ТИРКЕМЕ 235
115 120 125 130 135 кышылдап, бири күшүлдөп, улам бири
алдына басып, жумгалакташып, кериден
ылдый тоголонду, бирине-бири
ырайымсыз.
Сарыбай бүркүттүн башын кармоого,
мойнунан бурап басууга аракет кылып,
бүркүт башын ала качып карматпай,
көзгө асылып, желке жүнүн түктөйтүп
жаалданып чокуп, Сарыбайдын бүт
денесинен кан жошулуп, бүркүттүн
канаттары карсылдап сынып, куйругу
жулунуп, жүндөрү сапырылды.
Сарыбайдын эки колу бүркүттүн темир
чеңгелин
бошотпой туткактап калган. Тизеге
басуунун аракетинде. Бүркүт көзгө
асылат. Сарыбай башын чулгуп, көзүн ала
качат. Бүркүт мойнун жыландай буралтып
көздү кууйт. Сарыбай курч тумшукка
башын тосо берип көзүн калкалайт. Жан
аргасы! Ал дагы бүркүттүн кез келген
жерин тиштеп, бурдап тиштеп жатты.
Сарыбайдын көзүнөн от чагылды бир
убакта. Сарыбай бек жуумп, бүткүл күчүн
140 145 150 155 160 үрөп, чымырканып кармашты. Ал акыры
бүркүттүн бир чеңгелин тизеге басып,
бир колун бошотууга жетти да, ошол
колу менен бүркүттүн мойнун сыйпалап
таап, бар күчү менен сыга кармады.
Бурады. Бүткүл денеси менен өбөктөп
басты…
Бир убакта өзү канга жошулуп,
бүркүттүн калдайып жатып калган
денесинин үстүнөн өйдө болду Сарыбай.
Ал көзүн ачкысы келди. Көзү ачылбады.
Көзүн сыйпалады. Колуна былжыраган
бирдеме урунду. Ал кан болучу. Сарыбай
да анын кан экенин билди. Капкараңгы.
Көрдөй капкараңгы.
Эмелеки жаркыраган кең дүйнө кана?
Ал эсине эми келди. Баягыдай
коркунчаак, тартынчаак, үмүткө алданма,
кайгыга,
кубанычка бат алдырма пенде
учуруна кайра келди. О, Теңир, көздөн
ажыраттыңбы! Ал сендиректеп, чалыштап,
бүркүттүн карайып жаткан канаттарынын
жанына сулап жыгылды…