Бишкек 2019 кыргыз тили


а) дарыгердин жообуна б)



Pdf көрінісі
бет115/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   111   112   113   114   115   116   117   118   ...   233
а) дарыгердин жообуна
б) малынын аздыгына
в) жайлоонун тардыгына
г) алтынын аздыгына
7. Ошондо сары гїлдї кайдан таап келишет?
а) ай-асмандан
б) кумдуу чөлдөн
в) ээн талаадан
г) аска-зоодон
8. Кызды өлүмдөн … сактап калат. 
а) жигит
б) жолоочу
в) манап
г) дарыгер


8-ТЕМА
141
9. Кыз канча күн дегенде өзүнө келет?
а) жыйырма күн
б) үч күн
в) отуз күн
г) кырк күн
10. Кичинекей сары гїл качан «байчечекей» деп аталып калыптыр?
а) кыз үзүп алгандан кийин
б) кызга жагып калгандан кийин
в) кызды сактагандан кийин
г) бай кызына бергенден кийин
Кїкїк уя салабы?
Уя салып, убара болбогон куштардын бири – күкүк. Анын сайраганын 
уктуңар беле? Май айынын аяк ченинде «кү-күк, кү-күк» деген үндү уга-
сыңар. Бул – күкүктүн эркеги. Ургаачысы «кли-кли» деп сайрайт. Күкүк 
сайраса, жай келди деп коюшат. Күкүктөр биз жакка майдын аягында, 
канаттуулар уя салып бүткөндө келишет. Себеби күкүктөр уя салышпайт. 
Жумурткасын башка канаттуулардын уясына тууп коюп кете беришет.
Күкүктөр учуп келе жатканда канаттуулар чырылдап уясын коргойт. 
Чуру-чуу түшкөн канаттуулардан чочулап, кайра учуп кетишет да, бир 
жерге жашынып аңдып отурушат. Уя ээлери жем издеп учуп кетери 
менен күкүк уяга бирден жумуртка тууп кетет.
Канаттуулар күкүктүн жумурткасын таанып калса, аны уядан сүрүп 
чыгарышат, же уясын таштап кетишет. Бирок көп учурда күкүктүн жу-
мурткасын басып чыгарышат.
Күкүктүн балапаны жумурткадан чыгары менен уядагы балапандарды 
жана жумурткаларды жерге түртүп түшүрөт. Ошентип, уяда өзү гана калат. 
Ал тез эле чоңоюп, уядан учуп чыгат.
Аны чоңойткон канаттуулар балапандын артынан ээрчип жүрүп, жем 
ташып беришет. Күкүктүн балапанын алар өгөй санашпайт. Ошентип 
күкүктөр өз баласын бирөөгө бактырат.
Уламышта айтылгандай, илгери-илгери күкүктөр да башка канаттуу-
ларга окшоп уя салышчу экен. Кийин жалкоолуктун айынан жумурткасын 
ар кайсы уяга тууп таштай турган болуптур.
Бак-дарактардын душманы болгон түктүү курттарды жеп, күкүк таби-
ятка пайда келтирет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   111   112   113   114   115   116   117   118   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет