Бишкек 2019 кыргыз тили


Адамдар 70 жашка чейин пенсияга чыгышпайт. 5



Pdf көрінісі
бет16/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   233
4.
Адамдар 70 жашка чейин пенсияга чыгышпайт.
5.
«Супер-мугалимдер» сабак берүү үчүн көп жактарга барышат.
6.
Көп адамдар өмүр бою бир эле жерде иштешет.
7.
Элдин баары көп иштешет. 
4-ТАПШЫРМА. 
«Келечектеги үй-бүлө» деген тема боюнча эссе 
жазгыла
План:
1. Келечектеги үй-бүлө кандай болот?
2. Үй-бүлөдө канча бала болот?
3. Ата-энеси эмне жумуш кылат?
4. Балдар үй-бүлөдө кандай жумуш кылат?
5. Сага ушундай үй-бүлө жагабы? Эмне үчүн?
5-ТАПШЫРМА. 
Тестирлөө бөлүгүнүн окшоштуктар боюнча 
тапшырмаларына кантип даярдануу керек? 
Бул үчүн силер өзүңөр окшоштуктарды түзүүнү үйрөнүүгө аракетте-
нишиңер керек.
Биринчи кадам. Досторуңар менен мындай оюн ойноп көргүлө: 
кайсы бир белгиси боюнча окшош сөздөрдүн жубун издегиле. 
Мисалы, эмне эмнеге окшош:
үй: балкон 
үй: терезе
көйнөк: жең 
жүз: көз
үй: балкон деген жубуна көйнөк: жең деген жуп окшош. Ал эми үй: 
терезе деген жубуна жүз: көз деген жуп окшош. 


1-ТЕМА
17
ƒ
„
Тестирлөө бөлүгүнүн сүйлөмдөрдү толуктоо тапшырмаларын кантип 
аткаруу керек?
Бардык ойлорду кунт коюп окуп чыгып, алардын ар кайсы бөлүктөрү 
бири-бири менен кандай катыша тургандыгын аныктап көргүлө. 
Айтылган ойдогу ар бир сөзгө, айрыкча, байламталарга, жандоочторго, 
киринди сөздөргө ж. у. с. өзгөчө көңүл бургула (карабай, ошентип, анткени, 
болсо да, анткен менен, тескерисинче ж. у. с.). Мындай сөздөрдүн колдонулу-
шу ойдун жалпы маанисине таасир этет. Алар ойдун бөлүктөрү кандайча 
бири-бири менен катыша тургандыгын аныктоодо силерге жардам берет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет