КЫРГЫЗ ТИЛИ
236
4-ТАПШЫРМА.
Тестти иштегиле
1. 7-саптагы «Томогосун сыйрыды» деген сөздүн мааниси кандай?
а) Тумшугуна жабышкан тамактын калдыгын алып салды.
б) Бүркүткө кийгизилген баш капты чечти.
в) Бүркүттүн канаттарын, куйруктарын сылады.
2. 25-саптагы «Ана! Алда-кайдан бүркүт шаңшыды. Ана!» – деген
сүйлөмдүн тексттеги мааниси кандай?
а) Сарыбайдын кубанганын, толкунданганын билдирип турат.
б) Сарыбайдын өкүнгөнүн, ичи ачышканын билдирет.
в) Чочуганын, алда нерседен коркуп кеткенин билдирип турат.
3. 36-саптагы «бүркүт аркан бою кирип келди» деген сөздүн маа-
ниси кандай?
а) өрүлгөн жип
б) аралык
в) тез, ылдам
4. 42-саптагы «жалгыз караан» деп кимди айтып жатат.
а) бүркүттү
б) мүнүшкөрдү
в) кийикти
5. 75-саптагы «Көзүн сыйпалады» деген сєз айкашы кандай маа-
ниде колдонулду?
а) Уйку-соонун арасында көзүн ушалады.
б) Бир нерсеге көзү жетпеди.
в) Көзүн кармалап көрдү.
5-ТАПШЫРМА.
Суроолорго жооп жазгыла
1. Бүркүт бир нерсени сезгенсип, тынчы кетип, ачуу шаңшып бытырай
баштаганда мүнүшкөр кандай ойдо болду?
2. Бүркүт колунан суурулуп көккө атып чыккандагы Сарыбайдын абалы.
3. Бүркүттүн карааны көрүнбөй калганда Сарыбай… .
4. Бүркүттүн тик сайылып, өзүн качырып кирип келе жатканын сезгенде
Сарыбай эмне кылды?
Достарыңызбен бөлісу: