Бишкек 2019 кыргыз тили


Спорттун бардык түрү адамдагы шамдагайлыкты, чыдамкайлыкты  өстүрөт. 8



Pdf көрінісі
бет38/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   233
7. Спорттун бардык түрү адамдагы шамдагайлыкты, чыдамкайлыкты 
өстүрөт.
8. Волейбол 1964-жылдан бери олимпиадалык оюндардын катарына 
кирген. 
9. Спорттун бардык түрлөрүндө аялдар да, эркектер да бирдей эле 
мүмкүнчүлүктөргө ээ.
10. Футболду 1872-жылы Уильям Дж. Морган ойлоп тапкан.
Спорт адам баласынын ден соолугун чыңдоо үчүн оорубай, бактылуу 
өмүр сүрүүгө арналган десек жаңылышпайбыз. Спорт – англис тилинен 
которгондо кандайдыр бир эрежелер менен уюштурулган «оюн-зоок, 
көңүл ачуу» дегенди түшүндүрөт. Ал эми учурда спорт ар кандай түр-
лөргө бөлүнүп, аны менен бирге эле дүйнөлүк олимпиада оюндары да 
уюштурулуп келет. 
Футбол. Футбол оюну биздин тилде foot – «бут» жана ball – «топ» деп которулат. 
Аталган оюн командалык курамда ойнолот. Оюндун максаты – каршы 
команданын дарбазасына топ тээп киргизүү жана дүйнөдөгү эң попу-
лярдуу спорт оюну болуп эсептелет. Ал эми оюнчулар эки командага 
бөлүнүп, топту атайын дарбазага тээп киргизүү менен бирин-бири 
жеңип алууга умтулат. Ошондой эле топ тебүү бүткүл дененин, өзгөчө, 
буттун булчуңдарынын өсүшүнө жардам берет. Жүрөк, кан тамыр жана 
дем алуу системасын чыңдайт. Мындан сырткары адамды эрктүүлүккө, 
шамдагайлыкка, чыдамдуулукка тарбиялайт.
Футболду 1872-жылы Уильям Дж. Морган ойлоп тапкан, ошол эле 
жылы футболдук биринчи мелдеш өткөн.
1930-жылдан баштап дүйнө биринчилиги өткөрүлүп келет. Ал мелдеш 
Уругвайда болгон. 
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 1904-жылы негизделген.
Баскетбол. Баскетбол оюну дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна тараган спорт оюнда-
рынын бири десек жаңылышпайбыз. Ал англисчеден бизче которгондо 
«basket – себет, «ball» – топ дегенди түшүндүрөт. Бул оюн дүйнөнүн 
бардык тарабында өзгөчө популярдуулукка ээ болгондуктан, бардыгы 
аны дүйнөлүк спорт катары эсептешет. 
1861-жылы төрөлгөн Канадалык доктор Джеймс Найсмит 1891-жылы 
декабрь айында өзү түзүп чыккан оюнду өткөрөт. Баскетбол оюну көпчүлүк 
элди кызыктырып, кийинчерээк өзгөчө популярдуулукка ээ болот.
1936-жылы олимпиада оюндарынын катарына кабыл алынып, Бер-
линде ойнолгон. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет