Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет133/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   129   130   131   132   133   134   135   136   ...   233
21. Бул эмне?
а) жомок
б) уламыш
в) макал
г) эпос 
22. Илгери … хан жашаган экен.
а) каардуу
б) ач көз
в) боорукер
г) акылдуу
23. Хан качан уулдуу болот?
а) карыганда
б) орто жашта
в) жаш кезинде
г) өлөөрүндө
24. Хандын уулу … кетет.
а) жер кыдырганга 
б) балык уулоого
в) куш салууга
г) мергенчилик кылганга
25. Аңчылыкта жүргөндө уулу эмне болот?
а) баатыр болот
б) эр болот
в) көз жумат
г) жарадар болот
26. Эмне себептен ханга уулунун өлгөнүн угуза алышкан жок?
а) колун кесип салат деп 
б) тилин кесип салат деп
в) түрмөгө камайт деп
г) өлтүрүп коёт деп


КЫРГЫЗ ТИЛИ
164
27. Уулунун жөкөрлөрү … барышат.
а) ырчыга
б) акынга
в) устага
г) куруучуга
28. Ханга жаман кабарды … угузат.
а) музыкалык аспап
б) уулунун жөкөрлөрү
в) хандын вазирлери
г) чебер устат
29. Хан ал комуздун үнүнөн … туят.
а) уулу кыз алып келе жаткандыгын
б) жалгызынан ажыраганын
в) жалгызы келип калганын
г) уулу качып кеткендигин
30. Эмне себептен комуз ыйлап жатты?
а) уулу качып кеткендиги үчүн
б) уулунун курман болгону үчүн
в) уулу аңчылыкта жүргөндүгү үчүн
г) уулу үйгө келгиси келбегени үчүн
«Тайчы» күүсүнүн жаралышы
«Тайчы» – кыргыздардын байыркы комуз күүсү. 
Илгери жоокерчилик заманда кыргыздын Мактым сулуу аттуу кызы 
болот. Ал ай десе, аркы, күн десе, көркү жетпес сулуу экен. Чачы кырк 
кулач болуптур. Терекке асып коюп тарап, жууйт экен. Бир күнү кыз 
чачын жууп жатканда, бир тал чачы чоң дайрага агып кетиптир да, 
дайранын этегинде суу бойлоп жүргөн Чынарстан тайчы, Бегарстан та-
йчы деген баатырлардын атынын мойнуна оролуп калат. Алар чачтын 
узундугуна таң калып, кимдин чачы экенин сурамжылап жүрүп, соңунда 
Мактым сулуунун чачы экенин билишет. 
Элди чаап, Мактым сулууну алып кетишет. Мактым сулууну Бегарстан 
тайчы алат. Бирок Мактым сулуу кантип качып кетүүнү ойлойт. Күндүз 
жоокерлер кайтарат, түндөсү тайчы Мактымдын чачын колуна ороп 
жатчу. Мактым сулуу кача албай жүрүп, Апал, Үпөл аттуу эгиз кыз 
төрөптүр. Бирок дагы эле качуу оюнан чыкпайт. Бир күнү тайчы арак 
ичип, мас болуп калганда, Мактым аттын куйругунан чач жасап, анын 
колуна ороп коюп, өзү күлүк ат минип, улуу суудан өтө качат. Тайчы 
эсине келип эртеси караса, Мактым сулуу улуу дарыянын өйүзүндө ту-
руптур. Тайчы өтүп бара албай, өйүздү карап боздойт. Ошондо Мактым 
сулуу комуз менен көргөн кордугун ырдап, Тайчыны ээликтирип: «Улуу 
суудан өтсөң, мен качпайм», – деп алдайт. Тайчы жоокерлерин, малын 
улуу сууга айдатып кирип, агып өлөт. 
Кыргыздар Мактым сулуунун жоодон куткарган күүсүн түбөлүк унут-
пай, «Тайчыдан тайчы, Арстан тайчы» деп чертип калган экен. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   129   130   131   132   133   134   135   136   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет