9-ТЕМА
147
y
1910-жылы Манкен менен Кара-Булакта мугалим болуп иштейт.
y
1920-жылдан 1925-жылга чейин Константин Кузьмич Түркстан чыгыш
институтунда (Ташкентте) окуп, аны бүтөрү
менен Ленинградга жибе-
рилип, уйгур тили боюнча чоң адис С. Е. Маловдун жетекчилигинде
билимин өркүндөтөт.
y
1929–1934-жж. СССР Илимдер академиясынын чыгыш таануу инсти-
тутунун Орто Азия бөлүмүн башкарган. Анын бул кызматка дайын-
далышына уйгур, казак, кыргыз,
өзбек тилдерин мыктылап, эркин
сүйлөй алгандыгы себеп болгон.
y
Андан соң үй-бүлөсүн багыш үчүн Синьцзянга барып, бир катар
фирмаларда кызмат кылат. Мына ушул
жерден уйгур тилин теория
жана практика жүзүндө мыкты билип келген.
Окумуштуулук наамы:
Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын
академиги, Өзбек ССРинин Илимдер акаде-
миясынын мүчө-корреспонденти.
Эмгектери:
y
«Кыргызча-орусча сөздүк», (1940, 1965), «Орусча-кыргызча сөздүк»
(1944, 1957).
y
«Уйгурча-орусча сөздүктү» редакциялаган.
y
Токтогулдун томдорун жана «Манастын» төрт китебине түшүнүк жана
эскертме түзгөн.
y
«Кыргыз адабий тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» эки томдугуна жана
кыргыз атласына илимий кенешчи болгон.
y
1955-жылдан өмүрүнүн акырына чейин
Кыргыз мамлекеттик уни-
верситетинде иштеген. КМУнун филология факультетине профессор
К. К. Юдахин белек катары берген китептеринен атайын китепкана
ачылган. Китепкана өзүнүн ысымы менен аталган.
Константин Кузьмич Юдахин – түрк тилдерин,
өзгөчө кыргыз тилин
эң мыкты билип, лексикасын, тарыхын жана башка маселелерин терең
изилдеген чоң окумуштуу. Ал ар бир сөздү,
кыргыз элинин тил байлы-
гын талыкпай чогултуп, элдин турмуш салтын, үрп-адатын терең үйрөн-
гөн, анын маданий жана материалдык турмушун изилдеген. Өмүр бою
кыргыз сөздөрүн кылдаттык менен орусчага которуп, баа жеткис залкар
эмгек жараткан. Илимий жана педагогикалык жолунда анын «Кыргызча-
орусча сөздүк», (1940, 1965), «Орусча-кыргызча сөздүк» (1944, 1957) аттуу