  күчү,  эпикалык  арымы  жана  көлөмү 
жагынан  дүйнөдө  теңдеши  жок  улуу  дастан.  «Манас»  -  байыркы  кыргыз  рухунун  туу 
чокусу» деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы бир ирет тастыктайт. 
Бүгүнкү  күндө  2,5  миллиондон  ашуун  ыр  сабын  камтыган  эпостун  токсонго  жуук 
варианты Улуттук Илимдер академиясы Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият инстутунун 
колжазмалар  фондунда  сакталып  турса,  миллиондон  ашуун  ыр  сабын  камтыган  текст 


160 
 
кытайлык кандаштарыбыздан катталганы анык. Эбегейсиз зор көлөмдөгү 3,5-4 миллион ыр 
сабын ичине катыган бул казынабызда элибиздин эчен кылым карыткан улуттук маданияты, 
дүйнө кабылдоосу, менталитети, чарбачылыгы, устачылык, аңчылык, саяпкерлик, сынчылык 
өнөрү, үрп-адат, салт-санаасы, адеп-ахлак, жүрүм-туруму, ишеними, диний, мифологиялык, 
философиялык  түшүнүктөрү,  экологиялык,  астрономиялык,  географиялык,  медициналык 
билими,  жоокерчилик  өнөрү,  курал-жарак,  буюм-тайымдары,  үй  эмеректери,  кийим-
кечектери,  аш-той,  тамаша-зоок,  шаң-салтанаттары,  коңшу  тайпалар  менен  болгон 
мамилелери, атажурттун ажайып кооздугу, аска-зоо, тоо-таш, жайлоо-төр, өрөөн-өңүр, талаа-
түз, өзөн-сууларынын көрк-касиети, каармандардын кулк-мүнөзү, кыймыл-аракетти, келбет-
көрүнүштөрү,  болочок  урпактарды  атажурттун  атуулу,  эрктүү,  күчтүү,  кайраттуу,  чапчаң 
кылып тарбиялоодо эрсайыш, балбанкүрөш, оодарыш, көкбөрү, аламан байге, жорго салыш 
сыяктуу элдик оюндардын ролу таамай сүрөттөлүп, таасирдүү көркөм сөз менен берилген.  
Улуттук  тилибиздин  мартабасын  мамлекеттик  деңгелге  көтөрүүдө,  адабий  норманы  эне 
тилдин  төл  кыртышында  өркүндөтүүдө,  тилибизди  илим-техника-технология,  башкаруу-
өндүрүш-бизнес тилине айлантып, дүйнөлүк маалыматтар мейкиндигине алып чыгарууда да 
даңазалуу дастаныбыздын мааниси баа жеткис. Манас эпосу, акыйкатта да, кыргыз тилинин 
көөнөрбөс  алтын  казынасы,  анда  катылган  эбегейсиз  сөз  байлыгы,  көркөм  сөздүн  асыл 
берметтери,  аңыз-уламыш,  жөө  жомок,  санжыра,  макал-лакаптары  эне  тилибиздин 
дүйнөдөгү эң бай, кооз, таасирдүү, элестүү жана туюнтуу кудурети мол тилдердин катарына 
жатарын кадиксиз тастыктайт.  
Колжазмалар  фондундагы  эпостун  негизги  деп  табылган  нускалары  ондон  ашуун.  Ыр 
саптарынын саны боюнча булардын көлөмү төмөнкүдөй: 
 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   161   162   163   164   165   166   167   168   ...   326




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет