Сергекжашоо образы – саламаттыкты сактоо, ар түрдүү оорулардын алдын алуу жана денени чыңдоо менен байланышкан адам баласынын жеке жашоосу. Сергек жашоо образы режим кармоо, туура тамактануу, дене тарбия көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз аткаруу, спорт менен машыгып, оптималдуу физикалык активдүүлүктү камсыз кылуу жана ошо эле мезгилде тамеки чегүүдөн, спирттик ичимдиктерден жана орунсуз жүрүм-турумдан баш тартуу иретинде мүнөздөлөт.
2.2. Дене тарбиянын максаты жана негизги баалуулуктары Соңку мезгилдин талабы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө уюштурулуучу дене тарбия процессинин күтүлүүчү натыйжаларын так аныктоону, дене тарбия менен байланышкан билимдерди өздөштүрүүнүн, кыймыл-аракет билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруунун жана негизги физикалык сапаттарды өрчүтүүчү машыгуулардын багыттарын, каражаттарын, ыкмаларын жана уюштуруу формалары сынчыл көз караш менен салмактап, заманбап теориялардын жоболоруна дал келтирип кайрадан карап чыгууну талап кылат.
Инсандын дене тарбиясынын максатыадам-баласын руханий баалуулуктун жана адеп-ахлактык тазалыктын негизинде анын физикалык жактан ар тараптан жетилишин камсыз кылуу болуп саналат. Максаттын өзөгүн түзгөн физикалык жактан ар тараптан жетилүү түшүнүгү биологиялык (организмдин формасынын жана функциясынын жетилиши), социалдык (эмгекке жана мекенди коргоого даяр болуу) жана педагогикалык (педагогикалык таасир берүүчү каражаттарды туура колдонуу) көз караштарга жараша мүнөздөлөт. Көздөгөн максатка жетүү ар бир инсандын жеке дене маданиятын калыптандыруу дегенди билдирет. “Инсандын жеке дене маданияты” түшүнүгү баалуулуктардын түркүмү, ишмердүүлүктүн бир түрү жана ишмердүүлүктүн жыйынтыгы иретинде таанылат жана төмөндөгү аспектилерди камтыйт.
Биринчиден, дене маданияты баалуулуктардын түркүмү иретинде – адам баласынын дене-боюн, физикалык негизги сапаттарын (күчүн, ылдамдыгын, ыкчамдыгын, чыдамкайлуулугун, ийилчээктигин) жана ден соолугун чыңдоо максатында атайын аткарылуучу иш-аракетти туюндурат, адамзат тарабынан иштелип чыккан жана тандалып алынган материалдык жана рухий баалуулуктардын түркүмү катары кабыл алынат. Анын системдүү калыптанышы мамлекет жана коом тарабынан түзүлгөн материалдык-техникалык базадан (спорттук курулмалардын, спорттук залдардын, бассейндердин, стадиондордун) жана коом туу туткан руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардан турат. Аталган баалуулуктарды калыптандыручу заманбап дене тарбия методикасы, дене тарбия жана спорт багытындагы илимдин өнүгүшү, массалык-мааалымат каржаттардын салымы ж.б.у.с. ресурстарды максаттуу колдонуу маанилүү роль ойнойт.
Экинчиден, дене маданияты ишмердүүлүктүн бир түрү иретинде – адам баласын турмушка даярдоо максатында анын дене-бой көрсөткүчтөрүн өстүрүүнүн, физикалык даярдыгын жакшыртуунун, ден соолугун чыңдоонун, сергек жашоо образын калыптандыруунун негизинде жаш муунду натыйжалуу эмгектенүү жана Ата Мекенди коргоого даярдоо дегенди туюндурат жана коомдо орун алган социалдык ишмердүүлүктүн бир түрү катары таанылат. Анын системдүү калыптанышы дене тарбия жана спорт багытындагы адистердин натыйжалуу ишмердүүлүгүнөн көз каранды болот. Анткени, атайын билими бар адистер дене маданиятынын базалык, спорттук жана жардамчы түрлөрү көздөгөн максаттарды түздөн-түз ишке ашыруучу кыймылдаткыч күчтүн ролун ойнойт.
Дене маданиятынын базалык түрү менен байланышкан адистик ишмердүүлүк негизинен билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде жана баскычтарында билим алып жатышкан окуучуларга милдеттүү дене тарбия сабактарын өтүү жана массалык-спорттук иш чараларды уюштуруу менен коштолот. Ал эми улуу муун менен иш алып барууда дене маданиятынын базалык түрү тандоо эркиндигине негизделет жана ар бир инсандын жеке каалоосуна жараша өнүгөт. Ага байланыштуу дене тарбия адистерин сапаттуу даярдоо жана дене маданиятынын базалык түрлөрүн кеңири жайылтуу маселелери колго алынышы зарыл. Массалык-маалыматтык аймакта физкультура жана спорттун адам баласынын жашоо өмүрүн узартуудагы, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуудагы, карылыкты алыстатуудагы мүмкүнчүлүктөрү кеңири чагылдырылышы маанилүү. Калайык-калктын мындай катмарына ыңгайлуу социалдык шарттарды түзүү, экономикалык алга сүрөөчү мехнизмдерди иштеп чыгуу жана адистик тейлөө кызматтарын кеңири жайылтуу да маанилүү роль ойнойт.
Дене маданиятынын спорттук түрү менен байланышкан ишмердүүлүк өзгөчө шыгы жана таланты бар жаштарды камтыйт. Мындай контингент менен иш алып барууда жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо системасы жандуу жана натыйжалуу иштеши зарыл. Анткени, спорттук натыйжаны прогноздоо, аны камсыз кылуучу ишмердүүлүктү моделдештирүү, үлгү иретинде аныкталган моделдин көрсөткүчтөрүнө ылайыктап жаш спортсмендерди тандоо, алар менен узак жылдарды камтыган машыгууларды өткөрүү, жооптуу мелдештерге катыштыруу, спортчунун чарчап-чаалыккан абалын багыттап калыбына келтирүү иш-аракеттери орун алышы шарт. Элди, жерди, өлкөнү даңазалай турган спортсмендерди даярдоо заманбап материалдык-техникалык базанын түзүлүшүнөн жана жогорку квалификациялуу машыктыруучулардын катмары калыптанышынан көз каранды. Ага байланыштуу спорттук машыгуучуларды даярдоо, алардын адистик билимин үзгүлтүксүз жогорулатып туруу колго алынышы зарыл. Дене маданиятынын спорттук түрүн индустрия катары калыптандыруу, анын татаалдыгына жана көп каражатты талап кылаарына карабастан жолго коюлушу маанилүү. Дене маданиятынын спорттук түрү ырааттуу уюштурууну, бул багытта эки баскычтын орун алышын талап кылат. Биринчиси – баштапкы спорттук багыттагы дене маданияты иретинде уюштурулат жана белгилүү деңгээлдеги массалуулугу менен айырмаланат. Анткени, спортко шыгы бар балдарды жана жаштарды адистештирилген спорттук мектептерге кеңири тартуу менен коштолот. Ал эми, экинчиси – жогорку спорттук натыйжага жеткирүүчү дене маданияты иретинде орун алат жана элин, жерин, өлкөсүн дүйнөгө таанытууга татыктуу спортсмендерди даярдоо максатын көздөйт. Даңазалуу спортсмендердин өмүр жолун жана жараткан ийгиликтерин жаңы муун үчүн тарбиялык идеал катары колдонуу зарылдыгы эске алынышы жана жолго коюлушу маанилүү.
Дене маданиятынын жардамчы түрү менен байланышкан ишмердүүлүк өз алдынча мааниге ээ болгон маселелерди чечүүгө багытталат. Мындай маселелер инсанга адистик-прикладдык, саламаттыкты калыбына келтирүүчү жана өмүргө дем берүүчү дене маданияттарын калыптандыруу багыттарында орун алат. Тилекке каршы, дене маданиятынын жардамчы түрү жана мүмкүнчүлүктөрү кыргызстандын соңку тарыхында жоголуп кетүү абалына кептелип калды. Жаш муунга адистик билим берүүдө болочок кесиптин өзгөчөлүктөрүн эсепке алган адистик-прикладдык жана аскерий-прикладдык дене тарбия иш-аракеттери орун алышы зарыл. Өндүрүштүн кескин кыскарышы жана рынок мамилелеринин кеңири жайылышы өндүрүштүк-прикладдык дене тарбияны четке сүргөнү, бул багыттагы иш чараларды уюштуруу зарылдыгы бар экендиги да маанилүү. Социалдык-экономикалык абалдын оорлошкону дене маданиятынын саламаттыкты калыбына келтирүү (реабилитация) мүмкүнчүлүктөрүн да кыскартты. Оору-сыркоолордун алдын алуу, чарчап-чаалыгуунун, түрдүү кырсыктардын кесепетинен келип чыккан организмдин функциалдык мүмкүнчүлүктөрүндөгү жоготууларды калыбына келтирүүдө дарылоо физкультурасын кеңири жайылтуу зарылдыгы пайда болду. Өзгөчө, COVID-19 пандемиясы өмүргө дем берүүчү дене маданиятын күнүмдүк турмушта кеңири жайылтышын, жашоого сергек маанай түзүү максатында колдонулушун кадыресе көрүнүшкө айлантуу максатка ылайык болоорун далилдеди. Ошондуктан, эртең мененки гимнастика, кондициялык машыгуулар, дем алыш күндөрүндөгү үй-бүлө менен бирге эс алуу, тоо койнуна барып сейилдөө, лыжа тебүү, туристтик жүрүшкө чыгуу, бассейндерге барып сууга сүзүү сымал эс алуунун активдүү формалары кадыресе көрүнүшкө айланышы керек.
Үчүнчүдөн, дене маданияты ишмердүүлүктүн жыйынтыгы иретинде коомдук маданияттын бир бөлүгү катары таанылат. Ага байланыштуу дене маданиятынын аталган түрү адам баласын кандайдыр бир ишмердүүлүккө даярдоодо коом топтогон тарыхый тажрыйба иретинде мүнөздөлөт. Мындай өңүттө, кыргыз коомунда топтолгон эки ресурсту максаттуу колдонуу маанилүү. Биринчиси, кыргыз элинин салттуу оюндары жана улуттук спорттунун түрлөрү. Экинчиси, спорттун дүйнөдө кеңири жайылган классикалык түрлөрү. Биринчи ресурс, инсандын дене тарбиясында тарыхый мурасты сактап, кыргыз элине мүнөздүү руханий-адеп-ахлакты карманып, ар бир жарандын улуттук иденттүүлүгүн бекемдөөгө салым кошсо, экинчи ресурс, классикалык спорттун түрлөрү боюнча өтүүчү олимпия оюндарына, дүйнөлүк, континенталдык жана регионалдык деңгээлдеги мелдештерге катышып, кыргыз элин жана мамлекетин таанытып-даңазалоо келечегин түптөйт.
Тилекке каршы, кыргыз коомунун соңку мезгилине мүнөздүү, илимий жана руханий-адеп-ахлактык көз карашта талаштуу жагдай орун ала баштады. Ааламдашуу доору, рынок шарты, шоу-маданияты спорт ишмердүүлүгүнө негизделген бир катар бизнес-долбоорлорду кыргыз спортуна жуурулуштурду. Коммерциялык өңүттө өнүккөн спорт материалдык баалуулукту руханий-адеп-ахлактык баалуулуктан жогору коюп, жеңишке жетишүү каражаттарынын жаратылышын өзгөрттү. Чексиз агрессивдүүлүктү жана зомбулукту даңазалаган эрежесиз эр таймаш сымал шоу-мелдештер дүйнө таанымы калыптана элек жаш муунга терс таасир тийгизүүдө. Мындай мелдештерге кыз-келиндердин тартылышы, аларды шыктандыруу иретинде өлкө башчысы баш болуп расмий куттуктоолорду жибериши тайкы түшүнүктөрдүн түптөлүшүнүн башаты деп кабыл алуу керек. Анткени, мындай мелдештердин адам баласынын ден соолугуна тийгизген таасири тийиштүү илимий изилдөөлөрдүн предмети боло элек, ал эми кыргыз аял затынын жаратылышына шайкеш келбеген чексиз агрессивдүүлүк жана зомбулук элибиздин каада-салтына жана нарк-насилине жарашпайт. Ошондуктан, коммерциялык багыттагы спорттун түрлөрү жана формалары белгилүү бир деңгээлде тартипке келтирүү зарылдыгы бышып жетилгенин көрсөтөт.