1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Инсанды руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү процессин гуманисттик баалуулуктардын чегинде аңдоо



бет16/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   25
Инсанды руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү процессин гуманисттик баалуулуктардын чегинде аңдоо. Руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү иши инсанды ѳзүндѳ ѳнүгүү программасы бар кайталнгыс зат катары таанып, аны ачууга багытталган гуманистик баалуулуктарга негизделиши шарт. Мындай парадигманын шартында ата-энелер, педагогдордун ишмердүүлүгү балдардын ѳзүн ѳзү ѳнүктүрүүчү инсандык функциясын иш-аракетке келтирүүгѳ багытталат. Буга ылайык тарбиялоо иши инсндын ѳзүнѳ ѳзү жардамчы болуп ѳзүн ѳзү тарбиялоосун колдоо, коштоо катары каралат. Балдардын ѳз алдынча ѳнүгүүсү үчүн кеңеш кѳмѳк кѳрсѳтүүчү шарт жагдайларды түзүү концепциянын ѳзѳктүү принциптеринин бири катары каралышы абзел. Буга байланыштуу концепциянын ѳзѳктүү принциптеринин бири инсанды социалдаштыруу анын жеке ѳзгѳчѳлүктѳрүн ѳнүктүрүү менен шайкеш келгенде гана ыкчам алдыга жылат деген гуманисттик баалуулукту сунуштоо болуп эсептелет.

7.4. Мугалим, тарбиячынын инсандык ѳрнѳгү, тарбиялык таасирине таянуу. Жаш муундарды, улуттук тарбия идеалынын баалуулуктарынын негизинде тарбиялоо ишине тике жоопкер, эң башкы субьект - мугалим. Руханий - адептик жактан тарбиялоонун талаптары, мугалимдин инсандыгынын ѳрнѳк үлгүсү аркылуу гана балдардын ишенимине айланып, чындыкка айланат. Башкача айтканда, мугалимдин кишилик нускасы, тарбиялоо ишинин ийгиликтүү ишке ашуусунун эң башкы кепилдиги. Бул педагогикалык мыйзам тууралуу К.Д.Ушинский “Тарбиячынын жаш муундардын жан дүйнөсүнө таасирин эч нерсе менен теңдештирүүгө болбойт, аны окуу китептер да, ар кандай адептик осуяттар да, мактоо жана жазалоо системасы да алмаштыра албайт” – деп жазган. Демек, мугалим балдар үчүн жѳн эле сабак бергич эмес, “насаат нускасы, таасирлүү чоң адамдын идеалы”, “турмуш жана улуттук дүйнө тааным булагы” образында кабылданышы абзел. Ал өз элинин руханий-адептик маданиятын, дүйнөлүк маданияттын үлгүлөрү менен жуурулуштуруп, балдарды билим жана маданият чөйрөсүнө баштоочу “гид” болушу шарт.
7.5. Руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүүдѳ гуманисттик баалуулуктарга негизденүү. Балдардын руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү иши, ѳзүндѳ ѳнүгүү программасы бар кайталангыс инсан катары таанып, аны ачууга багытталган гуманистик баалуулуктарга негизделиши шарт. Мындай парадигманын шартында ата-энелер, педагогдордун ишмердүүлүгү балдардын ѳзүн ѳзү ѳнүктүрүүчү инсандык функциясын иш-аракетке келтирүүгѳ багытталат. Буга ылайык тарбиялоо иши инсандын ѳзүнѳ ѳзү жардамчы болуп ѳзүн ѳзү тарбиялоосун колдоо, коштоо катары каралат. Балдардын ѳз алдынча ѳнүгүүсү үчүн кеңеш кѳмѳк кѳрсѳтүүчү шарт жагдайларды түзүү концепциянын ѳзѳктүү принциптеринин бири катары каралышы абзел. Бул концептуалдуу кѳз караш инсанды социалдаштыруу анын жеке ѳзгѳчѳлүктѳрүн ѳнүктүрүү менен шайкеш келгенде гана ыкчам алдыга жылат деген мыйзам ченемдүүлүккѳ негизделет.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет