1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясын жүзөгө ашырууну долбоорлоо жана натыйжаларын баалоо иш-чаралары



бет2/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
3-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясын жүзөгө ашырууну долбоорлоо жана натыйжаларын баалоо иш-чаралары
3.1. Программалык иш-чаралар ........................................................................
3.2. Күтүүлүүчү иш-чаралар жана аларды баалоо ..........................................

Жыйынтыктоочу жоболор ................................................................................




ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Кыргыз Республикасында инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу концепцясы (мындан ары Концепция) Кыргыз Республикасынын Конституциясын [1], Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Физкультура жана спорт жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамдарын [2, 3] жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын [4] жетекчиликке алуу менен иштелип чыкты.
Концепция билим берүү уюмдарынын инсанды социалдаштыруу ишмердиги менен алек болуучу башка субъектилери менен кызматташуусун камсыз кылуучу негизги нормативдик-баалуулук катары колдонууга сунушталат. Мындай ишмердүүлүктүн негизги максаты – инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылууда жетиштүү деңгээлдеги бирдиктүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.
Концепция:

  • улуттук, адамзаттык, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарга, жогорку моралдык ченемдерге жана сергек жашоо образына таянган улуттук тарбиялык идеалды мүнөздөйт;

  • инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу максатын, милдеттерин жана базалык баалуулуктарынын системасын аныктайт;

  • инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуучу негизги социалдык-педагогикалык шарттарды жана жетекчиликке алынуучу принциптерди тактайт;

  • билим берүү уюмдарына инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбиясы боюнча коомдук заказды максаттуу, натыйжалуу жүзѳгѳ ашыруу багытындагы илимий педагогикалык талаптарды тариздейт;

  • инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн жана дене тарбиясынын милдеттерин жүзѳгѳ ашыруудагы үй-бүлө, коомчулук жана билим берүү уюмдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка коомдук түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин аныктайт.





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет