1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Жетектөөчү идея, дене тарбиянын адамзаттык баалулуктарга негизделиши жана багыттары



бет19/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   25
    Бұл бет үшін навигация:
  • идея
2.3. Жетектөөчү идея, дене тарбиянын адамзаттык баалулуктарга негизделиши жана багыттары

Жогоруда белгилегендей инсандын дене тарбиясы негизинен жаш муун менен иш алып барууда олуттуу орун ээлейт. Ага байланыштуу окуучу жаштардын дене тарбиясын жакшыртуу жаатындагы жетекчиликке алуучу идея төмөндөгү тартипте мүнөздөлөт.
Жетектөөчү идея инсандын дене тарбиясы ачыктыкка, көп түрдүүлүккө, гумандуулукка, демократиялык мамилелерге, адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга басым жасоого жана ар бир окуучунун инсан катары өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу иш-аракетине негизделет. Бул максатта заманбап илимий көз караштарга негизделген окуучунун кыймыл-аракет базасын калыптандыруу, физикалык сапаттарын өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо иретинде инсандын дене тарбиясындагы мазмундук линия аныкталат.
Инсандын дене тарбиясы ачыктыкка жана көп түрдүүлүккө негизделиши чечилүүчү милдеттердин, колдонулуучу каражаттардын, ыкмалардын жана формалардын түшүнүктүүлүгүн жана көп түрдүүлүгүн камсыз кылуу дегенди билдирет. Инсандын дене тарбиясы гумандуулукка жана демократиялык мамилелерге таянып, окуучуну дене-бой жактан жетилтүүдө, физикалык даярдыгын калыптандырууда жана ден соолугун чыңдоодо анын жеке өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эсепке алууну талап кылат. Дене тарбия мугалимдери окуучунун кыймыл-аракет базасын калыптандыруу, дене сапаттарын өрчүтүү жана ден соолугун чындоо максатында сунушталуучу дене жүктөмдү окуучунун жыныстык, физикалык даярдык жана курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша жекелештирип аныктоого милдеттүү жана дайыма окуучу менен кызматташуу аракетинде болушу маанилүү. Мугалимдин окуучуга карата мамилеси урматтоого, жетишкендиктерге жана кемчиликтерге объективдүү баа берүүгө, баланын кабыл алуу, таасирленүү, кубануу жана кайгыруу реакцияларын эсепке алууга негизделиши шарт. Инсандын дене тарбиясын демократизациялоо мазмундук, ыкмалык жана формалык бир түрдүүлүктөн анын көп түрдүүлүгүнө өтүү иретинде кабыл алынып, аталган процессин артка чегинбешинин кепили болушу маанилүү. Түпкүлүгү педагогикалык мамилелердин кынтыксыз баш ийүү талабынан баш тартып, педагогикалык кызматташуу талабын кеңири жайылтуу дегенди билдирет.
Инсандын дене тарбиясы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга негизделиши сабак учурундагы жана сабактан сырткары өткөрүлүүчү иш-чараларда окуучунун руханий-адеп-ахлактык өнүгүшүнө басым жасоо дегенди билдирет. Дене тарбия процессинде окуучуга адептик, акыл-эстик жана эстетикалык тарбия берүү багыттары, алардын ар биринин көздөгөн максатын, милдеттерин, каражаттарын жана ыкмаларын ырааттуу аныктап, натыйжалуу ишке ашырууну талап кылат.
Дене тарбия процессинде адепке тарбиялоонун мазмуну заманбап аң-сезимдерди, учурдун талабына жооп берген моралдык көз карашты жана этикалык жүрүм-турумду калыптандырууну көздөйт. Заманбап адептик мамилелердин өзүнө, жолдошторуна, окуган окуу жайына, курчап турган айлана-чөйрөгө жана коомго карата кура билүүгө үйрөтөт. Адамзаттык жана улуттук баалуулуктар менен байланышкан инсандык мүнөздү, белгиленген тартипти бекем сактоо, принципиалдуу позицияны кармана билүү, таза жана акыйкат болуу менен байланышкан моралдык-эрктик жана этикалык сапаттарды калыптандыруу аракеттери көрүлөт. Адепке тарбиялоонун каражаты катары коомдук мамилелердин жаратылышын тескеген мораль, окуу жайдын уставында белгиленген окуучулардын укуктары жана милдеттери, спорттук мелдештердин эрежелери жана этикасы колдонулат. Дене тарбия процессинде өздөштүрүү үчүн сунушталган кыймыл-аракетке атайын адептик багыт берүү, утулганды шылдыңдабоо, жыгылганды урбоо, кемчилик кетиргенди мазактабоо сыяктуу талаптар коюлат жана алардын аткарылышы көзөмөлгө алынат. Окуучулар бири-бирин үйрөтүү процессине тартылат жана билгениңди башка бирөөгө үйрөтүү жана жалпы ийгиликке бирге кубануу аракеттери колдоого алынат. Дене тарбия процессинде окуучуга адептик тарбия берүүдө мугалимдин өрнөк боло турган жеке жүрүм-туруму маанилүү роль ойнойт жана бул өңүттө дене тарбия мугалимине карата коюлуучу адистик жана инсандык талаптар жогорулайт. Адепке тарбиялоонун негизги ыкмалары катары ынандыруу (түшүндүрүү, насаат айтуу, окуучунун жүрүм-турумун талдоо, аңгемелешүү, диспуттарды уюштуруу), адептик жүрүм-турумга алгачкы ирет үйрөтүү, жакшы жүрүм-турумду бекемдөө жана мезгил-мезгили менен текшерип туруу ыкмалары колдонулат. Окуучу жараткан ийгиликтин көз жаздымда калбашы, аны учурунда кубаттоо, ишеним көрсөтүү, ыраазычылык жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү да маанилүү роль ойнойт. Адепке тарбиялоо “бир да жосунсуз жорук мугалимдин көз жаздымында калбайт”, - деген эрежеге баш ийиши керек. Ага байланыштуу зарыл болгон учурда окуучуну мажбурлоо (милдетин эскертүү) жана жазалоо (эскертүү, күндөлүккө жазуу, кызыктуу иштерге аралаштырууну чектөө, команданын курамынан чыгарып салуу, класстык чогулушта талкуулоо) ыкмалары колдонулат.
Дене тарбия процессинде окуучуну акыл-эске тарбиялоо анын руханий дүйнөсүн байытаарын, таанып-билүү кызыгуусун өрчүтөөрүн, атайын информацияны топтоо, жыйынтыктоо жана анализдөө жөндөмүн жана тийиштүү көндүмдөрүн калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу менен уюштурулушу керек. Ага байланыштуу физкультура жана спорттун адам баласына тийгизген таасири жөнүндөгү билимдерди окуп-үйрөнүүгө басым жасоо жана окуучунун интеллектуалдык жөндөмүн жана билимдүүлүк сапаттарын жакшыртууга салым кошуу аракеттерини кеңири колго алынышы маанилүү. Акыл-эстин жандуулугун, тез кабыл ала билүүчүлүгүн жана ышкыбоздугун жакшыртуу боюнча тийиштүү ыкмаларды колдонуу сунушталат.
Дене тарбия процессинде окуучуга эстетикалык тарбия берүү анын руханий дүйнөсүн байытуу кыймыл-аракеттин көркөмдүүлүгүн камсыздоого, тийиштүү билимдерди өздөштүрүү, кооздукту кабыл алуу, көрө билүү, баалоо жана жарата билүү менен байланышкан сапаттарды калыптандыруу аркылуу жүргүзүлүшүнө басым жасалышы зарыл. Дене тарбия сабагы өтүлүүчү залдарда тийиштүү эстетикалык жагымдуу шарт түзүлүп, окуучунун психикасындагы чагылдыруу (отражение), кабыл алуу (восприятие), толгонуу (переживание) жана баалоо (оценка) процесстерине эстетикалык багыт берүү колго алынып, түпкүлүгү окуучунун эстетикалык татымын (эстетический вкус) калыптандыруу аракеттери орун алышы шарт. Ага байланыштуу дене тарбия сабагын өтүүдө спорт залдын тазалыгына, жарыктыгына, жылуулугуна, колдонула турган жабдуулардын туура жайланышына, окуучулардын бирдей жана кооз спорттук форма кийишине көнүл бурулат. Дене тарбия көнүгүүлөрүнүн динамикалык, мейкиндик, мезгилдик, ритмикалык көрсөткүчтөрүн күчтөндүрүү, атайын музыканын коштоосунда аткаруу алардын көркөмдүк касиетин жогорулатат. Мугалимдин ишмердүүлүгүндө эстетикалык жактан байытылган сөз ыкмасы (кыймылдын ички жана сырткы көркөмдүгүн ачып көрсөтүү, салыштыруу), көнүгүүнү артисттик жол менен көрсөтүү (олуттуу, жеңил, шайдоот, туурап) жана кыймыл-аракетке кооздуктун мыйзамдарын (пропорциялык катыш, тийиштүү форма жана мазмун, техникалык өңүттө туура аткаруу) эсепке алып үйрөтүү ыкмалары колдонуу сунушталат.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет