Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет116/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   112   113   114   115   116   117   118   119   ...   233
11. Кайсы куш уя салбайт?
а) үпүп
б) күкүк
в) чабалекей
г) карга
12. Кїкїктїн сайраганын … угабыз.
а) жаздын башында 
б) жайдын башында
в) жаздын ортосунда 
г) жаздын аягында
13. Кїкїк сайраганда, элдер … дешет.
а) жай бүттү
б) жаз бүттү
в) жай келди 
г) жаз келди 
14. Кїкїк жумурткасын кайда калтырат?
а) бөтөн уяга
б) өзүнүн уясына
в) үйдүн чатырына
г) чөптүн үстүнө 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
142
15. Күкүктүн баласын … багышат.
а) башка куштар
б) адамдар
в) жаныбарлар
г) тооктор
16. Мурда күкүктөр … . 
а) уя салышчу эмес
б) уя салышчу
в) чатырда жашашчу
г) чөптүн үстүндө жашашчу
17. Чымчыктар күкүктүн жумурткаларын таанып калса … . 
а) аларды жарып салышкан
б) аларды басып чыгарышкан
в) аларды сүрүп чыгарышкан
г) аларды баспай коюшкан
18. Башка канаттуулар күкүктүн баласына … . 
а) жем бербей коюшкан
б) жем берип багышкан
в) уядан чыгарып салышкан
г) өз балапандарына кошкон эмес
19. Эмне себептен күкүктөр жумурткаларын таштап калган?
а) балапандарын бага 
албагандыктан
б) жумурткаларын чыгара 
албагандыктан
в) уя салгысы келбей
г) уяда жашай албагандыктан
20. Күкүк жаратылышка пайдалуубу?
а) эч пайдасы жок
б) анча деле эмес
в) пайдалуу эмес
г) пайдалуу
ТЕМА БОЮНЧА СЄЗДЇК
абышка-кемпир – старик и старуха 
агын – текущий 
айбан – зверь 
айкын – очевидный
айык – вылечиться 
алап – берег 
алгыр – хваткий 
алмурут – груша 
аңчылык – охота 
аркар – архар, горный баран
арча – можжевельник 
арыкта – похудеть 
аттиң – досада 
аюу – медведь 
байкоосуз – неожиданно, вдруг
байырла – обосноваться 
бак-дарак – деревья 
балтыр – икры 


8-ТЕМА
143
бешик – колыбель 
бөдөнө – перепёлка 
бугу – олень 
булак – ключ, родник, источник 
буулан – выпариться 
бүркүт – беркут 
бүркүтчү – охотник с беркутом
бытпылдык – крик перепела (звукоподражание) 
дан эгин – зерновые 
дарыгер – врач 
дээрлик – почти 
жайлоо – пастбище 
жаныбар – животное 
жаңгак – орех 
жапыз – низкий 
жем – корм 
жоон – толстый 
жүн – шерсть 
жыгач – дерево 
жылан – змея 
жылжып – двигаться с трудом, кое-как 
жылма – гладкий 
зоо – скала 
изде – искать 
ийри – кривой, косой 
илбирс – барс 
ичке – тонкий 
кайың – берёза 
канаттуу – птица 
капчыгай – ущелье 
карагай – карагач 
касиеттүү – священный 
кез – бродить, странствовать 
кездешүүчү – встречающийся 
кокту – лог, горная ложбина 
корк – бояться 
коркунуч – страх, боязнь, опасение
көңүл бурдур – обратить внимание кого-либо
көрүнүш – вид 
куйрук – хвост
кулан – кулан, дикий осёл, онагр
кун – цена 
курт-кумурска – насекомое
кут – счастье 
кутман – счастливый 
кыдыр – обходить 
кызыл карагай – сосна 
кыска – короткий 
мажүрүм тал – ива 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
144
макала – статья 
марал – марал, олень
мекенде – жить 
мүрөк – источник живой воды
мээрим – ласка 
орок – серп 
отто – пастись 
отун – дрова 
өңү-түсү – цвет
өсүмдүк – растение 
саксай – лохматиться 
сакта – беречь 
сапар – путешествие, поездка
саргай – желтеть
сейрек – редкий 
суу сактагыч – водохранилище 
суур – сурок 
сүлкүлдө – подрагивать, мерно колебаться 
такырай – лишиться растительности, опустошиться 
талкуула – обсуждать 
тамыр – корень, кровеносный сосуд 
тартыл – уменьшиться 
тартыштык – нехватка 
терек – тополь 
тескей – западная сторона 
томого – соколиный наглазник, колпачок 
томоголо – надеть наглазник на сокола 
төшөк – постель
тумшук – клюв, морда 
туткун – плен 
туяк – копыто 
түтөт – разжигать 
узактык – долгота, длина 
уул – сын
уя – гнездо
үлпүлдөк – что-либо очень мягкое, пушистое
үпүп – удод 
чоңой – вырасти 
чоңойт – вырастить 
чыйырчык – скворец 
шак – ветвь, ветка 
шаңшы – клекотать (о беркуте) 
шаркыратма – водопад
шат, шаттуу – радостный, весёлый
шек – подозрение 
шыйрак – голень, большая берцовая кость
ылгабас – неприхотливый
эл аралык – международный 
эмен – дуб 


145
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 
ИЛИМИЙ ЖАНА 
МАДАНИЙ БЕЛГИЛҮҮ 
ИНСАНДАР 
1. Белгилүү тилчи, окумуштуу
2. Заманбап бийчи
3. Улуу балерина 
КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР:
Эмнени їйрєнєбїз?
ƒ
ƒ
окуялар жана адамдар жөнүндө суроо берүүнү;
ƒ
ƒ
белгилүү инсандардын өмүрү, чыгармачылыгы 
тууралуу кеп курганды; 
ƒ
ƒ
алар тууралуу фактыларды сурамжылаганды; 
ƒ
ƒ
маселеге өз позициясын билдиргенди;
ƒ
ƒ
далилдөөчү эссе жазганды.
Эмнени иштей алабыз? 
ƒ
ƒ
факты, окуя, предмет, бирөө жөнүндө суроо 
бере алабыз жана билдире алабыз;
ƒ
ƒ
фактыга, окуяга, бирөөгө, предметке, кылык-
жорукка баа бере алабыз;
ƒ
ƒ
образды сүрөттөөдө көркөм сөз каражаттарын 
колдонобуз;
ƒ
ƒ
көргөн, уккан материалдардан алган 
таасирлерибизди айтып беребиз.
-ТЕМА
9


146
1
БЕЛГИЛҮҮ ТИЛЧИ,
ОКУМУШТУУ
1-ТАПШЫРМА.
Кыргызстандагы чыгаан, көрүнүктүү 
инсандардан кимдерди билесиңер?
Инсандардын аты-жөнүн дептериңерге
жазгыла. Жупта ой бөлүшкүлө
http://bugupress.kg/article/410/ бул шилтеме менен кирип, белгилүү ин-
сандар жөнүндө видеоролик көргүлө. 
ƒ
„
Ойлонобуз, ой жүгүртөбүз
а) Белгилүү инсандар жөнүндө видеороликти 1-жолу көргүлө. Андагы 
маалыматтар менен таанышкыла. Бейтааныш сөздөрдү дептериңерге 
жазгыла.
б) Видеоматериалды 2-жолу көргүлө, маалыматтарды эстеп калууга ара-
кеттенгиле, маалыматтарды кыскача өз сөзүңөр менен айтып бергиле.
в) Бул инсандар жөнүндө маалыматтардын окшош жактарын тапкыла.
2-ТАПШЫРМА.
Белгилүү окумуштуу К. К. Юдахин жөнүндө 
маалымат менен таанышкыла. Анын өмүр баянын 
кыскача айтып бергиле. Жылдарды билдирүүдө 
грамматикалык эрежеге таянып сүйлөгүлө 
Мезгилди кантип билдиребиз (чыгыш жана барыш жөндөмөлөрү)?
Чыгыш жөндөмөгө -дан мүчөсү уланат, барыш жөндөмөсүнө -га мүчөсү 
+ чейин жандооч уланат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   112   113   114   115   116   117   118   119   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет